Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Москва: элчиликтен жардам күткөн эне-бала


Гүлсара Тохтахунова кызы Муштарибо менен.
Гүлсара Тохтахунова кызы Муштарибо менен.

Москвада 14 жаштагы кызын ээрчиткен Гүлсара Тохтахунова аттуу келин Кыргызстандын элчилигине эки жылдан бери жардам сурап кайрылып жүрөт.

36 жаштагы Гүлсара Тохтахунова өзүн “кыргызстандыкмын, Кыргызстанда төрөлгөм” дегени менен жарандыгын аныктоочу, ким экендигин тастыктоочу бир дагы жарактуу документи жок. Жанында ээрчиткен 14 жаштагы кызы Муштарибонун да расмий түрдө эч бир өлкөнүн жарандыгы жок.

Гүлсара тогуз жыл мурун беш жаштагы кызын ээрчитип Кыргызстандан чыгып, Орусиянын чек арасын машине менен өткөнүн айтат.

- Мен Кыргызстандын Базар-Коргон районунда төрөлгөм. Андан кийин Кара-Суу районундагы Савай айылына көчкөнбүз. №100 Кызыл Кыргызстан мектебинде 7-классты бүтүргөм. Ата-энем 1988-жылы авариядан каза болгон. Андан кийин мен күйөөгө чыгып, эки балам менен ажырашып кеткем. Көчөдө калгандыктан Москвада иштеп, жакшы болуп кетемби дегем. Документ тууралуу түшүнүгүм болгондо Москвага басып келбейт элем.

14 жаштагы Муштарибону энеси паспорт алса, анын арты менен документтүү болуп мектепке барууну самайт. Кат-сабаты жоюла элек өспүрүм кыз Москвада бир топ жылдан бери наабайчы болуп иштейт. Акыркы жумада эле полиция эки жолу кармаган.

Кара-Суу районунун Савай айылынын тургуну Мамасадык Эшматов Тохтахуновдордун үй-бүлөсү менен жакындан тааныш болгон.

- Мен ата-энесин жакшы тааныйт элем. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда төрөлүшкөн. Атасы Кадыракун Токтакунов ГАИде иштечү. Булар кийин Кара-Сууга көчүп келишкен, ошондо туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок келишкен окшойт. Мен жардам берем деп архивдерден маалымат издеп, эч нерсе таппай койдум. Ал кызды төрөлгөнүнөн бери билем. Мен шоопур болуп, өзүм карасуулук болсом да, Базар-Коргонго көп барып келчүмүн. Бул анык нерсе. Ата-энеси авария болуп, энеси бир күндө өлүп калды, атасы болсо бир жылдан кийин өлдү, бул кыз көчөдө калды...

Гүлсара Тохтахунованын күбөлүгүнүн көчүрмөсү
Гүлсара Тохтахунованын күбөлүгүнүн көчүрмөсү

2007-жылдын февралында Гүлсара Тохтахунованын ишин караган Ош облусунун Кара-Суу райондук соту райондук Жарандык актыларды каттоо бөлүмүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүгө милдеттендирген.

Бирок сот чечими күчүнө кире электе Орусияга чыгып кеткен Гүлсарада күбөлүктүн көчүрмөсү эле бар. Мындай көчүрмө менен эне-бала Орусиянын чек арасынан өтүп, Кыргызстанга чыгып кете албайт.

Юрист Мирбек Токтошев бул маселени чечүүгө Кыргызстандагы Акыйкатчы институту менен укук коргоочулар кийлигишсе, муз ордунан жылат эле деген пикирде. Юрист Орусияда эч кандай документсиз жүргөн эне-бала мындан да оор акыбалга туш болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

- Орусияда миграциялык режимди бузуп жүргөндүктөн сот аркылуу аныкталып, камакка алынса, анда бул адамдарга катуу санкциялар колдонулуп калышы мүмкүн. Анда алардын өздүгүн аныктоо иштери татаалдашып, көп убакыт кетет. Андайга жеткирбөө үчүн, албетте, биринчи өзүнүн аракети керек. Биринчи кезекте Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу зарыл. Бирок колунда өздүгүн аныктаган бир дагы документ жок болгондуктан, бул адам азыр өлкөдөн чыгып кете албайт, күбөлүктү алууга башка бирөөгө ишеним кат да жазып бере албайт.

Москвадагы Кыргызстандын элчилиги Бишкектеги Мамлекеттик каттоо кызматында Гүлсара Тохтахунованын атына улуттук паспорт берилген эмес деген маалымдама берүү менен гана чектелген. Ал эми консулдуктун кызматкерлери кыргыз жарандыгын алуунун ар кыл жолдорун издеген шылуундар көбөйгөнүн айтып чочулашат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG