Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

Жасалма паспорт көтөргөндөр көбөйдү


Кыргызстандан башка өлкөгө баратканда бирөөнүн паспортун, жасалма документтерди колдонууга аракет жасаган адамдар көбөйдү.

Чек ара кызматынын билдиришинче, алардын дээрлик баары Орусия, Казакстан жана Түркияга жумуш издеп бараткан мигранттар болуп саналат.

Адистер мындай мыйзамсыз, аргасыз айла-амалдардын башкы себеби - жарандардын документтерге жоопкерчиликсиз мамилеси жана паспорт өңдүү негизги документтин ар кандай жолдор менен оңой-олтоң даярдалып жатышы экенин белгилешет.

Чек ара кызматы чоочун паспорт, жасалма документ менен сыртка чыгууга аракет кылган жарандардын көбөйгөнүнө байланыштуу атайын эскертүү таратты. Анда мындай иш-аракет үчүн күнөөлүү жарандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал экени айтылат.

Аталган мамлекеттик кызматтын Чек ара көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Зарлыкбек уулу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын дээрлик көбү мигранттар болорун айтып берди:

- Бөлөк-бөтөндүн паспортун алгандар өздөрүнө окшогон адамдарды табышат, көпчүлүгү өздөрүнө окшош туугандарыныкын колдонушат. Алардын көбү 20 жаштан 40 жашка чейинкилер. Кармалгандардын көбү бул кылмыш иш болорун билгенде таң калышат. Айыппул төлөп эле кутулуп кете тургандай көрүшөт. Чек арадан ушинтип мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандар кармалганда УКМКга, ИИМге өткөрүп беребиз.

Азыр паспортту каалаганы алып, каалаганы сата турган абалдан улам эл документтерге көңүлкош, жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатат. Жарандар ошого көнүп калган.

Былтыр жалпысынан чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 140тай факт катталган. Быйыл болсо жарым жылдын ичинде эле 160тан ашты. Бирок анын канчасы тергелди, канча адамга айып тагылып сотко өттү деген маалымат жок. Тартип коргоо органдары анын баарын анализдеп талдап, эсеп-чоттоп чыгууга бир топ убакыт талап кылынарын айтышат.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкы башкармалыгынын өкүлү милиция кандай фактыларды иликтерин айтып берди:

- Мамлекеттик чек араны жасалма паспорт менен өтүп баратканда кармалган фактылар болсо, бул учурда иш милицияга өткөрүлөт. Азыркы учурда, мисалы, бир адамга эки ПИНдин, эки паспорт берилиши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-350-беренелери боюнча тергелип жаткан иш бар. Эгер ушундай эки паспорт алган жаран чек арадан өтүп баратканда кармалса, анда аны бизге өткөрүп берет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов чоочун адамдын паспорту, жасалма документ менен чек арадан өтүп баратканда кармалган жарандар жана мындай фактыларга тиешеси барларга чара көрүлөт деп ишендирди:

- Мындай иштер боюнча маалыматтар УКМКга келип түшкөндөн кийин биздин тергөө башкармалыгыбыз териштирет. Анда тиешелүү жыйынтык чыгарылып, иш сотко жөнөтүлөт.

Жасалма документ менен кармалган канча жаран соттолгону тууралуу дагы маалымат жок. Бул жагдайды жакшы билгендер көп учурда арзыбаган айыппул төлөп кутулуп кетишерин айтышат.

Москвадагы “Аксы” коомунун жетекчиси Бактияр Өмүрзаков жарандардын документтерге жасаган кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамилесине токтолду:

- Мындан төрт-беш жылы мурун ВДНХда велосипеддер ижарага берилчү. Ошол жерге барсак "кыргыздар, силерге паспорт керек эмеспи?" деп толтура биздин ID карталарды көрсөтүшкөн эле. Эми ошол жерге барып велосипедди ижарага алып айдап кетип, паспортторун таштаган боюнча кайрылып келбегендер көп болуптур. Мына, кечээ жакында эле бир кыз уруксат документтерге байланыштуу жардам сурап кайрылган эле. Анын ID картасынын жасалма көчүрмөсү бар экен. Муну кайдан, кантип жасатканын сураксам ЦУМда, жер төлөдө жасатканын айтты. ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев менен байланышсам алардын кабинетинде мындай паспорттор көп экен. Бул жакта сегиз миң рублге жасап бергендер да бар экен.

Өмүрзаков документтин ар кандай жолдор менен оңой-олтоң даярдалышы тыйылбаса, мындай көрүнүштөр улана берерин кошумчалады:

- Азыр паспортту каалаганы алып, каалаганы сата турган абалдан улам эл документтерге көңүлкош, жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатат. Жарандар ошого көнүп калган. Анан келип эле карапайым элди каралап жатпайбызбы. Чынында эң ириде мыйзамсыз паспорт жасап бергендерди, ошого жол бергендерди жазага тартышыбыз керек. Анан бул жакта "Кыргызстанга барып чоң атамдын же таятамдын наамына оңой-олтоң эле паспорт алып алам" дейт, бул жакта пикир ушундай.

Кыргызстанда паспортко байланыштуу мындан башка дагы бир чуулуу жагдайлар бар. Жакында эле Кытайдын Үрүмчү шаарынан Стамбулга учкан 90дон ашык кытайлык уйгур тектүү жарандын кыргыз паспорттору менен кармалганы чоң талкуу жараткан эле.

XS
SM
MD
LG