Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Жогорку Кеңештин депутаттары Аскер сотун жоюу демилгесин көтөрүп жатышат. Алар аскер судьяларын жарандык соттордун курамына киргизип, бюджетти оптималдаштырууну көздөөдө. Аскер соту демилгеге каршы болуп, эл өкүлдөрү алардын иштөө өзгөчөлүгүн түшүнбөй жатканына нааразы.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров жарандык сотторго караганда аскердик соттордун жүгү алда канча жеңил деп эсептейт. Анын эсебинде бир айда жарандык судья 40тан ашык ишти караса, Аскер соту болгону тогуз ишти карайт, ошол эле маалда анын алган айлык акысы салыштырмалуу бир топ эле жогору. Мындан улам эл өкүлү Аскер сотуна бөлүнгөн каражатты оптималдаштырып, аскер судьяларын жарандык соттордун курамына киргизүүнү сунуштап жатат.

- 14 кишини жарандык сотторго берип, ошол эле штаттары менен барып иштей беришет. Тек гана булардын төрага, төраганын орун басары дегендери болбой калат. Имараттарды ээлеп отурбай калышат. Анан Орусияда, Кытайда, АКШ да бар деп салыштырып жатышпайбы. Эми алардын аскери көп да. Бизде андай армия жок да. Болгону 20 миң кишибиз бар. Анан ошолорго 14 судья. Калган 6 миллион кишини тейлеген судьяларчы, аларды да эсептеп көрүңүз да.

Кыргызстанда жалпы 400дөн ашык судья бар. Маселен, 2012-жылы жарандык соттор 180 миңдей ишти караган.

Аскер сотунун төрагасы Нурлан Ашымбеков алардын түйшүгү жеңил деген дооматтарга караманча каршы. Анын маалыматында Аскер сотунун 14 судьясы 2015-жылы 402, 2016-жылы ушул күнгө чейин 307 ишти караган. Айына болгону тогуз эле ишти карайт деген соттордун көп убактысын, ресурсун көчмө жыйындар алаарын белгилеген төрага эгер эл өкүлдөрү сот реформасын Аскер сотун жоюу менен гана ишке ашырып, ошондон эле оңоло түшөбүз десе, терең жаңылышарын эскертет.

- Эми андай болсо, анда армияны деле жоюп салыш керекпи? Бизге армиянын кереги жокпу? Азыркы маалда дүйнө жүзүндө терроризм, экстремизм дегендер күчөп жатат. Жакында эле теракттар болду. Ошол маалда Аскер сотун жоюп жиберген туура эмес деп ойлоп жатабыз. Аскер соттору өздөрү аскер кызматкери болуп саналат. Ал иш болсо күндүр-түндүр барып карай берет. Мисалы, өзгөчө кырдаалдар болсо аскер соттору ошол жерге барып иштей бергенге укугу бар. Жарандык судьялар барбайт да.

Жогорку Соттун мурдагы судьясы, юрист Курманбек Осмонов дагы аскердик-укуктук мамилелерди жалпы юрисдикциялык сотторго берип салуу туура эмес деген көз карашта.

Ал куралдуу күчтөр мамлекеттин маанилүү таянычы болуп турган соң, андагы укуктук мамилелер тийиштүү мыйзам актылары, атайын устав-жоболор менен тейленерин белгилеп, бул чөйрөдөгү жарандык ишти же кылмыш иштерин аскер дүйнөсүнүн өзгөчөлүктөрүн мыкты түшүнгөн аскер кызматкери гана карашы керектигин кошумчалады.

Ал айрым депутаттар эптеп саясий рейтингин көтөрүү үчүн олуттуу көрүнгөн маселелерге ыксыз эле жармашып жатканын айта кетти:

- Эми аны жоюп салууга андай зарылчылык деле жок болушу мүмкүн. Жөн эле ошол бир орчундуу маселе боюнча демилге көтөрүп коелу деп, өздөрүнүн саясий рейтингин көтөрүү максаты болсо керек. Чынында демилге көтөрүп жаткан адамдар юриспруденциянын аки-чүкүсүн, ошол Аскер сотунун майда-чүйдөсүн жакшы түшүнө бербеген кишилер болуш керек деп ойлойм.

Аскер сотуна байланыштуу маселе 2011-жылы эле көтөрүлүп, ал жарандык коом менен талкууланганын укук коргоочу Рита Карасартова эске салды. Ошондо да аны жоюп салуу сунушу талкууланган. Укук коргоочунун пикиринде, Аскер сотун абдан жабык иштеп келе жаткан мекеме, эгер ал жарандык соттордун курамына киргизилсе, ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турууга шарт түзүлмөк.

- Жыргал ошолордуку да, эки-үч ишти карап коюп, жакшы айлык алып отургандын эмнеси жаман? Бизге окшогон укук коргоочулар аларга байкоо жүргүзө албайт. Аскер гарнизонунда автомат менен отурса кирип көр. Андай иште мен деле иштегим келмек, айлыгымды төлөп, эч ким мени көзөмөлдөбөсө. Жөн эле жоюп салбай, ошол соттор тандалып келген десе, анда аларды жөнөкөй сотторго кошуп, аскердик чиндерин алып салсын. Соттордун өз айлыгы деле чоң. Анын үстүнө дагы кошулуп көбөйүп жатпайбы.

Кыргызстанда ушул тапта Республикалык Аскер сотунда, аймактардагы төрт гарнизондук соттордо 14 судья, 46 штаттык аппарат кызматкерлери иштейт. Жалпы аскердик сотко жылына бюджеттен 23 миллион сом бөлүнөт. Андагы соттор 50 миң сомго чейин айлык алышат. Мунун 50 пайызы аскердик кызматкер катары кошумча чегерилген акча болуп саналат. Ал эми Кыргызстанда жалпы соттор орточо 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айлык алышат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG