Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Кыргыз маданияты, адабияты чоң жоготууга учурады. Кыргыз эл акыны Жалил Садыков 78 жаш курагында дүйнө салды.


“ Тарых эбак таптаган, далилдеген,
Талант пири Садыков Жалил деген.
Жүз жашка да жетиңиз кадыр менен,
Жүз жашты да тосуңуз жаңы ыр менен”,-
деп акын Акбар Рыскулов мындан үч жыл мурда Кыргыз Республикасынын гимнинин сөзүнүн авторлорунун бири, белгилүү драматург Жалил Садыковдун 75 жылдык мааракесинде каалоо ырын окуган эле. Тилекке каршы жүз жашка эмес, 78 жашка чыгаарына эки күн калганда шум ажал Жалил Садыковду алып тынды.

Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетинен билим алганга чейин туулуп өскөн айылында чарбада, Ак-Түз кенинде иштеп турмуштук тажрыйба топтойт.

Окууну ийгиликтүү бүткөндөн кийин “Кыргызстан пионери” гезитинде бөлүм башчы болуп чыгармачылык чыйырын баштайт. Студент кезинде анын “Убада” деген алгачкы ыр жыйнагы жарык көрөт. Кийинчерек “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан маданияты” гезиттеринде башкы редакторлук кызматта иштеген.

1981-1985-жылдары Кыргызстандын Жазуучулар союзунун Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча адабий кеңешчиси
болуп турганда кыргыздын ондогон жазмакер таланттуу жаштарын тарбиялап чыгарган.

Жалил Садыков Ата Мекен, эне, жаратылыштын кооздугу, арзуу темасындагы поэтикалык жыйырмадан ашуун ыр китебин чыгарган. Ал “Жайкы таңда”, “Сары өзөн”, “Сырдашуу”, “Жоогазын”, “Топ жылдыздар” сыяктуу ондогон поэтикалык жыйнактары аркылуу чыныгы сөз чебери, залкар акын катары окурмандардын урмат-сыйына арзыды.

Анын элдик ырга айланып кеткен “Сүрөтүңө”, “Жайлоодо” сыяктуу ондогон ырларына обон чгарылып, эл арасында азыркыга чейин ырдалып жүрөт.

Жалил Садыков улуу классик акындар Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Тарас Шевченконун, Омар Хаямдын, Расул Гамзатовдун, Кайсын Кулиевдин, Ясыр Шивазанын жана башка көптөгөн акындардын ырларын кыргыз тилине которгон. Анын чыгармалары дүйнөнүн ондогон тилдерине которулган, бир катар драмалары көптөгөн чет өлкөлүк театрлардын сахналарында коюлган.

Аны калемдештери кыргыздын Шекспири деп бекеринен атабаса керек. Ал биринчилерден болуп “Манас” эпосунун негизинде “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” эпикалык драмасын, “Айкөл Манас” үчилтигин жазып, улуттук кыргыз драма театрынын сахнасында зор ийгилик менен коюлган.

Ал эми “Табылды Жукеев-Пудовкин”, “Боз торгой”, “Эр төштүк”, "Ак Мөөр", "Шабдан баатыр", "Адам жана Азезил", "Мен арызданам" жана башка пьесалары республиканын театрларында сахналаштырылган.

Театр өнөрүн изилдөөчүлөрдүн баамында, Кыргызстанга идеологияны сырттан издөөнүн кажети жок. Кыргыздын нукура идеологиясы Жалил Садыков жазган эпикалык драмаларда, анын көөнөрбөс чыгармаларында.

Жалил Салыков акыркы күндөрү сыркоолоп жүрсө дагы чыгармачылыктан кол үзгөн жок. Бүткүл өмүрүн, жан дилин кыргыз эли үчүн берип, кыргыз деп жашады дейт анын студент кезден берки курдашы, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев:

- Жалил Садыков кыргыз маданиятындагы, адабиятындагы атактуу инсан болчу. Ал акын катары коомчулукка абдан таанылган. Андан кийин драматург катары бир нече классикалык чыгармаларды жаратты. Өңгөсүн айтпаганда да “Манас” эпосу боюнча үчилтиги кыргыз драматургиясынын классикасы. Жакем өмүрүнүн акырына чейин колунан калемин, ак кагазын түшүргөн жок. Катуу ооруп жатып да “Мен арызданам” деген трагикомедия жазып, азыркы доордогу, азыркы биздин замандагы көйгөйлүү маселелерди күлкүлүү, кейиштүү сырлар менен боектор менен көркөмдөп көрсөттү. Ал пьесаны Нарын музыкалык драма театры жакында даярдап, көрүүчүлөргө зор ийгилик менен тартуулады. Эми Жакем тууралуу айта берсе кеп түгөнбөйт. Асыл адам эле. Айкөл эле. Тагдырга айла жок. Мына минтип сырдашымдан, курдашымдан айрылып, кабыргам кайышып турат.

Жалил Садыковдун кадыр-баркы, чыгармачылыгы коңшу казак элинин арасында да жогору болчу.

Атактуу акын, драматургдун калемдештери мурдагы парламенттин “Ак жол” фракциясынын депуттары Кыргыз Республикасынын гимнин которобуз деп демилге көтөрүп чыгышканда Жалил Садыков өтө капаланып, анын кесепетинен саламаттыгы кескин начарлаганын айтып келишет.

Мындан үч жыл мурда Жалил Садыков 75 жылдык мааракесин улуттук филармонияда белгилеп жатып, гимндеги “дилин берип” деген сөздү депутаттар бурмалап, “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, коомчулукка туура эмес пикир жаратып жатканын айтып өкүнгөн болчу.

-Өткөн жашоомо көз кырымды салып көрсөм, куру кол эмес экен. Тартып бараткан жүгүм элге жетсе экен. Мекениме кереги тийсе экен, Ата Мекениме берсем экен деген тилек. Мына ошол жүктүн арасында Кыргыз мамлекетинин гимни жүрөт. Бирок эмнегедир кийинки жылдарда ошол гимнге ачуу сөзүн айтып, тикелей чабуул койгондор көбөйүп бараткан сыяктанат да,-деген эле Жалил Садыков.

Адабиятчылар аны адамгерчилиги жогору, калыстыктан тайбаган, даанышман инсан катары өзүнүн опол тоодой орду бар эле деп баа беришсе, көркөм өнөр ээлери Жалил Садыковду карапайым, улуу-кичүүгө сылык мамиле кылган жөнөкөй адам боюнча калганын белгилешти.

Анын студент кезден берки курбалдашы, калемдеши Мар Байжиев курдашынын көзү өткөнүнө кабыргасы кайышып, көз жашын тыя албай турганын жашыра албады.

- Жакем тууралуу жаман кабарды угуп алып, жашым токтобой, көзүмдүн жашы он талаа болуп турат. Экөөбүз студент кезден бери, жигит курагыбыздан бери сырдаш, муңдаш, кызматташ өстүк. Жакемди жазуучу катары, адам катары абдан жогору баалоочу элем. Бу кишинин токтоолугу, залкарлыгы мени дайыма суктандырчу. Зор талант эле. Адамгерчиликтүү, айкөл жигит эле. Ал баягы легендарлуу Жогорку Кеңешке депутат болгондо мен айтчу элем "сен депутаттардын Бакайысың" ,- деп. Анда ал бажактап күлүп калчу. Ажалга айла жок турбайбы. Заманам куурулуп турат. Кыргыздын адабият, маданияты, кыргыз эли оор жоготууга учурады.

Ж.Садыков Кыргыз Республикасынын Гимнинин текстинин да авторлорунун бири. Кезинде Жогорку Кеңеештин депутаты болуп шайланып, бир катар улуттук маселелердин чечилишине жардам берген. Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы болуп да бир нече жыл иштеген.

Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковду акыркы сапарга узатуу тажыясы 23-октябрда А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында саат ондо өткөрүлөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG