Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Айрым массалык маалымат каражаттары Риодогу Олимп оюндарында коло медалынан допинг колдонду деп айрылып калган кыргызстандык спортчу Иззат Артыков насыбай чеккени тууралуу жазып чыгышты.

Бирок Иззаттын насыбай чегерин же чекпасин өзүнөн тактоого мүмкүн болгон жок. Ал арада насыбайдын курамында тыюу салынган стрихнин заты болушу мүмкүн деген жоромол коомчулукта кызуу талкууланууда. Спортчулар бул затты колдонсо болобу? Анын курамында чын эле стрихнин барбы?

Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону, бир катар эл аралык жарыштардын жеңүүчүсү Мирбек Сүйүнбаев азыр Олимп оюндарынын катышуучусу Иззат Артыковдун айланасында болуп жаткан чырга таң калып, окуянын соңу эмне менен бүтөт деп түпөйүл. Ал өз тажрыйбасында насыбай сыяктуу заттарды эч качан колдонбогонун айтып, спорт менен машыккандар аны чексе, кесиптик деңгээлин эч качан көтөрө албайт деген пикирде:

Баткен насыбайы

Баткен насыбайы

- Мен эми өз башыман өткөндү айтып берейин, ушул спорттук тажрыйбамда нас чеккен жокмун, чылым тартпадым, арак ичпедим. Болгон жетишкендиктердин баары маңдай тер, эмгектин арты менен болду. Олимпиада чемпиону болгон Каныбек агабыздын 15 жыл мурда айтканы эсимде. Ал кыргыздын кадимки эле чучук, казы-картасын жеп, кымызды ичип күч-кубат алгыла дечү. Ошол кеңеш менен иммунитетимди чыңдап, салмак да кошчумун. Спортто негизи алдоо, көз боёмочулук болбошу керек, кыңыр иш кырк жылда билинет. Жаш спортчуларга айтарым, эмгектин арты менен баарын багындырыш керек.

Кыргызстандын кикбокс боюнча курама командасынын ага машыктыруучусу, өзү да бир катар чемпионаттын жеңүүчүсү Тахир Марасулов кесипкөй спортчу эч качан насыбайга жолобосун айтты:

Насыбайдан тазаланбаган никотин баш болуп оор канцерогендүү, ракты козгоочу заттар чыккан. Стрихнин сыяктуу анаболикалык стероиддерди тапкан эмеспиз.

- Насыбайдын курамында стрихнин барбы же жокпу аны билбейм. Эми муну лабораториялык деңгээлде далилдеп, аныкташ керек да. Мен тааныган айрым спортчулардын болжол менен 5 пайызы нас чегет. Мурда көп чегишчү эле. Кийин анын зыянын түшүнүп таштагандар болду. Маселен, кикбокс бул чабуул койгон спорттун түрү да. Анын үч, беш же андан да көп айлампалары болот. Нас чеккен кишинин иммунитети түшүп кетет. Ал ошол айлампалардан эле өтө албай, денеси шалбырап калат. Анын үстүнө нас мээ менен жүрөктү да алсыратат.

Кесипкөй спортчулардын көбү эле насыбайдын курамында тыюу салынган стрихнин заты болушу мүмкүн эмес деген пикирде. Ушундан улам аны даярдап саткандардан да бул заттын курамында эмне бар экенин сурадык. Соодагер Нургазы буларга токтолду:

- Насыбайдын тамекиси Баткенде өсөт да. Негизи курамында тамеки жалбырагы анан суу эле бар. Акиташ, тооктун кыгы же дагы башка чычкан өлтүргүч заттар бар деген болбогон кеп. Чычкан өлтүргүч деген уу да. Ууну кантип биз наска кошолу?

Насыбай

Насыбай

Насыбайдын курамындагы заттарда чын эле анаболикалык стероид катары саналган стрихнин заты барбы деген суроо менен Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун чылым чегүүгө каршы күрөшүү боюнча координатору Чынара Бекбасаровага кайрылдык. Жакында эле атайын буюртма менен насты АКШдагы лабораторияда текшеришип андан табылган заттар тууралуу тыянак чыккан:

- Алгач насыбайдын курамында допинг заты бар деп айтканга далилдөөчү бир база болуш керек. Анан эч кандай далилдөөчү каражат жок туруп эле стрихнин кошулган деп айтуу туура эмес. Бизде насыбайды изилдөөчү лабораториялар жок, анын курамын тактап берген кесипкөй адистерди да таба албайбыз. Андыктан биз АКШдагы өнөктөштөрдөн суранып, курамындагы заттарга химиялык анализ жасап бергиле деп жибергенбиз. Натыйжада бул анализден тазаланбаган никотин баш болуп оор канцерогендүү, ракты козгоочу заттар чыккан. Стрихнин сыяктуу анаболикалык стероиддерди тапкан эмеспиз. Негизи насыбай кыргыздардын жашоосуна 18-кылымдан тарта кириптир. Ошондон бери азыркыга чейин анын курамындагы заттарды толук изилдөө болбоптур.

Бекбасарова насыбайга арак жана тамекидей эле салык киргизүү керек деген пикирде. Болбосо арзанына карап, аны чеккендер көбөйүп жатат дейт:

- Азыр насыбайды жаштар аябай көп тартып жатышат. Себеби тамекиге карата салык жогору. Бул болсо көзөмөлдөнбөй калып жатат. Бул эми туура эмес саясат да. Бул затка да салык салып, медициналык жактан зыяндуу экенин билдирген сүрөттөр чапталса, балким азаймак. 2014-жылы биз жети облуста жана Бишкек шаарында изилдөө жүргүзгөнбүз. Ошондо 12 жаштан 15 жашка чейинки мектеп окуучуларында нас чеккендер, алардын ичинен кыздар үч эсе көп экени аныкталган. Ал эми эркек балдар арасында эки жарым эсеге көп катталды. Эми ушунун баары 13, 15 жаштагы мектеп окуучулары, муну эмне деп айтсак болот? Себеби алардын тамеки сатып алганга тыйыны жетпейт. Насыбай болсо мына мени алып колдон деп эле көчөдө, эшиктин алдында көзөмөлсүз сатылып жатпайбы. Бул затты каттуу чектөөгө алуунун аракетин жасап жатабыз.

Акыркы жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча, Кыргызстанда тамеки тарткандардын саны азайганы менен, насыбайга ооп кеткендер айрыкча өспүрүмдөр менен кыз-келиндер арасында көбөйүүдө. Ушундан улам бул затты көзөмөлгө алып, анын саламаттыкка тийгизген таасирин тереңден изилдеп, далилдегенден кийин мыйзамдык толуктоолорду киргизүү зарылдыгын адистер белгилешүүдө. Апрель айында эле Жогорку Кеңеште насыбай сатууга тыюу салуу боюнча талкуу болгон эле. Эми ошол насыбайдын аты Олимп оюндары сыяктуу эл аралык спортко чейин жеткенине спортчулар да кабатыр экенин байкаса болот.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG