Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 08:36

Кыргызстанда төрөй албай жүргөн аялдардын жасалма уруктандыруу жолу менен эне болуусуна негиз берген мыйзам ишке киргендигине бир нече жыл болду.

Андан бери бул ыкма кандай натыйжа берди? Кыргызстанда жасалма уруктандырууга шарт түзгөн жабдуулар менен дары-дармектер барбы? Жасалма уруктандырууга кыргыз коому даярбы же каршылык күчтүүбү?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунда сереп салынган кезектеги маселе мына ушул болду. Талкууга Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун экскорпорациалдык уруктандыруу бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Өтөгөнова, ушул борбордун репродуктолог дарыгери Абдурашид Юнусов жана “Мутакалим” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы катышты.

“Азаттык”: Жылдыз айым, Кыргызстанда жасалма уруктандыруу ыкмасы менен эне болууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынгандыгына эки жыл болуп калды. Бул аралыкта мыйзам кандай ишке ашып жатат? Бул ыкма менен ушул мезгилге чейин канча эне балалуу болду?

Жылдыз Өтөгөнова: “Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндө" мыйзам 2015-жылы кабыл алынып, анын негизинде Жобонун долбоору иштелип чыккан. Ал азыр Саламаттык сактоо министрлигинин талкуусунда.

Биздин борбордо уруктандыруу лабораториясы 2016-жылы ачылды. Азыркы учурга чейин Казакстандын адистери менен бирге 25 программа жасалды. Бул программага 25 аял киргизилди дегенди билдирет, бирок алардын ичинен уруктандырууга жумуртка клеткасы жарамдуулары гана алынат. Жумуртка клеткасы уруктандырууга жарамдууларынын ичинен үч аялдын боюна бүттү. Анын биринин баласы ичинде чарчап калды. Калган экөөнүн боюнда бар. Биз качан аял төрөгөндөн кийин гана натыйжа болду деп эсептейбиз.

“Азаттык”: Абдурашид мырза, жасалма уруктандыруу боюнча Кыргызстанда канча клиника иштейт? Анан бул ыкманы колдонуп балалуу келгиси келген жубайлар жана аял кандай даярдыкты көрүшү керек? Кыскача айтканда кандай талаптар бар?

Абдурашид Юнусов: Кыргызстанда азыр үч клиника иштеп жатат. Бирөө беш жылдан бери, экинчиси үч жылдан бери иштейт. Бүгүнкү күндө ЭКО жасатканга чейин бир нече баскычтан турган даярдыктан өткөрөбүз. Аялдын жана анын күйөөсүнүн организмин толук текшерген бардык анализдер тапшырылып, аларды адистер катуу текшерип, уруктандырууга аялдын организми жарайт деген бүтүм чыгаргандан кийин гана биз ишке киришебиз.

“Азаттык”: Жамал айым, дүйнөдөгү бардык дин адамды Кудай жараткан жана адамдын анын буйругуна каршы болуусу жарабайт деп, мына ушундай жасалма уруктандырууга, аборт жасатууга каршы болуп келишет эмеспи. Ислам динин тутунган жарандар бул ыкманы кандай кабыл алып жатышат? Бул Кудайдын буйругуна каршылык көрсөтүү деп саналган жери жокпу?

Эки энеден туулган бала

2016-жылы 6-апрелде эки эне, бир аталуу наристе Мексикада дүйнөгө келди. Иорданиялык Абдрахим Хасан донор аялдын генетикалык кодун пайдаланып төрөлгөн дүйнөдөгү биринчи бала.

Жамал Фронтбек кызы: Жок, мен андай деп эсептебейм. 2001-жылдан бери мен ушул маселе боюнча иштеп келе жатам, себеби бул аялдар арасындагы абдан маанилүү маселе.

Египеттин Алиаскар университетинде үй-бүлө маселеси деген факультет бар. Мен ошол факультетте 2007-жылы үч ай окуп келгем. Ушул университетте үй-бүлө куруу жана ага зарыл талаптар боюнча 2001-жылы “Али-ан-Таби” жана “Ислам дининдеги үй-бүлө маселеси” деген китептер жазылган.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү Абу-хани фа масхабындагы үй-бүлө куруу, анын ичинде балалуу болуу жана бойдон алдыруу маселеси да каралган. Ал жерде ислам боюнча чоң аалымдар аялдын Кудай берген табигый мүмкүнчүлүгү болбой калганда ЭКО жасаса болот деген чечимге келгендиги айтылат.

Уруктандыруу үчүн маанилүү бир гана талап – ал жасалма уруктандыруу үчүн аял менен күйөөсүнүн никеси болуш керек. Эгер никеси жок болсо башка бирөөнүн уругун салууга болбойт, ал зына болуп эсептелет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG