Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Кыргыз бийлиги көп жылдардан бери чет өлкөлөрдө иштеген мигранттар жиберген каражатты санап, эл казынасы толуп жатат деп ыраазы. Ал эми алардын кароосуз калган балдары мамлекеттин жоголгон муунуна айланып баратканын билмексенге салгандай.

Мигранттын ата-эне мээримин көрбөгөн балдарынын тагдырын кантип жакшыртуу керек? Ата-эненин тарбия менен мээримин кантип толтура алабыз? Мигрант балдарын камкордукка алуу үчүн өзүнчө саясий багыт зарылбы?

“Азаттык” бул жолку “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев, Ички иштер министрлигинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Самат Мамышов жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Таалай Жакыпов катышты.

“Азаттык”: Самат мырза, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте 48 миң мигранттын баласы бирөөлөрдүн кароосунда калган деп билдирди. Жыл башында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги алардын саны 50 миңден ашык деп жарыялаган эле. Деги так саны кандай? Канча баланын ата-энеси миграцияда жүрөт?

Самат Мамышов: Ички иштер министрлиги тарабынан бул багытта көп иштер жүргүзүлүп жатат. Ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдарын аныктоо үчүн комплекстүү иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Анын чегинде ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери жыл башынан бери өзү иштеген аймактагы үйлөрдү кыдырып чыкты. Анын максаты ички жана тышкы миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдү, ал үйдө мигранттын канча баласы бар экендигин жана балага терс таасир берүүчү жагдайларды аныктоо болду. Мына ошол комплекстүү иш-чаранын негизинде тышкы миграцияда жүргөн ата-энелердин 48 миң баласы бирөөлөрдүн көзөмөлүндө экендиги аныкталды. Балким, алардын так саны мындан да көп болушу мүмкүн, бирок биздин кызматкерлер аныктаган сан ушундай.

“Азаттык”: Кубат мырза, сиз акыйкатчы болгондон бери балдардын укугун коргоо, айрыкча тарбиядан өксүгөн балдардын тагдырын жакшы жолго салуу жолун издеп жатпайсызбы. Алардын ичинде мигранттын ата-эненин мээримин көрбөй өсүп жаткан балдары өзгөчө бир катмарга айланып баратат жана алар келечекте улуттук деңгээлдеги көйгөйгө айланат деген кооптонуу жаратышы мүмкүнбү?

Он миң сом үчүн чырак өмүр жалп өчтү

Сузак районунда уурулукка айыпталган 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбеков 23-октябрь күнү кечке жуук өз үйүндө асынып алып, ооруканага жетпей каза болгон.

Кубат Оторбаев: Бул азыркы учурдагы өтө оор маселелердин бири. Анткени, мигранттардын балдары эң жакшы дегенде чоң ата, чоң энелеринин колунда тарбияланып жатат. Андан тышкары таеке, ага, ини же башка адамдардын колунда жүрөт. Мен бул кызматка келгенден тарта жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде калктын зордук-зомбулукка кабылуу коркунучу жогору эң аялуу катмары ушул мигранттардын балдары болуп чыкты. Тышкы иштер министрлиги сыртта бир миллиондон ашык адам миграцияда жүрөт деп расмий түрдө билдирди. Бул өтө олуттуу сан! Ошон үчүн мындай балдарга абдан дыкат көз салуу зарыл.

Мисалы, жакында Сузак районунда өз жанын өзү кыйган Шерзат Алимбеков деген өспүрүм мына ушул көйгөйдү ачык көрсөттү. Анын энеси көп жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн экен, атасынын кайтып келгенине бир гана жыл болуптур. Ага чейин чоң энесинин колунда тарбияланып келген. Ушундай көйгөйлөрдөн улам мен кечээ өкмөткө жана башка мамлекеттик мекемелерге 10-сентябрда суицидге каршы күрөштүн эл аралык күнүн Кыргызстанда да белгилөө сунушу менен чыктым. Дүйнө жүзүндө бул күн суицидге каршы күнү болуп эсептелет, мындай күрөштү Кыргызстанда да кеңири жайылтуу керек деген ойдомун.

Андан тышкары өкмөткө жана министрликтерге конкреттүү сунуштарды бердим. Ал тууралуу кеңири маалымат берейин: биринчиден, өз жанын өзү кыюу боюнча ар бир факты боюнча терең анализ жүргүзүлүшү керек. Анын ичинде Билим берүү жана илим министрлиги балдар менен иштөөнү көбөйтүп, класс жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүп, өз жанын өзү кыюуга каршы атайын жалпы сааттарды өткөрүшү кажет. Ал сааттарда өз жанын өзү кыюуга каршы маалыматтар берилип, терс жактарын балдарга жакшылап түшүндүрүшү керек. Бул министрликтин эң башкы дагы бир милдети - мектептерде иштеген психологдордун квалификациялык билимин жогорулатып, жогорку квалификациялуу психологдорду даярдоого көңүл бөлүп, ар бир мектепти ошондой кадрлар менен камсыз кылышы абзел.

Ал эми Ички иштер министрлиги болсо жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү бөлүмдү кеңейтип, башкармалыкка айлантып, алардын кызматкерлеринин жер-жерлердеги санын көбөйтүшү зарыл. Балдар менен иштөөчү милиция кызматкерлери кадимки кылмышкерлер менен иштечү милиционер болбошу керек, ал үчүн атайын билим алып, балдар менен иштөөгө адистеши керек.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги болсо жер-жерлерде кризисттик борборлорду көбүрөөк түзүшү керек. Аларды колдоо үчүн бюджеттен атайын каражат бөлүнүп, ишин күчөтүшү керек.

Мусулмандардын дин башкармалыгы болсо жума намаз жана башка диний иш-чаралардын маалында өз жанын өзү кыюу мусулманчылыкка да, кыргызчылыкка да жатпай турган көрүнүш экендигин жаштарга түшүндүрүшү керек.

Мындан тышкары эң башкысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акимдер, айыл өкмөттөрү мектептер менен бирге ушул жаатта өтө кеңири иштерди жүргүзүшү зарыл.

“Азаттык”: Демек, бул көрүнүш бара-бара улуттук деңгээлдеги көйгөйгө айланышы мүмкүн, ошондуктан жалпы коомчулук жана бийлик менен бирге алдын-алуусу зарыл жана коомчулук буга кайдыгер болбош керек деген ойдосузбу?

Кубат Оторбаев: Албетте, бул жерде эң ириде ата-энелердин да жоопкерчилигин көтөрүү керек. Мектеп менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да жоопкерчилигин көтөрүү керек.

Угармандын пикири: Кечээ “Азатыктын” так ушул көйгөйдү тарткан тасмасы “Октябрь” кинотеатрында көрсөтүлдү. Бирок, ал жердеги талкууга бийликтин эч бир өкүлү келген жок. Миграция департаментинин да, Билим берүү министрлигинин да өкүлдөрү болгон жок. Бул абдан туура эмес мамиле. Мен балдарын таштап, акчанын артынан кууп кетип жаткан ата-энелерди айыптайм. Эгер иштөө аябай эле зарыл болсо, анда баласын кимге таштары тууралуу жергиликтүү бийликке кабарлап туруп, баламды тигиге же буга таштап жатам деп тил кат жазып кеткен системаны киргизүү керек. Ошондо ал киши кийин келип алып өкмөттү же туугандарын күнөөлөбөгөндөй болот. Анан студияда отургандарга суроо - эмне үчүн Миграция министрлиги жоюлуп, департаментке айландырылды. Бул туңгуюктан чыгуунун жолу ушул беле?

Кубат Оторбаев: Ооба, Москвада 14 мигрант кыз-келин каза болгондон кийин биз терең анализ жүргүздүк. Анын негизинде миграция министрлигин кайра калыбына келтирүү зарыл деген бүтүмгө келдик. Андан тышкары чет жердеги мигранттар менен иштей турган Тышкы иштер министрлигинин консулдуктары менен элчиликтериндеги кызматкерлердин санын, өзгөчө кыргызстандыктар көп барып иштеп жаткан шаарлары менен аймактарындагы кызматкерлеринин санын көбөйтүп, тыгыз иштешүүсүн жолго коюушу керек.

“Азаттык”: Таалай мырза, Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары миграцияга кетип, ажырашып же балдарын тарбиялоо жөнүндө ойлонбогон ата-энелердин балдары азыр үй-бүлө кура баштады. Сиздин жеке байкооңузда ошол балдардын үй-бүлө курууга жана аны бекемдөөгө көз караш, мамилери кандай? Үй-бүлө ыйыктыгын сезүү жоопкерчилиги барбы?

Эмне үчүн азыр ажырашуулар аябай көп? Ага да так ушул миграциянын айынан мээрим көрбөй өскөн балдар салым кошуп жатышат. Эгер бүгүн дагы эле мигранттардын балдары гана эмес жалпы эле балдарга көңүл бурулбаса, кийин чоң көйгөйгө айланышы толук мүмкүн.

Таалай Жакыпов: Тээ 90-жылдары миграцияга кеткен ата-энелердин ошол кезде 6-7-класста окуп жаткан балдарынын алды азыр 35ке чыгып калды. Азыр алар өздөрү үй-бүлө куруп, бала күтүп жатышат. Мен өзүм күбө болгон гана фактылардын негизинде айта турган болсом, ошол балдар үй-бүлө алдындагы жоопкерчилик, үй-бүлөдө атанын, эненин ролу жөнүндө үлгү алышкан эмес, алардын мээримин көрүшкөн эмес. Ата-энелери таң эрте базарга кетип, балдарынын чоңойгонун деле сезбей калышкан. Адам болобу, жаныбар болобу мээрим, көңүл буруу керек. Мээрим көрбөй өскөн балада үй-бүлө жоопкерчилик жөнүндө такыр маалымат жок болот. Үйдө көңүл буруу же мээрим болбогондон кийин алар эптеп эле чоңоюп, мектепти бүтүп бир жакка барып иштесек, окусак же бирөө менен турмуш куруп кетсек деп ойлошот. Бирок үй-бүлөлүк турмуш тууралуу эч кандай тажрыйба жок болгондон кийин аны сактоо, бекемдөө жөнүндө элестете да алышпайт. Эмне үчүн азыр ажырашуулар аябай көп? Ага да так ушул миграциянын айынан мээрим көрбөй өскөн балдар салым кошуп жатышат. Эгер бүгүн дагы эле мигранттардын балдары гана эмес жалпы эле балдарга көңүл бурулбаса, кийин чоң көйгөйгө айланышы толук мүмкүн.

Мисалы, биз 90-жылдары кароосуз балдар убактылуу жашоочу жайлардагы балдардын кийинки тагдырын иликтеп көргөнбүз. Ошол жайларда жашаган балдардын жок дегенде 50% азыр кылмышкер болуп, түрмөгө түштү. Эркек балдардын көпчүлүгү ушундай болду, а кыздардын көбү ичип, ажырашып кетишти же башка терс иштерге барышты. Ошон үчүн биз бул көрүнүшкө кайдыгер карабашыбыз керек. Бир жагынан караганда 48 миң бала аз көрүнүшү мүмкүн, бирок алар кийин 48 миң үй-бүлө болот. Ошол 48 миңдин саны 5-10 эсе көбөйүп кетиши мүмкүн. Кубат бул жерде аябай жакшы сунуштарды айтып жатат. Анын баары жакшы жана колдошубуз керек. Бирок ал ишке ашабы? Мына ушул чоң маселе, себеби балдар менен иштей турган Ички иштер, Тышкы иштер, Билим берүү жана башка министрликтердин өз ара кызматташуусу такыр эле жок, болсо өтө начар. Мына Самат жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат деп атат. Бирок алардын жер-жерлердеги эң жакын жардамчылары айыл аксакалдары, жергиликтүү бийлик, мектептер жана социалдык кызматкерлер болушу керек. Булардын арасында кызматташуу жок, ар бирибиз өзүнчө иш жасап жаткансыйбыз, бирок натыйжа жок. Ошон үчүн бул ишти жүргүзүүдө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги башкы уютку мекеме болушу керек. Балдар менен иш алып барган башка уюм, мекемелер ушул министрликтин айланасында иш алып барышы керек.

Андан тышкары динди натыйжалуу пайдалануу керек. Бир гана өз жанын өзү кыюу эмес, жалпы эле зордук-зомбулуктарды токтотуу боюнча ошол диний кызматкерлер жакшы маалыматтарды бериши керек. Алар дагы балдар менен иштешүүгө атайын даярдыктан өтүшү керек. Алар балдарга жакшы маалыматтарды бере алышпайт, себеби даярдыктары жок. Жөн эле Куранды же башка китептер жөнүндө айта беришет. Ошон үчүн алар дагы балдар менен иштеше ала тургандай деңгээлде даярдануулары зарыл.

Андан тышкары мектептерде иштеген психологдордун кесиптик деңгээлин көтөрүп, кайра даярдыктан өткөрүп туруу зарыл.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG