Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Имамдар: мечиттеги уурулардан сак болгула


Акыркы учурларда мечиттерде бут кийимдерин же сырткы күрмөлөрү менен кошо баалуу буюмдарын уурдаткандар көбөйдү.

Намазга келгендер мечиттин ичине кирип кеткен соң колу туткактар "ишке чыгышат". Мындан улам дин аалымдары видео байкагыч орнотуп, бирок ал да жардам бербей, уурулугу кармалгандарга кылмыш иши козголгону менен, мындай көрүнүштөр тыйылбай келүүдө.

Жакында эле Лебединовка айылындагы намазга келгендердин илинип турган сырт кийимдерин аңтарып, чөнтөгүнөн акчасы менен баалуу буюмдарын уурдап жаткан адам тартылган тасма интернетте тарап, коомдо кызуу талкуу жаратты.

Дамир аттуу шаар тургуну уурулукту чоң күнөө деп билет.

- Бирөөнүн буюмун уурдаган кантип жакшы болсун? Ал аны маңдай териси менен тапты да. Ал адам бул дүйнөдө жазасын албаса да, сөзсүз азабын тартат. Ар бир жасалган жамандык өзүңө кайтып келээрин эч качан унутпа. Эгер ал күнөөсүн моюндап, Жараткандын алдында тобо келтирсе күнөөсү кечирилет, ал эми уурулукту кесип кылып алган болсо, анын жазасы өтө катаал болот.

Мечиттерде бут кийим уурдоо күч алды

Мечиттерде бут кийим уурдоо күч алды

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар Бишкектеги мечиттерде бут кийим уурдоо көбөйүп баратканына тынчсыздануусун билдиришти.

Бишкек шаардык казысынын жардамчысы Мухамед Анаркулов “Азаттыкка” маек куруп, мындай фактылар байма-бай катталып турарын, намазга келгендерге баалуу буюдарын өздөрү менен кошо алып, уурулардан сак болуусун эскертип турушарын айтат.

- Ар бир намаз учурунда биз тараптан эскертүүлөр айтылганына карабастан, бут кийимдерин, күрмөлөрүн илип койгон жеринен уурдатып жиберген учурлар кездешет. Көп учурларда момун мусулман балдары арыз жазбай, Алланын алдында аларга кечирим берип, чын ниеттеринен коё беришет. Биз Ички иштер башкармалыгы менен сүйлөшүп, видео байкагыч орноттук. Ошого да карабастан уурулар акмалап жүрүшөт.

Мухамед Анаркуловдун айтуусунда, мечиттерге уурулар тобу менен да келиши мүмкүн. Мындай көрүнүш Кыргызстанда гана эмес, араб өлкөлөрүндө да көп эле болот дейт. Кээ бирлери колунда болбогондуктан, айрымдары аны кесип кылып алганын айтып, динде уурулукка тыюу салынганын, эгер шарыят боюнча соттой турган болсо аларга оор жазалар берилмектигин айтты.

- Куранда уурулук кылгандарга ар кандай жазалар каралган. Ал эми азыркы заман талабына жараша аларды атайын кармап соттой турган мекемелер жазаларын беришет да.

Деген менен дин кызматкерлери мечитке келген намазкөй адамдарды уурулардан торуна түшүүдөн сак болууга чакырууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчылыгы Лебединовка айылындагы факты боюнча учурда кылмыш иши козголгонун, андан башка да ондон ашуун уурулук боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын мурдагы орун басары Канат Мурзахалилов ар бир иш адамдын өзүнүн адеп-ахлагына байланыштуу болоорун, баары бир “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганарын” айтат.

- Биз канчалык видео орнотпойлу, ууруларды кармап соттобойлу, адамдык нысабына байланыштуу болот. Эгер ал адам уурдайм десе уурдайт, алам десе алат. Ошондуктан ар бир адамга Жараткан ыйман гана бербесе бул көрүнүш токтобойт деп ойлойм.

Окумуштуу Эмил Жумабеков мечиттерде ушундай окуялардын орун алып жатканы кейиштүү экенин айтат.

- Мен намаз окубайм, мечитке да барбайм. Ал жакка барбасам да уурулук кылба деген түшүнүгүм бар. Менимче жакыр турмушта жашагандар кандайдыр бир муктаждыктан улам ошондой ишке барып, же такыр эле ошондой нукка түшүп алгандар болушу да мүмкүн.

Бул окуяга чейин борбордук мечитте да уурулук менен шугулдангандар кармалган. Аларга кылмыш иши козголуп, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Бишкек казысынын жардамчысынын айтуусунда, колу туткактар жыл санап көбөйүп жатат. Буга чейин Орозо айында битир-садака салынуучу кутуча уурдалып, андай фактылар башка мечиттерде да катталган дейт.

Мечиттердеги колу туткактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG