Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Москвадагы тигүүчү цехте чыккан өрт сегиз кыргыз жаранынын өмүрүн алды. Бүгүнкү күндө өрт атайын уюштурулган деген негизде кылмыш иши козголду.

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Ушул суроолорду камтыган “Арай көз чарай” талкуусуна Миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов, укук коргоочу Турсунбек Акун жана Москва шаарындагы курулуштардын биринде иштеген мекендешибиз Азамат Кадыров катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, окуя болгон соң кыргыз бийлиги каза тапкандардын сөөгүн алып келүү, жакындарына максималдуу жардам берүү жөнүндө гана сүйлөп жатты. Эмнеге кыргыз өкмөтү биринчи кезекте өрттүн чыгуу себептери, атайын өрттөлгөн деп божомолдор боюнча билдирүү же кайрылуу жасаган жок?

Бакыт Адылов: Миграция кызматы иликтөө иштери менен алектенбейт. Азыр Орусиянын Тергөө комитети окуя боюнча иш алып барууда. Ал жерде биздин вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева катышып жатат. Тышкы иштер министрлиги, элчилик иштеп жатат. Азырынча тигил же бул нерсе деп жыйынтык чыгаруу эртелик кылат.

“Азаттык”: Бакыт мырза, өрттөн кийин азыр цехтин ээси, кыргызстандык жаран, кырсыктан тирүү калгандар Орусиянын Тергөө комитетинде сурак берип жатышат. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин алкагында ушундай окуяларга байланыштуу Орусия тарап да кайсы бир деңгээлде жоопкерчиликти алабы? Анткени ошол имарат бир күн мурда сатылмак деген сөздөр да чыгып жатпайбы?

Бакыт Адылов: Биздеги маалымат боюнча окуяны иликтөөгө вице-консул, элчилик катышып, биздин өкмөттүн жыйындары өтүп жатат. Бул жерде эгер чындыгында коопсуздук эрежелери бузулган болсо, доомат коюу максатында биздин кызматтар ошол жерде иш алып барып жатышат. Муну эч ким таштап койгон жок. Азыр тергөөдөн мурда божомол айтыш кыйын. Тергөө органдарынын жыйынтыгын күтүш керек. Ар бир адам келишим түзүп жатканда коопсуздугу боюнча шарттар бекем болсо, ушундай кырсыктар болгондо сурап алуу оңой болмок. Азыр мигранттарды келишим түзүүгө үндөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жарандар өз укугун коргосо деп аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: Турсунбек мырза, сиз окуядан кийин дароо өкмөттү жетиштүү чараларды көрбөй жатат деп айыптадыңыз. Кандай чаралар көрүлүшү керек эле?

Турсунбек Акун: Бардык өлкөлөрдө маалымат кызматтары Орусиядагы кырсыкта канча адам каза болгону туурасында маалыматты дароо беришти. Бир гана Кыргыз мамлекети өрт болгондун эртеси саат 12лерде араң берди. Качан маалымат "Азаттык", "Акипресске" чыгып, элдин баары коңгуроо каккандан кийин гана элчилик 8 киши өлгөнү туурасында маалыматты ачык айтты. Азыр да Миграция кызматынын төрагасы өрттүн себептери туурасында маалыматы жоктугун айтууда. Демек эч ким, мамлекеттик органдар иштеген жок да . Иштесе билет эле да. Ал жерде элчилик бар, өкмөттүн өкүлдөрү бар. Ошолор айтышы керек эле да. Коомчулук коңгуроо каккан соң, өкмөт бир вице-премьерин жөнөтүп, ушундай аракеттерди көрдү. Сөзсүз эле өкмөттү камчылаш керек беле?

“Азаттык”: Статистикалык маалыматтар боюнча 2014-жылы элчилик аркылуу Орусиядан "жүк-200" же башкача айтканда 357 кыргызстандык жарандын сөөгү келген экен. 2015-жылы 300дөн ашкан. Азамат, сиз азыр Москвада курулушта иштейт экенсиз. Негизи эле кыргыз мигранттарын кандай тобокелчиликтер ээрчип жүрөт. Алардын коопсуздугуна ким көңүл бурат?

Азамат Кадыров: Орусияда азыр кризис. Мындан улам 50 пайыз кыскартуулар болуп жатат. Ошондуктан биздин жарандар эмгек келишимине деле, өзүнүн укугунун бузулганына деле кайыл болуп иштеп жатат. Эптеп эле ишке орношуу максат болуп жатат жана ал жерден кырсыктаса өз күчү менен эптеп дарыланышууда. Азыр Орусияда бир облустун санына барабар кыргызстандык бар, Москвада бир райондун санында кыргыздар бар. Жашы улгайган кишилер курулушта иштеп жүрүп кан басымы көтөрүлүп кулаган учурлар бар. Жакында бир балабыздын башына темир түшүп, жарылып, бул жактан доктурлар жууп тазалабай туруп эле тигип берди. Тийиштүү медициналык жардам алайын десе кымбат. Акча чогултуп, мекенибизге жөнөттүк, баргыча башы ириңдеп кеткен экен.

Албетте ар бирибиз өзүбүз үчүн сак болушубуз керек, бирок жок дегенде ооруканаларга көрүнүү үчүн камсыздандыруу полюсун арзандатып берсе болот эле. Евразиялык экономикалык биримдикке киргени тууган-туушканын чакырып келген кыргызстандыктар көбөйдү. Топ-топ болуп иштеп жатышат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG