Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Мыйзамсыз миграциянын туткунунда


Кыргызстанда мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө мамлекет алсыздыгын көрсөтүүдө жана бул болсо кадимки көрүнүшкө айланып баратат.

Бул тууралуу Орусиянын Хабаровск, Перм облустарына жана Африкадагы Ангола мамлекетине барып, маянасын алалбай, адам чыдагыс турмушка кабылган мигранттар айтышууда.

Дүйшөнкул Жанузаков Африкадагы Ангола мамлекетине курулушка иштегени барып, алданып калгандардын бири. Ал башынан кандай кыйынчылык өткөнүн мындайча айтып берди:

- Эми ачык айтканда алты ай мечитке барып, ошол жердеги мусулмандардан садака сурап жедик. Ошол жактагы мусулмандарга рахмат. Изабелла деген тамагы бар экен, ошону жеп жүрдүк.

Булар менен бирге таластык Гүлмира аттуу аял да ашпозчу болуп иштегени барган. Ал Анголага 2009-жылы барып, ал жакта дээрлик эки жыл болуптур. Ал аралыкта бир жылга чукул айлык албай иштегендигин айтты.

"2009-жылы сентябрда берген. Ошол бойдон айлык берген жок".
Мигранттардын арасында тышка чыгууда кандай документ керек экенин билбегендер да бар.


Маектештердин айтымында, Анголага аларды Алымбай жана Канат аттуу адамдар алып барышкан. Жеткиргенден кийин айлыктарын бербей койгон да ошолор болуптур. Кыргызстандан алып кетерде катардагы жумушчулар эки жарым доллардан, ал эми бригадирлер үч миң доллардан өйдө айлык аларын айтышкан экен. Бирок бул убада аткарылбай, нааразычылык билдирген адамдарга ар кандай коркутуулар болгон.

- Ошол жерде нааразы болуп сүйлөгөн балдарды "кетесиңер" деп айтты. Мындай карасаң 38-жылкы репрессиядай болду. Кичине тың сүйлөгөндөрдү ошол замат жөнөтүп жатты. Он баланы кетирерин айтышты.

Учурда Анголанын борбор шаары Луандада дагы эки бала калган. Маяналарын бербей койгондор бүгүн Кыргызстанда ээн-эркин басып жүргөндүгүн, тартип коргоо органдарына кайрылышканда аларга эч кандай чара көрбөй жатышкандыгын кошумчалады Жанузаков.

- "Буларды эмне үчүн карабайсыңар? Анголада булар адамдарды алдашкан" десек, ал деген Анголада, башка мамлекетте болгон окуя. "Биз ал жак үчүн жооп бере албайбыз" дешүүдө.


Булардан тышкары Уланбек Исраилов деген жаран былтыр ноябрь айында Перм облусуна 53 киши болуп курулушка иштегени барып, кайра Кыргызстанга түрдүү кыйынчылыктар менен келгендигин айтып отурду. Ал эми Орусиянын Хабаровск аймагына барып алданып калган Бакыт Куандыков өкмөттүн мигранттарга жасаган мамилесине нааразы.

- Владивостокко мигрант катары барып сатылып кеттик кулчулукка. Ошону менен ал жакта жүрдүк. Миграция министрлиги эч жардам берген жок, өкмөттөн да жардам болгон жок.

Таасирдүү чаралар талап кылынат

"Замандаш" партиясынын төрагасы Муктарбек Өмүракунов быйылкы жылы айрыкча мигранттардын арасында кулчулукка туш болгондордун саны өскөнүн айтат.

Мухтар Өмүракунов
Өмүракунов мыйзамсыз миграциянын кесепети менен эмес, аны болтурбай коюу чараларын көрүү керектигин билдирүүдө.

- Азыр биз демилге көтөрүп жатабыз. Биринчи мыйзамсыз миграциянын себептери менен күрөшөлү жана алдын ала аракетерди көрөлү деп жатабыз.

Ал ошондой эле мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө Ички иштер министрлиги да иш алып барыш керек деп эсептейт. Өмүракунов ушул күнгө чейин чет мамлекетте мекендештерин алдап, мыйзамсыз миграция менен алектенген бир дагы кыргызстандык сот жообуна тартылбаганын айтат.

"Сактансаң сактайм дейт"

Көпчүлүк учурда оор тагдырга туш болгонуна мигранттар өздөрү күнөөлүү экендиги, эч кандай маалымат албастан жумушка кете беришери айтылып келет.
Алты ай мечитке барып, ошол жердеги мусулмандардан садака сурап жедик.


Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун кызматкери Бактыгүл Асанбаеванын айтымында, башка өлкөгө жумушка кетип жаткандарга мыйзамсыз миграцияга туш болуп калбашы үчүн алдын ала кеп-кеңештер берилет.

- Биздин министерликте, ар бир стуруктуралык бөлүмдөрдө, облустарда жана райондордо түз телефондор бар. Кайрылган кишилерге алдын алуучу маалыматтарды беребиз. Мигранттардын арасында тышка чыгууда кандай документ керек экенин билбегендер да бар.

Орто эсеп менен алганда беш жүз миң чамалуу кыргызстандык бүгүн мигрант катары күн өткөрөт. Алардын көбү Орусия менен Казакстанда иштейт. Акыркы окуялар көрсөткөндөй кыргызстаныктар бүгүнкү күндө Африка өлкөлөрүнө чейин жумуш издеп кеткени белгилүү болуп отурат.

XS
SM
MD
LG