Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Быйыл таанымал адабиятчы, таланттуу сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимовдун айтуусунда, Салижан Жигитов өзүнүн ар бир эмгегине өтө чоң жооперчилик менен караган мээнеткеч инсан болгон. Мисалы, бир эле ырын кырк жылдай редакциялаган:

- Бу киши “Шуулдаба терегим, теректерим...”- деген ырын кырк жыл оңдогон. Мен буга чейин бир ырын ушунча жылда жазып бүткөн акын тууралуу уккан эмесмин. Агай өзү “Пушкиндин кол жазмасын карагылачы, ал өзүн өзү көп жолу оңдогон”,- деп айтып калар эле. “Кыргыз адабиятынын ХХ кылымдагы тарыхы” деген китебимде анын эң биринчи “Ыймандай сырым менин” деген китебинен баштап акыркы “Жаңырык” деген китебине чейин атайын талдап чыктым. Салижан Жигитов ар бир сөзүн тыкыр карап, анын ичинде тыбыштардын келиши, ички уйкаштык, сырткы уйкаштык, ыргак, айтор, ар бир сүйлөмүн музыкага айланткан экен.

Осмонакун Ибраимов Салижан Жигитов котормочу катары да адабият алдында чоң жоопкерчилик менен иштегенин белгилеп, француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюперинин, түрк акыны Назым Хикметтин, башкыр акыны Мустай Каримдин чыгармаларын кыргыз тилине түп нускага тете мыкты которгонун белгиледи.

Окумуштуу Омор Сооронов Улуттук илимдер академиясында 1969-жылдан баштап бир топ жыл маркум Салижан Жигитов менен чогуу иштеген замандаштарынын бири. Ал өзүнүн илгертен жазып жүргөн күндөлүгүнө Жигитовдун жеке турмушу, тамаша-жоруктары тууралуу да кыстара жүргөнүн айтты:

- Салижан аке менен бирге иштеп калгандан кийин ал кишинин жүргөн-турганы тууралуу 1969-жылы 7-майдан баштап күндөлүк жаза баштагам. Күндөлүктүн биринчи бетинде Кызыл-Аскерде Салижан Жигитов жашаган ижарага барганымды жазыптырмын. “Үйүнө барсам өзү бир жакка чыгып кетиптир. Мени жеңебиз тосуп алды. Ал жакшы киши экен. Бөлмөсүндө жалгыз керебети бар экен. Анысынын бир буту сынып калыптыр. Ал тууралуу жеңебиз “Бул Салижан оюна жакшы бир идея келе калса, же издеп жургөн сөзүн таап алса ордунан тура калып секирип иет. Керебетинин буту да ошондон улам сынса керек деди”, -деп жазган экем. Андан кийин да Салижан Жигитовдун кыял-жоругу, сүйлөгөн сөздөрү тууралуу жазып жүрдүм. Азыр менин колумда ал тууралуу жазылган жүздөн ашык окуя бар.

Омор Сооронов замандашы Салижан Жигитов көзү тирүүсүндө эле көп окугандыгы, мээнеткечтиги, кеңири ой жүгүртө билгендиги менен кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы катарында турганын айтты.

Көбүк улутчулдар жана армандын тамашага айланышы

Осмонакун Ибраимов кезинде Салижан Жигитов өз улутунун кемчиликтерин ачык, чучукка жеткире айтканы үчүн жарма патриоттор тарабынан ачуу сынга кабылганын, аны кыргыз улутунун душманы катары көрсөткүсү келгендер да болгонун кеп кылды:

Салижан Жигитов

Салижан Жигитов

- Бири-бирибизди сындаш оңой, бирок элди сындоо ар кимдин эле колунан келе бербейт. Биз деле бирдемелерди айта берсек болот. Бирок ал чоң жоопкерчиликти талап кылат. Кезинде Абай да “Дүйнөдө ууру-кескилерге сыйынган, аларды мактаган бир гана казак эли болсо керек” деп айткан экен. Салижан агайдын кыргызды сындаган сөздөрүн жакшы билесиңер. “Кыргыз болуп туулган да трагедия, өлгөн да трагедия” деп атпайбы. Албетте, мындай сөздү Салижан Жигитов гана айта алат. Ал мындай укукка өзүнүн жүрүш-турушу, жасаган эмгеги менен ээ болгон. Эгер жазганы начар болуп анан элди сындай берсе ага башкалар “биринчи өзүң түзүгүрөөк бирдеме жазып алып анан элди сында” деп айтат да. Ошондуктан Салижан агай улут сынчысы!

Осмонакун Ибраимов анткен менен Салижан Жигитов жай турмушта башка улут өкүлдөрүнүн өзү улутуна сөз тийгизгенин жактырбаганын, мындай учурларда кызаңдап, талашып-тартышып кеткен учурлары болгонун өз көзү менен көргөнүн да эскере кетти.

Омор Сооронов Жигитов өзү жүргөн жерди дайыма тамашага бөлөп турган инсан болгонун кеп кылып, ал тууралуу жазып жүргөн күндөлүгүндө каарман өзүнүн тамашакөйлүгүнүн сыры эмнеде экенине мындайча токтолгонун айтты:

- 1986-жылы 12-декабрда минтип айтыптыр: “Айланамдагылар бир нерсе жөнүндө тереңдетип ойлонгусу келбесе, мени түшүнүүнү каалашпаса, колдон келсе баарылап бут тосууну ойлонсо – мындай учурда эмне кылуу керек? Өлүп алыш керекпи? Тамашага салып бир айла кылып, унуткансып жашаш керек да. Менин тамашаларымдын баарында чындык камтылган сын жатат”.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев Салижан Жигитов жалаң гана филология эмес, тарых, философия, социология, психология, этика, эстетика илимдерин да кошо окуп, өзүнө сиңиргенин, ошондуктан анын эмгектери өтө терең жана көп жактуу, көөнөрбөс экенин белгиледи:

- Экинчиси, ал албетте, мыкты акын болгондуктан көркөм чыгарма болсун, илимий эмгек болсун, ушунчалык тил жагынан кулпурган бай эмгек таштады. Ал келечекте жаштарга сабак, өрнөк. Үчүнчүдөн, ал жашоодо калп айтпаган, түз жүргөн, паракорчулукка аралашпаган киши болгон. Сыйлык же байлык үчүн иштеген эмес. Мына ушундай улуу инсан элибиздин эсинде жашай берет.

Эркебаев Салижан Жигитов өзүнүн 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектеринде кыргыз жазма адабиятынын жаралуу, калыптануу жана өнүгүү маселелерин, фольклор менен адабияттын карым-катышын, көркөм адабияттын коомдук турмуштагы ордун, поэзиядагы салттык жана жаңы көрүнүштөрдү, ошондой эле бир катар кыргыз акын жазуучуларынын чыгармачылыгын изилдеп, калыс баа бергенин кошумчалады.

Жигитовдун жарыкка чыга элек көркөм мурасы

Адабиятчы Садык Алахан Салижан Жигитов уникалдуу жазуучу болгонун белгилеп, маркумдун артында адабият таануу илиминде, көркөм сөз өнөрүндө үлгү боло турган эмгектери калганын айтты:

- Өзүнүн бир тамаша аралаштырып, “мен кыргыздарга үлгү чыгарма жазып берип жүрүп өтөт окшойм” деп күлүп айтканы бар. Аны элдин баары билет. Чындыгында эле котормонун үлгүсүн жасады бул киши. Адабий сындын үлгүсүн жазды бу киши. Лирикалык ырдын, адабий сарказмдын үлгүсүн жазды. Бардык жагынан бизге татыктуу мугалим, татыктуу устат болду.

Садык Алахан Жигитовдун ырлары кыргыз поэзиясында сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы менен өзгөчөлөнөрүн, ал көркөм пародиянын да чебери болгонун кошумчалап кетти.

Адабиятчы Искендер Жумабаев Салижан Жигитовдун кыргыз адабий илиминдеги ордуна токтолуп, учурда окумуштуунун далай эмгеги жарыкка чыга электигине кейиди:

- Ушул жерде көпчүлүк эл билбеген бир маалымат бар. Ошол докторлук диссертациясында жанагы эки монографиясынан сырткары 1920-30-жылдардагы кыргыз жазуучу, акындарынын ортосундагы чыр-чатак тууралуу жазылган бир бөлүмү бар. Ал “Адабияттагы күрөш” деп аталат. Ал өзү 130 беттен турат. Бул эмгек эч жерге чыккан жок. Мындай макала бар экенин эч ким билбейт. Ал жерде Жигитов чыр-чатак тууралуу болгонун болгондой жазып чыккан. Ага кайсы партиялык жетекчилер кийлигишкенине чейин белгиленген. Токомбаев, Карачев, Тыныстанов ортосундагы мамилелер бири-бирине жан тартпай ачык-айкын жазылган.

Жигитов улуттук адабиятка 1971-жылы “Ыймандай сырым менин” аттуу алгачкы ыр жыйнагы менен акын катары кирген. Андан кийин адабият таануу илимине “Ырлар жана жылдар”, “Жаңычылык жолунда”, “Көркөм сөз маселелери” , “Кечээгинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары” аттуу адабий изилдөө, сын макалалардан турган эмгектерин чыгарган.

Жигитовдун жакын санаалаштарынын бири, Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов учурда маркумдун артында калган көркөм мурастары китеп болуп басылып чыкпай турганына токтолду:

- Бери болгондо беш томдук эмгегин китеп кылып чыгарып койсо болот эле. Салжиан кыргыздарга күйүп-сүйүп жүрүп өттү эле. Бирок көзү өткөндөн кийин анын адабий мурасын аздектеген, окурмандарга сунуштаган демөөрчү чыга элек. Биз баарыбыз эле эрдемсинебиз, өзүбүздү эр ойлойбуз. Бирок улуттук адабият үчүн, кийинки муун үчүн керек боло турган эмгектерди качан өз орунда коюп, баалайбыз? Ушуга менин акылым жетпейт. Жигитовдун эмгектери кыргызды агарта турган улуу чакырык менен жазылган мурастар эле.

Жусупов досу Салижан Жигитов кезинде президенттин кенешчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору сыяктуу бир нече абройлуу жумуштарда иштеп жүрсө да эч кимден өзүнүн китептерин чыгарууга каражат сурабаганын кошумчалап, маркум замандашын Сократка салыштырды.

Өлүмдү тамашалаган маркум

Жигитов менен кезинде ага-ини катары жакын мамиледе болгон жеке ишкер Разак Сайдилканов маркум көзү өткөнчө эле дартынын оор экенин билип, өлүмдү да тамашалап, шылдыңдаганын эскерди:

- “Мени өлүп калат деп элдин баары эле катуу сыйлап жатат. Кеша досум костюм-шым көтөрүп алып келиптир, Бексултан бирдемесин көтөрүп алып келип кетти. Ал тургай үйдү өмүр бою карабаган Салима менен Кимия Салижан өлүп калса шерменде болобуз деп мебелдерди алмаштырып, актап-сырдап, эки жакты тазалап жатышат. Өлүм деле кишини бир топ даярдантат экен. Муну билгенде Кимияга мурда эле өлөм деп койбой, үйдү дайым таза кармамак экен”, - деп атпайбы.

Разак Сайдилканов сөзүнүн аягында Салижан Жигитовдун томдуктарын чыгарып окурмандарга тартуулоо жоопкерчилигин өз моюнуна алганын айтып убада берди.

Салижан Жигитовдун айылдашы, 1995-96-жылдары “Азаттык” радиосунун Бишкектеги бюросунда чогуу иштеген кесиптеши Кыяс Молдокасымов маркумдун айыл аксакалдарынан уккан балалыгын эскерип отурду:

- Жигитов тууралуу айылда бизди окуткан мугалимдер айтып калчу эле. Бешинчи классында китепканада окубаган китеби калбаптыр. “Бир күнү анын Белинскийдин томдорун көтөрүп жүргөнүн көрдүк. Биз анын ал авторду түшүнөрүнөн шек санадык. Бирок ал бизге Белинскийдин татаал чыгармаларын айтып берди”,- дейт. Кийинки классында райондогу жетекчилерге “мени айылдын мектебиндеги билим берүү канаттандырбай калды. Мени шаардагы мектептерге которгула”, - деп кат жазып, анан Бишкектеги 5-мектепке которулуп, ал жерден билип алып калышы ошондон болгон.

Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. 2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

"Шуулдаба теректерим" Алтынай Нарбаеванын аткаруусунда

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG