Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин саясий ишмердигинен башка сүрөтчүлүк, обончулук өнөрү да бар.

Бала кездеги cүрөтчүлүк кыял ишке ашканда

«Ашар», Кыргызстан демократиялык кыймылы аттуу коомдук-саясий кыймылдардын негиздөөчүлөрүнүн бири, КДК партиясынын түзүүчүсү жана Жогорку Кеңеште Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы чакырылышынын депутаты Жыпар Жекшеевдин сүрөтчүлүк, обончулук өнөрү коомчулукка белгисиз болсо керек.

Жыпар Жекшеев Бишкектеги Семен Чуйков атындагы окуу жайын 1971-жылы бүтүп, сүрөтчүлүк кесипти аркалап бир топ живопись, пейзаж, натюрмортторду тартып, чыгармалары сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлган. Анын бала кезинен сүрөтчү болууга ышкысы түшкөнүнө касиеттүү Ысык-Көлдүн таасири тийгени сезилет.

Түп районундагы Светлый Мысь айылындагы №1 кесиптик-техникалык окуу жайда окуп жүргөндө сүрөт тартуунун ыкмаларын үйрөнгөнү тууралуу буларды эскерди:

- Мен Ысык-Көлдүн жээгинде көркөмдүүлүккө суктанып сүрөт тарта баштадым. Ошол жерде окуп жүргөндө Вовль деген орус аксакал киши бар эле. Ал акварель менен сүрөт тартып көлдүн жээгин, жаратылышты укмуш тартчу. Мен андан сүрөт тартуунун ыкмаларын үйрөнүп, сабактан чыгарым менен тамак ичкенди унутуп ошол аксакалды ээрчип сүрөт тартчум. Анан ошол кезде эле көргөзмөлөргө сүрөттөрүм коюлуп, ошол кезде “Жаш ленинчил” балдардын журналына сүрөттөрүм басылып чыга баштады. Ошентип сүрөтчү болуу максатымды окуу менен айкалыштырдым.

Жыпар Жекшеев онунчу классты аяктаганда кесиптик-техникалык окуу жайы жоюлуп кетип, ал Бишкектеги С.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайына өтөт. Мурманск облусунда деңиз флотунда аскердик кызматын өтөп келип, 1979-жылга чейин сүрөтчү, кийин Каракол шаарында Ысык-Көл облусундагы сүрөтчүлөр корунун жетекчиси болуп иштейт. 1980-89-жылдары “Кыял” өндүрүштүк бирикмесинде мугалим болуп эмгектенет. Ал жаратылыштын кооздугуна, Ысык-Көлдүн сулуулугуна арнап бир нече полотнолорду жазат.

“Сырдашым шаарым, жылдыздарым”

Жыпар Жекшеев саясатчы, коомдук ишмер катары таанылганы менен коомчулук анын ыр жазып, обонун өзү чыгарарын билбесе керек. Өзү чыгарган “Сырдашым шаарым, жылдыздарым” аттуу обондуу ырын үн созуп, кубулжута да аткарат.

-Ал күндү эстеймин, ал күндү эңсеймин,
Алыскы шаарым.
Сен менен жылдыздан башкага айталбайм,
Жалгызмын дайым.
Эмне үчүн унутту, айта алгыс ал түндү,
Сен жана асманда жылдыздар укту эле,
Айтылган антты.
Эмне үчүн алдады, чындыгын айтпады,
Түшүнчү баарын.
Эмне үчүн антташпай, кетип да калбады,
Айтчы сен дагын.

Жыпар Жекшеев чыгарган обондорун нотага түшүрүп, ырчыларга ырдатпайт. Фортепиано же аккордеон менен обон чыгарбайт. "Кээ бир кезде жан дүйнөң кыйналып турганда же сүйүнгөндө илхамың келип, ыр уйкаштыктары чубуруп түшүп, обондун кайрыктары кулагыма келе калат", - дейт.

Ал сезиминде биринчи ыр саптарын жазып, анан ичинен аваздын кайрыктарын кайталап жүрүп, обондуу ырды жаратарын белгиледи.

-Тилекке каршы бир да музыкалык аспапты өзүмдү зордоп үйрөнгөн жокмун. Комузда бирин-экин обондорду черткеним менен баш отум менен бир аспапты кол ойнотуп черткеним жок. Бирок менде музыкалык жөндөм болгондон кийин бир музыкалык аспапты үйрөнүп алсам деле болмок. Бирок ага көп кызыкпадым. Кээде күтүүсүздөн ыр саптары келе калат. Анан ошого ылайыкташытырып обон чыгарам. Обонду ичимден кыңылдап, бир обондун кайрыктары келе калганда унутуп калбайын деп кайра-кайра кайталап жатып, мээме кыт куйгандай уютуп коем. Мен обондорумду жоро-жолдоштордун арасында, жакындарым менен тойлордо отурганда ырдап коем. Атайын бирөөлөргө ырдатайын деген деле оюм жок.

Жыпар Жекшеевдин обон чыгарганына апасынын бешик ырлары менен анда-санда той-топурда ырдаган элдик ырлары өтө таасир берген экен. Анын айтымында, бир туугандарынын баары уйкаштырып ыр жазат. Бирок обон чыгара алышпайт.

Ал кыргыз обончуларынын ырларын да кези келген жерлерде созолонто аткарып жиберет. "Жаның кейип бир нерсеге капа болуп турганда, турмуштун катаал соккулары тийгенде, кара өзгөй адамдардын ыпылас иштерине иренжигенде же бир чарчаганда тоо-ташка чыгып, үнүмдүн жетишинче ырдап алсам, бугум чыгып, жашоого каниет алып, эс алып калам",- дейт Жекшеев.

Искусстводон саясатка

Жыпар Жекшеев - Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын теңтөрагасы, 90-жылдар
1988-жылдары СССР державасы кулай турган болуп, жер-жерлерде коммунисттик режимди кулатуу күч ала баштаганда Кыргызстандагы жаштар дагы Бишкектин тегерегинен турак-жай салууга жер алууну бийликтен талап кыла баштайт. Барып отуруп ошол жаштардын кыймылы Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн саясий акцияларды уюштура башташат. Ошол 1989-жылы Жыпар Жекшеев «Ашар» коомдук кыймылынын төрагасы, Кыргызстан демократиялык кыймылы коомдук-саясий биримдигинин тең төрагасы болуп саясатка аралашат. 1993-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидери. Ал мындан жети жыл мурда «Атуулдук биримдикке чакырам» аттуу китеп жазып, Кыргызстан эгемендүүлүүккө жетишкен 1990-жылдан берки демократиялык түзүлүшкө бет алган акыркы 13 жыл ичиндеги өнүгүүнүн оош-кыйыштарын талдаган.

Ал саясатка аралашып жүрсө да кез-кезде обондуу ырларын жаратып келет. Анын кийинки мезгилде чыгарган «Эне», «Бир туугандарга ынтымак» деген ырларын ага-туугандары менен чогулганда ырдай коюп жүрөт. Бирок Жыпар Жекшеев өзү чыгарган обондорду атактуу ырчылар аткарып чыгуусун көп жактыра бербейт.

63 жаштагы Жыпар Жекшеев Түп районундагы Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 2007-жылы ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандагы улуттук комиссиянын баш катчысы, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин койгон.

Жубайы менен эки кыз, төрт уулду чоңойтуп, учурда неберелерине таалим-тарбиясын берип келет.
XS
SM
MD
LG