Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:51

Москвада иштеген кыргызстандык мигранттар ыктыярдуу түрдө алынчу медициналык камсыздоонун жоктугунан депортацияга дуушар болууда.

Москвада дүкөндө сатуучу болуп иштеген Гүлмира акыркы күндөрү шаардык полиция кызматкерлери мигранттардын документтерин текшерүүдө медициналык камсыздоо күбөлүгүн кошо сурай баштаганын айтты. Ал Орусияда чет элдик жарандар ыктыярдуу түрдө алчу бул кагаз эми мигранттарды өлкөдөн чыгарууга себеп болуп калганын белгилейт.

- Иним менен чогуу иштеген балдарды метродон полиция кармап, 17 балага “Камсыздандыруу күбөлүгүңөр жок” деп 5 миң рублдан айып пул салып, Орусиядан чыккыла дешиптир. Бул медициналык камсыздандыруу жумушка деле кереги жок, полиция токтотуп калса көрсөтүүгө эле керек.

Адвокат Мирбек Токтошев Орусияда чет элдик жарандардан ыктыярдуу медициналык камсыздандырууну милдеттүү түрдө талап кылуу, андай күбөлүктүн жоктугу үчүн айып пулга жыгуу же өлкөдөн чыгаруу мыйзамда жазылганын белгилейт. Бир топ жыл мурун эле кабыл алынган мыйзам акыркы кезде гана мигранттарга карата кеңири колдонула баштаган.

- Мындай талап Орусиянын мыйзамында көрсөтүлгөн. Орусияга кирүү жана чыгуу боюнча федералдык мыйзамда чет элдик жарандар өлкөдө иштөө үчүн милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу баракчасын алуу керек деп жазылган. Бул мыйзам 1996-жылдары эле кабыл алынган, бирок 2011-жылдан кийин Санкт-Петербургда, эми Москвада катуу карала баштады. Бул мыйзам өзү так жазылган эмес, карама-каршылыктар бар деп айтса болот. Анткени, Орусияда чет элдик жарандардын бир топ категориялары бар да.

Азамат Адылгазиев мигранттар мурун медициналык камсыздандырууну жумуш берүүчүлөрдүн талабы боюнча гана алышчу дейт. Ортодо мигранттарга 1 миң рублдан жогору турган камсыздандыруу кагазын саткан орусиялык жеке ишканалар эле киреше тапчу.

- “Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу” деген менен Орусияда бул мигранттар үчүн милдеттүү түрдө болуп калды. Акысы камсыздоочу компаниянын шарттарына жараша 1-1,5 миң рублден жогору. Мисалы, 1,5 миң рубл турган медициналык күбөлүк 25 миңдик камсыздандырууну, 3,5 миңдик – 100 миңдик камсыздандырууну жабат. Бирок биздин мигранттар медициналык камсыздандыруунун маанисин түшүнбөй эле жумуштан сураса же көчөдөн полицияга көрсөтө салышат. Мисалы, бир миллион мигранттын 0,1% пайызы ошол менен дарыланып, акчасын кайтарып алган болушу керек. Компаниялар дагы медициналык камсыздандыруунун маанисин түшүндүрүүгө кызыкдар эмес, алар абадан акча жасап жатышат да. Ошондой эле мигранттарга берилген камсыздандыруу шарттарын карасаң, кадимки эле тез жардам көрсөтчү кызматтар. Ал жакка тиш дарылатуу, колу-буттун сынганы же чыгып кеткен учурлары кирбейт.

Орусиянын Борбордук банкы ушул жылдын 1-июнунан тарта дагы жаңы өзгөртүүлөрдү киргизген. Эми камсыздандыруучу ишканалар чет элдик мигранттарга минималдык камсыздандыруу өлчөмү 100 миң рублди түзгөн камсыздандырууну гана бериши шарт. Мындай ыктыярдуу деп айтылган күбөлүк эми Орусиядагы кыргызстандык мигранттар үчүн бир жылга 4 миң рублдын тегерегинде болмокчу.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG