Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Мурас-Ордо: Берчи мага жарым кашык таза суу


Конуштун тургундары ушул жерден чыккан сууну ичүүгө мажбур.
Конуштун тургундары ушул жерден чыккан сууну ичүүгө мажбур.

Бишкекке ирегелеш Мурас-Ордо жаңы конушунун бир катар тургундары “Азаттыкка” кайрылып, баш калаага караган бул конушта кыйла жылдан бери таза суу, жол, мектеп жана башка маселелери чечилбей келатканына даттанышкан.

Мурас-Ордо жаңы конушу Бишкектен 35 чакырым алыста жайгашкан. Бишкек шаарына кирген бул конушта миң түтүндөн ашуун адам жашайт экен.

Мурас-Ордо айрым башка конуштардай жер басып алуудан пайда болгон эмес дешет. Бул жер Бишкек шаардык мэриясы тарабынан 2005-жылы бюджетте иштеп, жер алууга кезекте тургандарга бөлүнүп берилген. Бирок конуш тургундары ошол жылдан бери бир топ маселелер чечилбей калатканына нааразы болушууда.

Суу - негизги көйгөй



25-30 метр тереңдиктен сордурулуп алынган суу чын эле ылайланып чыгат экен. Тургундардын айтымында, суудан саргарып калган идиштер жууса да кетпейт. Бирок оюнга тойбогон өспүрүмдөр чуркап келип суудан жутуп, кайрадан оюнун уланта беришет.

Мурасордолук Жылдыз Жунусова бул сууну ичмек турсун, кир жууганга да жарабайт дейт.

- Билбейм, бул суу шор го?! Балдардын ден соолугуна деле жаман. Кир жууйбуз, ал сууга кири деле жакшы кетпейт.

- Кичинекей балдарыңыз бар экен, суу ташыганга кантип жетишип атасыз?

- Жолдошум келгенде ташып берет. Ошону күтөбүз. Дагы кичине балам бар, бөбөк. Сордурма суу деле алыс бизге. Даамы да башкача, иче алган жокмун.

Шаардан бир топ эле алыс жайгашкан Мурас-Ордого 10 сомдон бир гана маршруттук унаа каттайт. Мурда 20 сомдон каттачу экен, эли улам чогулуп отуруп бул маселени чечишиптир. Ал дагы ар бир жарым саат, бир саатта келет дешет. Эгер шаарда иштеген же окуган адам кечки сегизден кеч калса, үйүнө келе албай калат. Анткени маршрутка кечки сегизге чейин гана жүрөт.

Мурас-Ордо конушу Озерный айылына улай жайгашкан. Андыктан айрыкча жаан жааган учурларда саз жыттанып турат дейт конуштун дагы бир тургуну Нурзат Казакова.

- Балык кармаган көлчөлөр бар. Маршруткада баратканда эле кадимкидей жыты келет. Маршрутка айдагандар болсо жолдун начардыгынан ыйлашат, "унаабыз жолго түтпөй турган болду" дешет.

Айла жок, бекер жер болгондон кийин үй салып алып, батирге жашабайлы деген эле оокат да. Мурас-Ордонун алды, жака бели саз болгондуктан кээ бир үйлөр ным болот. Мисалы менин кошунам кышы менен эле төшөктөрүн жайып чыгат. Ным болгон үчүн жайып атты да, өздөрү начарыраак жашайт, бооруң ооруйт.

Чай куйсаң чайдын үстү сапсары болуп каймактап калат. Конок келгенде чай бергенден уяласың. Качан таза сууга жетебиз деп эле жашайбыз. Өткөндө кошунам "суу алсам курт чыкты" деп айтып атат.


Жол азабы, көр азабы

Мурас-Ордодо жол маселеси да орчундуу экен. Конуштун борбордук жолуна төгүлгөн шагыл жуулуп, жерге чөгүп, жол өңгүл-дөңгүл абалга келген. Ал эми калган жолдору топурак бойдон турат. Мурас-Ордонун квартал башчысы Кыдырма Абакиров:

- Эки жыл мурда ОКГС аркылуу борбордук көчөгө 3 чакырым жерге шагыл төгүлгөн. Ал да чала, нормалар эске алынбай жасалып калган. Азыр ал шагыл чөгүп кеткен. Унаа такыр кире албайт. Ошону да чечип бергиле деп кайрылсак "каражат жок" дешет.

Жаан-чачында бутубузга целлофан кийип барып маршруткага түшөбүз. Маршуртка Мурас-Ордо айылына кирбей калат. Алган продуктуларыбызды, курулуш материалдарыбызды бир чакырым жерге чейин көтөрүп келебиз
.

Чындыгында бул жолдордун тозогу жаан жааган учурда билинет экен. Анткени беш мүнөт жааган жаандан жер баткакка айланып, биз барган унаа тыгылып калды.

Жалпысынан Мурас-Ордодо 2400 жер тилкеси бөлүнүп берилген. Алардын бардыгында эле тамдар курулган эмес. Бирин-серин бош жерлер, пайдубалы же жарым-жартылай курулуп сатылат деп жазып койгондор да жок эмес.

Жарык үчүн үстүндөр (столбалар) борбордук көчөлөрдө гана орнотулган. Калган көчөлөрүндө билектей болгон таяктарды орнотуп зым тарттырып алышыптыр.

Мурас-Ордо жаңы конушу Бишкектин Биринчи май районуна карайт. Аталган райондун акиминин орун басары Руслан Акылбеков көп маселелер каражатка байланыштуу экенин билдирүүдө.

- Колубуздан келишинче тегиздеп бергенбиз. Бирок келерки жылдарга 15 чакырым жер жасалыш керек деп планга киргизгенбиз.

Каражат маселеси чечилсе эле ал маселенин үстүнөн иш жүргүзө баштайбыз.


- Жарык киргизилген дедиңиз. Бирок ар бир үйгө ичке гана таяк орнотулуп, жарыкты киргизип алышыптыр.

Мурас-Ордо өзү деле ачык талаа экен. Шамал да акыркы кезде көп болуп атат.

Таяктар кулап, ачылган жерине балдар урунуп алса ким жоопкерчилигин алат? Ошолорду столба коюп, бекемдеп берүү мүмкүнбү?


- Шаардын бюджети жакында эле каралды. Каражат болбосо эч ким бизге бекер бербейт да.

Бир гана электр энергия эмес, суу, мектеп, жол. Каражатка байланыштуу болуп атат, эгер бул маселе чечилсе мектеп, бала-бакча салынган гүлдөгөн конуш болот эле.


Мурас-Ордодо мектеп курула элек болгондуктан балдар Озерный айылынын мектебине барышат. Конуш тургундары окуучунун санынын көптүгүнөн сабактар жакшы берилбей, 1-класстын балдарын албай койгон учурлар болгонун айтышат.

Бала бакча жок болгондуктан бөбөктөрдүн көбү үйдүн айланасында жер тырмалап ойношот экен.



Аталган конушта бир топ жылдан бери жашагандар бул жерге тез жардамдын келгенин деги көрүшпөптүр.

Бирок мурасордолуктарды кубандырган бир жаңылык бар экен: бул бейтапкананын курулуп жатканы. Учурда анын пайдубалы бүтүп, дубалы курула баштаптыр.

Куруучулардын айтымында, бул Араб фирмасынын көмөгү менен курулуп жаткан экен. Курулуш иштери ушул жылдын октябрь айларында бүтүп калат дешет.

Жолдун татаалдыгы, алыстыгынан көп учурда балдарын эмдөөгө алып баралбай, кечиккен ата-энелер бейтапкананын бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүшүүдө...
XS
SM
MD
LG