Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Мигрант көзүн кызарткан кыргыз паспорту


Кыргыз паспорту
Кыргыз паспорту

Орусияда жумушка оңой орношууну каалаган мигранттар кыргыз паспортун жасатып алышууда. Серепчилер Кыргызстан ЕАЭБга кошулгандан бери бул көрүнүш күч алганын айтышат.

Айбек Москвада алты жылдан бери куруучу болуп иштейт. Ал мигранттарга таандык маселелерди чечүүнүн жолдорун угуп, жаттап бүткөндөрдүн бири. Анын айтымында, кыргыз паспортуна өзгөчө өзбек, тажик мигранттары арасында суроо-талап күчтүү:

- Биздин паспорт менен ишке орношуу жеңил. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенге чейин деле, киргенден баштап да кыргыз паспортторун өзбек, тажик улутундагылар көп алып жатканын угуп жатабыз. Маселен, Москвада Казань автобекетинде каалаган документиңди жасап беришет. Аларда биздин ID картаны жасаган станоктор да бар экен.

Москвадагы Казань автобекетинен сырткары, метродо, көчөдө “паспорт жасап берем” деп, ачык эле кызмат сунуштаган жарандарды учуратууга болот. Мындай кызматтан пайдалангандар арасында Кыргызстандын жарандары да бар.

Байкоочулар Кыргызстан ЕАЭБга кошулгандан баштап мыйзамсыз жасалган паспорттордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө. "Жаңы муун” кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков бул көрүнүштү улуттук коопсуздукка шек келтирет деп баалады:

- Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирген соң бул тенденция күчөйт. Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары биримдикке кирбегендиктен, андагы көрсөтүлгөн жеңилдетүүлөр менен алар дагы иштегенге ынтызар. Бул жагдайдан чыгуунун бир жолу - арзан, жасалма кыргыз паспортун сатып алып, ишке орношуу. Бул көрүнүштү жоюу үчүн, паспортту чыгаруу, паспорт берүү жаатында алгылыктуу иштер, реформа болушу керек. Антпесе бул көрүнүш улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылдан бери 40 миңдей жаранга мыйзамсыз паспорт берилген. Кыргыз паспортун бозгундагы казак оппозициясынын өкүлү Мухтар Аблязов, "кылмыш дүйнөсүнүн лөгү" деген грузиялык жаран Роман Барбакадзе алып жүргөнү аныкталган. ИИМ жарандар аты-жөнүн өзгөртүп, мыйзамсыз паспорт алуу үчүн 200 доллардан 1500 долларга чейин пара сунушташарын жарыялаган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, Кыргызстан боюнча былтыр 495 миң 375 паспорт берилген. Алардын 300 миң 675и ички ID паспорту, 194 миң 670и жалпы жарандык паспорт. Басымдуу бөлүгүн тажик, өзбек улутун түзгөн үч миңден ашуун адам Кыргызстандын жарандыгын алышкан.

Аталган кызматтын алдындагы жарандарды каттоо департаментинин башкы адиси Аскат Тойгожоев башка улуттун өкүлдөрүнө мыйзамдык негизде гана паспорт берилерин айтты:

- Башка өлкөнүн жарандары кыргыз атуулдугун атайын жарандык боюнча мыйзам, Президенттин буйругуна ылайык алышат. Мыйзамда атайын тартиптер көрсөтүлөт. Мисалы, кыргыз жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгү өзбек, тажик улутундагылар. Тажикстан менен биздин өлкөнүн ортосунда атайын келишим бар. Өзбекстан менен жок. Ал макулдашууга илешкен саналуу адам Кыргызстанга көчүп келген күндөн тарта жарандыгын алмаштырууга документтерин тапшыра алат. Калгандары, өлкөдө беш жыл жашагандан кийин гана жарандыгын алмаштырса болот.

Орусия быйылкы жылдын 1-январынан тарта өз аймагына кыргыз жарандарына ички паспорт менен кирүүгө тыюу салып, кийин Кыргызстандын суранычы боюнча ал чечимди өзгөрткөн. Учурда Кыргызстандын жарандары Орусия Федерациясынын аймагына ички паспорт – ID карта менен кире алышат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG