Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Орусиянын улуттук валютасы рублдин куну кетип, жол кире кымбаттаганына карабай, иштөө үчүн Орусияга аттанган кыргызстандыктардын катары күн санап калыңдап баратат.

Бир аз мурда эле Орусияда иштеп келген Кенжебек Москвага кайра аялын алып кетип баратат. Анын айтымында, Орусияда иштөө шарттары жеңилдеп калды.

- Мурда патент деп, иштөөгө уруксат кагаздарын алчубуз. Ал документтер үчүн жок дегенде миң доллар, болбосо эки миң долларга чейин билинбей эле кетип калчу. Азыр жеңилдик боло баштады, ошондуктан кайра аялымды алып кетип баратам. Бирок рубль түшүп кеткенине беймаза болуп турам. Тиги жактан 30-40 миң тапкан учурда деле сом менен 20-30 миңге барабар болуп калды. Буга кошумча өзүңдүн жаныңды дагы багуу керек.

Москвага сапар вокзалдан башталат

Ошентип, эмгек мигранттарынын агымын маянанын аздыгы деле, жол киренин кымбаттыгы деле токтоткон жери жок. Жеке авиакассанын кызматкери Айгерим Амированын айтымында, азыр учакка билет баасы 20 миң сомдон ашты.

- Жайында билет негизи эле кымбаттайт. Көпчүлүгү келип үй-бүлөсүн Орусияга алып кетип атат, эс алганы келгендер бар. Бирок быйыл өзгөчө кымбаттады. 20-25 миң сомго Москвага учуп барса болот. Негизи билет баасы 7-9 миң сомдун тегерегинде эле болчу. Кышында 4 миң сомго чейин түшүп калат.

Бишкектеги Чыгыш автобекети

Бишкектеги Чыгыш автобекети

Билет баасы транспорттун бардык түрүнө үч-төрт эсе кымбаттаганы байкалат. Поезд менен Орусияга баруу 12-14 миң сомдон жогору бааланса, эң арзаны автобус менен каттоо болуп калды. “Кыргыз Транс Аэро” компаниясынын өкүлү Жылдыз Садырбекова учурда автобуска суроо-талап өскөнүн айтты:

- Мисалы, бардыгы билет сурап келип атышат, бирок баары сатылды. Азыр мына ишемби күндүн билеттерин сата баштадым. Көпчүлүгү “кара тизмеден” чыктык деп кайра кетип жатышат. Самолеттун баасы жогору болгонуна байланыштуу автобусту тандашууда. Себеби жолдон баратып тамак-аш жеши керек, анын баары чөнтөккө таасир этет да.

Асанбаев: 60 миң мигрант кетем деп турат

Кыргызстан ушул жылдын 12-августунан баштап ЕАЭБге расмий мүчө болгонуна байланыштуу эмгек мигранттары уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагында өз өлкөсүндөгүдөй иштөөгө мүмкүндүк алышты. Мындан ары кыргызстандыктар үчүн ишке уруксат кагазы, патент, тил билүү сынагы сыяктуу миграциялык тоскоолдуктар болбойт.

Кыргыз өкмөтү эмгек мигранттарынын агымынын күчөшүн дал ушул жеңилдиктерге байланыштырып жатат. Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев жарандардын жумуш менен камсыз болуп жатканы бир жагынан жакшы көрүнүш дегени менен, зыяны андан да көп болуп жатканын танбайт.

- Орусия, Казакстанга барабыз деген биздин жаштардын саны 50-60 миңге жетет деп божомолдоп жатабыз. Алар бизге 2 млрд. доллар которуп жатканы менен, Кыргызстанда иштесе андан да көп пайда алып келмек. Бирок аларга туруктуу жумуш, татыктуу маяна керек болуп жатат. Тилекке каршы биз эми гана мигранттарды кармап калуу боюнча программаларды карай баштадык.

Эки тараптуу макулдашууга ылайык, июль айынын башынан тарта кыргызстандык 49 миң мигрантты "кара тизмеден" чыгаруу жараяны башталган. Тыюу салчу тизмеден азырынча 5 миң жаран чыгарылганы айтылып, алар кайрадан эле Орусияга иштөөгө кетет деген божомолдор бар.

Кыргызстандын канча жараны чет өлкөдө жүргөнү боюнча өкмөттүн такталган маалыматтары жок. Буга байланыштуу тиешелүү министрлик Орусиянын Федералдык миграция кызматына таянуу менен мигранттардын санын чыгарып келет.

Федералдык миграция кызматы Орусияда 500 миңден ашык кыргызстандык эмгектенерин айтса, анын дээрлик жарымы мыйзамсыз иштеп жүргөнүн маалымдап келет. Бейрасмий маалыматтарда мекендештердин саны эки эсе көп экени айтылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG