Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

9 күн мурун Москвадагы төрөт үйлөрүнүн биринде кыргыз келин өз ымыркайын таштап, ал кыздын атын ал жерде иштегендер Жасмин коюшканын социалдык тармактан окуп калдым.

Маалыматты тактоо үчүн төрөт үйүнө чалсам, мекеменин башкы дарыгери кыз камкордук жана бала багып алуу органына тапшырылганын айтты. Бирок мындай учурларда ымыркай жана аны таштаган эне тууралуу маалымат берилбейт.

Москвадагы төрөт үйүнүн башкы дарыгери кыжырдануу менен жаңы төрөлгөн балдардан баш тартуу көп болуп жатканын, алардын арасында кыргыздар да бар экенин билдирди.

- Акыркы окуя жалгыз эмес, бала таштоо көп. Кыргызстан бул окуяга ушунчалык эле кызыкпай, андан көрө боюнда бар мигрант аялдардын абалын жакшыртсын. Алар ар жерде төрөп, балдарын акыр-чикир таштоочу жайларда калтырып кетип жатышат.

Орусияда мигранттардын бала таштоосу Москвада, андан кийин Санкт-Петербург шаарында байкалат.

14-февралда Орусиянын Түндүк-Батыш округу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Николай Винниченко “Борбор Азиядан келген мигрант аялдар Санкт-Петербургдагы төрөт үйлөрүнө батпай кетти” деп, кезектеги жыйында билдирүү жасады. Анын маалыматы боюнча, Санкт-Петербургдун ар бир бешинчи жашоочусу – мигрант.

Эмгек мигранттары көп барган башка орус шаарларында да наристелерден баш тартуу фактылары бар, бирок так статистика буга чейин даярдалган эмес.

Москвада бала таштайм дегендер менен иштеген Урмат Байматова учурда бала таштоо кайра көбөйө баштаганын байкаган.

- Жакында төрөт үйлөрүн кыдырабыз, бала таштоону айтып эле келатабыз, токтогон жери жок, көбөйүп эле баратат.

Урмат Байматовага боюнда бар келиндер кайрылып, баласын таштайм деп алдын ала билдиришет. Ал “таштаба” деп көндүргөнгө аракеттенет, андан соң башка үй-бүлө изделе баштайт.

Урмат Байматова акыркы окуяга токтолду: Москвада бир аял чоң салмактагы ымыркай төрөп, аны таштап, качып кеткен. Баланын атын Манас коюшкан.

- Бала 5 кило 700 грамм төрөлдү. Апасы качып кетип, үч күн дегенде араң таптык. Баланын атасын таап берип, жашагыла дедим, эмне кылалы эми?

Баласын таштап кеткен келиндердин окуялары ар дайым окшош.

- Жашаган жигити менен урушуп кетет, боюнда болуп калганын ага айтпайт, "баланы баары бир таштайм" деп жүрө берет.

Москвада кыргызстандыктар жылына канча баланы таштайт? Бул маалыматты так эч ким айта албайт, себеби наристелерден ар кандай жолдор менен баш тартышат. Төрөт үйүндө калтырышса, ымыркайлар балдар үйүнө түшөт, көбүнчө Урмат Байматовага окшогон аялдар менен сүйлөшүүлөр жүрөт жана “баладан баш тартып жатам” деген кат жазылат, көчөдө таштагандар да көп кезигет.

2011-жылдан тарта Орусиянын балдар үйлөрүнөн Кыргызстанга 24 бала жеткирилди. Бул иш-чара үчүн өкмөттүн резервдик корунан каражат бөлүнгөн. Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ал наристелердин ата-энелерин издөө же аларды асырап алчу башка үй-бүлөлөрдү табуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Жалпысынан Москванын ымыркайлар үйүндө элүүгө жакын кыргызстандык наристе багылып жатканы айтылган. Мигранттардын көпчүлүк бөлүгү балдарын Орусияга алып кете алышпайт, айылдагы ата-энесине таштап кетишет.

Жакында эле Баткенден кайттым. Көчөдө – жалаң эле неберелерин жетелеген чал-кемпирлер. Небересин жетелеген бир эне менен сүйлөшүп калдым.

- Бул небереңизби?
- Ооба.
- Апасы кайда?
- Москвада.
- Канча болду бакканыңызга?
- Эки жылдан бери багам, өзү үчкө чыкты. Мен таенеси болом, энесинин колунда да балдары бар. Кызым үй алып алсын деп жардам берип жатам.

Бала таштоону азайтуу боюнча комплекстүү иш-чаралар көрүлө элек. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги оор абалда калган келиндер үчүн кризистик борбор ачуу демилгесин көтөрүп, азыр каражат изделүүдө. Айрым депутаттар 22 жашка чейинки кыздарды өлкөдөн чыгарбоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, бирок ал кабыл алынган эмес.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG