Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Баланы чангандар укуктан ажырайбы?


Балдар үйүндө тарбияланган мигранттын балдары. 3-июль, 2013-жыл.

Балдар үйүндө тарбияланган мигранттын балдары. 3-июль, 2013-жыл.

Балдарын убактылуу таштап чет өлкөгө акча табуу үчүн кеткен мигранттарды ата-энелик укугунан ажыратуу демилгеси көтөрүлдү.

Баласынан ажыроону каалабаган ата-энелер баланы убактылуу карап, бакканы үчүн жумшалган мамлекеттин акчасын кайтарып бериши керек.

Учурда миллиондон ашуун кыргызстандык жаран Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө убактылуу иштеп жүрөт. Алардын көбү балдарын айылдагы ата-энесине, такыр мүмкүнчүлүгү болбогондор балдар үйүнө таштап кетишет. Эксперттер жаңы сунушталган демилге Баш мыйзамга каршы келет дешип, балдардын укугуна, келечегине терс таасирин тийгизерин айтышууда.

Самара, Анара жана Медина Бишкектин четиндеги Дачная айылындагы “Бактылуу үй” балдар үйүндө тарбияланууда. Үч бир туугандын бул жерге келгенине бир жылдай болуп калды. Улуусу 12, андан кийинкиси жети, кичүүсү беш жашта.

“Бактылуу үй” балдар үйүнүн жетекчиси Индира Разыбаеванын айтымында, бул үч кыз ата-энесин бир жылдан бери көрө элек. Аларды апасы турмуш-шартына байланыштуу кыздарын балдар үйүнө убактылуу таштаганга аргасыз болгон.

Ыргал Кадыралиева.

Ыргал Кадыралиева.

​Кыргызстандын ар кайсы бурчунда бул үч бир тууганга окшоп балдар үйүндө тарбияланып, ата-энесин көрбөй, ар күнүн күтүү, эң жакын адамын сагынуу менен өткөргөн балдардын саны 11 миңден ашуун. Алардын 5 пайыздан ашууну гана тоголок жетим болсо, калгандарынын ата-энеси, жок дегенде экөөнүн бирөөсү бар. Бул балдардын ар бирине мамлекет айына 8 миңдей акча коротот экен. Буга тамак-аш, кийим-кечек, тарбиячылардын айлыгы да кирет.

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева “Үй-бүлө кодексине” өзгөртүү киргизип, балдарын убактылуу багып турганы үчүн мамлекет короткон акчаны ата-энесине төлөтүүнү сунуштап жатат. Ал каражатты төлөп бере албагандар, багууга мүмкүнчүлүгү болбогондор ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн. Мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатып, үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган дейт.

- Балдар үйүндө тарбияланып аткан балдардын 90 пайыздан көбүнүн ата-энеси бар, алар жетим балдар эмес, убактылуу таштап кеткен мигранттардын балдары. Же болбосо балдарынан баш тарткан, бирок ата-энелик укуктан ажыратылбаган, туугандары катташып турган балдар. Алардын ар бирине, ай сайын тогуз миң сомго чейин каражат бөлүп, мамлекет багып жатат. Ата-эне бар учурда ал каражатты кантип артка кайтарат, мамлекет кимди багып атат? Ушул жагы каралган эмес. Ата-эне балдарын таштабоосу керек, же болбосо ата-эненин бири алиментти баланын керектөөсүнө ылайык төлөп бериши керек. Ал эми балдар үйү, мамлекет багууга жумшаган каражатты кайрадан мамлекетке ата-эне кайтарып бериши керек. Азыркы шартта ата-эненин балага болгон укугун ажыратуу жолу татаалдашып кеткен. Балдарды асырап алууга келгенде ушул маселе тоскоолдуктарды жаратат.


Балдар үйү. 21-октябрь, 2009-жыл.

Балдар үйү. 21-октябрь, 2009-жыл.

Учурда миллиондон ашуун кыргызстандыктар Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө убактылуу иштеп жүрүшөт. Алардын көбү балдарын айылдагы чоң ата - чоң энесине, такыр мүмкүнчүлүгү жоктор балдар үйүнө таштап кетүүгө аргасыз.

Эксперттер жаңы сунушталган демилге Баш мыйзамга каршы келет дешип, балдардын укугуна, келечегине терс таасирин тийгизерин айтышууда. Мындай пикирди кармангандардын бири “Доор эли” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлжамал Султаналиева. Ал кандай болгон шартта дагы баланын кызыкчылыгы жогору болушу керек деп эсептейт:

- Мамлекеттин чөнтөгүнөн кетип аткан акчадан дагы баланын кызыкчылыгы жогору турушу керек. Ал тургай аракеч, таштап кеткен болсо да, бала үчүн ата-эненин орду, ролу чоң. Балдар үйүнө таштап кетип, ичимдик ичип алса да бала энесинин келгенине сүйүнөт. Бүгүн ата-эне мээриминен ажыраган бала келечекте ал ошондой тагдырды кайталап каларын изилдөөлөр көрсөтүүдө. Ошондуктан экономикалык-социалдык кыйынчылыктан улам балдарын убактылуу таштап, каражат таап, кайра келем деген жарандарга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Алар деле жыргаганынан кетип жаткан жок да.

Султаналиева балдарды ата-энеден ажыраткандан көрө жарандардын Кыргызстанда жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүп, сыртка чыгып кетпегенге шарт түзүүгө аракет кылышы керек деген ойдо.
Бүбүайша Арстанбекова.

Бүбүайша Арстанбекова.

“Акыйкат жолу” коомдук уюмунун башчысы, укук коргоочу Бүбүайша Арстанбекова болсо ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүп, балдарын убактылуу багып турганы үчүн каражат төлөөгө ата-энени милдеттендирүү зарыл деген пикирлерди колдойт. Ошону менен бирге мигрант балдарды тарбиялоочу өзүнчө мекеме ачуу керек деди:

- Жалпы балдар үйүнө тапшырбастан, өзүнчө мигранттардын балдар үйүн ачуу керек. Үч жаштан жогоркусун алып калып, жети жашка чейин тарбиялай турган бир топ, андан кийин мектепке даярдап чыгара турган бир топ түзүп тарбиялаганга мен жардам бермекмин. Мен ушул маселени көптөн бери көтөрүп жүрөм, эч ким көңүл бурбай жатат.

Бул сунуш жакынкы күндөрү парламенттин талкуусуна коюлат.
Мыйзам боюнча ата-энелик милдетин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн качса, эч себепсиз эле өз баласын төрөт үйүнөн же дагы башка дарылоо жайларынан, тарбиялоо жайынан, социалдык коргоо жайынан алуудан баш тартса, ата-энелик укугунан кыянаттык менен пайдаланса, баласынын же жубайынын өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса, эрезеге жете элек балдарынын селсаяк болуп кетишине жол берген учурда соттун чечими менен ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн.
Уул-келини таштап кеткен неберелерин багып жаткан Кенже Аятканова. (5.02.2014)
Келечек жаңы конушундагы окуу борбору. Бул жерде окугандардын көбү мигранттардын балдары. (5.02.2014)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG