Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Кочкор: мугалимди митингге түрткөн маяна


Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы мектептин мугалимдери тоолуу аймакка берилчү кошумча коэффициентти калыбына келтирүүнү талап кылып 20-мартта нааразылык акциясына чыгышты.

Маселе чечилбесе мугалимдер жамааты 31-мартта иш таштарын эскертишти. Өкмөттүн аныктамасы боюнча бийик тоолуу аймак категориясына деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору жайгашкандар кирет.

Семиз-Бел айылы бийик тоолуу аймак категориясынан он метр төмөн жайгашкан. Эксперттер эгер өкмөт билимдин сапатын ойлосо Нарындын катаал шартында иштеген мугалимдерге категорияга карабай, бирдей айлык төлөп берүү керек деп эсептешет.

Нааразылык акциясына Семиз-Бел айылындагы орто мектептин отуздан ашуун мугалими чыкты. Алар өздөрүнүн бул аракетин “буга чейинки кайрылуулар, өтүнүчтөр көңүл сыртында калгандан кийинки аргасыз кадам" деп түшүндүрүштү.

Математика сабагынан берген мугалими Темирбек Эсеналиев буларды белгиледи:

- Биздин маселебиз буга чейин эмгек акыбызга кошулуп келеткан 20 пайыз коэфициенттин алынып салынышы. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана тиешелүү министрликке кайрылганбыз. Бирок көңүл жубатарлык жооп айтышкан жок.

Бийик тоолуу жана алыскы айылдардын тизмеси 1997-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Мындай айылдарда жашап, иштегендерге социалдык жеңилдиктер, кошумча каржылоо каралган.

Бийик тоолуу аймак деген категорияга деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору жайгашкандар кирет. Кыргыз өкмөтү бул тизмени кайрадан иретке салып, ноябрь айынан тарта шайкеш келбеген айылдардагы төлөмдөрдү токтоткон. Алардын катарында Семиз-Бел да бар.

Билим берүү министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси Салмоорбек Асанов жогорудагы 20 пайыз кошумча акы тийиштүү эрежелерди бузуу менен берилип жүргөнүн айтты:

- Бир жарым коэффициент менен берилип жаткан төлөм 1800 метр бийикте жайгашкан жердеги мектептерге төлөнөт. Ал эми бул мектептики 1790 метр болуп жатат. Маселени мыйзам негизинде гана чечүүгө болот.

Ал эми өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева мугалимдердин коюп жаткан талабына бир гана түшүндүрүү иштери жардам берерин белгиледи.

- Айыл жергесинде бир үйдөн бир киши иштеп акча таап жатканда айлыктын азайып калышы чоң таасир берет. Бирок мыйзамдуу өлкөдө жашап жатканыбызды аларга түшүндүрүүбүз керек. Бул үчүн айылдык кеңештин депутаттарын, айыл аксакалдарын чакырып, алар менен бирге айтканга аракет кылабыз.

Кочкор районунун жогоруда аталган эки айылынын бийик тоолуу аймакка шайкеш келиши үчүн 10 метр жетпейт. Себеби, Семиз-Бел жана Арсы айылдарынын деңиз деңгээлинен 1790 метр бийиктикте жайгашкан.

Нарындагы шарттын өзгөчөлүгү көйгөйлүү маселе. Бул былтыртан бери эле айтылып келе жатат. Мен мугалимдерди толугу менен колдойм. Себеби 10 метр эмес 200 метр айырма болгон күндө да жашоо-шарты бирдей.
Мырза Капаров

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Мырза Капаров жаратылыш шарты катаал Нарында чыдап иштеп жаткан мугалимдердин түйшүгүн жакшы билерин белгиледи:

- Бизде жалпы эле мугалимдердин айлык акысы өтө аз. Көп берип жатабыз, бюджеттин 25% мугалимдердин айлыгына кетип жатат дегени менен негизги бюджетибиз аз да. Билим берүүнүн сапаты түшүп кеткенинин себеби да ушунда. Нарындагы шарттын өзгөчөлүгү көйгөйлүү маселе. Бул былтыртан бери эле айтылып келе жатат. Мен мугалимдерди толугу менен колдойм. Себеби 10 метр эмес 200 метр айырма болгон күндө да жашоо-шарты бирдей.

Ушундай эле нааразылык менен Кочкордун Арсы айылындагы мектепте да бар. Кочкор районунун Семиз-Бел жана Арсы айылдарындагы эки мектептин 400дөй окуучусуна 62 мугалим сабак берет. Жыл жаңыргандан бери алар демейдегиден орто эсеп менен 2 миң сомдун тегерегинде аз маяна алышкан. Буга чейин бул мугалимдердин орточо айлыгы 12 миң сом болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG