Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Иззат Артыков: Мен тазамын


Изат Артыков
Изат Артыков

Риодогу Олимпиадада коло медалды жеңген Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагып жатат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик бул окуяга байланыштуу комиссия түздү.

18-августта Эл аралык спорттук арбитраж соту Артыковдун кызытма колдонгону аныкталды деген жүйө менен анын жеңишин жокко чыгарып, медалын кайра кайтаруу тууралуу чечим чыгарды.

Рио-2016 Олимп оюндарында коло байге алган Иззат Артыков “Азаттыкка” комментарий берип кызытма тууралуу кабар күтүүсүз болгонун билдирди.

Ал Токтогулдан Бишкекке шашылыш жол тартып келе жатканын, калган чоо-жайын борборго жеткенде сураштырып-териштирерин кабарлады. Анын айтымында, уруксат берилген гана дарыларды колдонуп жүргөн жана мелдеш маалында кубат берип, эс алдырган суусундук гана ичкен:

- Биз мындайды колдонгон эмеспиз. Бирөө жарым эле атайлап каралап жатат го. Тамаккабы же дагы бир нерсеге кошуп коюшу мүмкүн. Негизи мындай болбошу керек болчу. Жүрөккө, машыгуудан кийин кайра калыбына келтире турган асма ийне алып жүрчүмүн. Күчтүү витамин жечү эмесмин. Энергия берген “Флеш” деген суусундук ичкем.

Кыргызстандын Оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров Иззат Артыковдун таза экенин териштирүүгө даярданып жатышканын билдирди:

- Азырынча биз эч кандай кагаз ала элекпиз. Бул кабарды сайттан, журналисттерден уктук. “Стрихнин” дегенди колдонгон эмеспиз. Биз Риого баратканыбызды билгенбиз да. Олимп оюндарында тамак жеп жатканда, мелдешке чейинки убакта дагы Допингге каршы агенттик кармап, анализдерди ала берет. Биз Риого таза киргенбиз. Мелдешке он күндөн кийин чыктык. Бизди мелдештен кийин текшергенде ушундай чыгып жатат. Бул жыйынтыкка макул эмеспиз. Бизде өзүбүздү актаганга мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм. Кудай буюрса ниетти туура коюп аракет кылсак, биз жеңишти кайра кайтарып алабыз. Азыр бизден медалды эч ким ала элек, өзүбүздүн колубузда. Бирок бизден кийин чыккан колумбиялык спортчуну азыр куттуктагандар болуп жатат. Бизге эч кандай расмий кагаз келе элек.

Эл аралык олимпиада комитети Иззат Артыков мелдешип бүткөндөн кийин эле анын заарасын текшерген. 12-августта Артыковдун кызытма - “стрихнин” деп аталган тыюу салынган дары колдонгонун аныктаган жана Кыргызстандын спорт жетекчилерине кабарлаган. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи орун басары Руслан Жуманазаровдун билдиришинче, бул окуя боюнча комиссия түзүлдү:

- Допингге каршы эл аралык агенттиктин эрежеси боюнча Кыргызстандын спорттук делегациясынын жетекчилиги “В” пробасын ачууну суранышкан. Бул проба биринчи “А” деген пробадан тыюу салынган дары чыккандан кийин ачылат. 13-августта лабораторияда жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен биздин улуттук олимпиада комитети жана биздин агенттиктин жетекчилеринин көзүнчө ачылган. 15-августта кечинде ал Эл аралык олимпиада комитети “А” менен “В” пробаларынын жыйынтыктарын Эл аралык спорт арбитражына жөнөткөн. 18-августта Бразилия убактысы боюнча түшкү саат бирде Эл аралык спорттук арбитраж соту чечим чыгарды. Сот чечими менен Артыков медалдан ажыратылды. Дисциплинардык жаза боюнча чечимди Оор атлетика боюнча эл аралык федерация кабыл алат.

Байкоочулардын баамында, Иззат Артыковдун окуясы кыргыз спортундагы медицинага байланыштуу бир катар талылуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы жетекчиси, Олимпиадага даярдоо борборунун мурдагы башчысы Алмаз Касенов мындан сабак алуу керек деп эсептейт:

- Азыр абдан эле кыйын болуп калды. Биздин федерацияга да айып пул салынышы мүмкүн. Атүгүл федерацияны жолотпой да коюушу мүмкүн. Азыр допинг боюнча айыпталган көп командаларды кошпой коюп жатышпайбы. Ошондуктан өтө катаал жазалар колдонулушу мүмкүн. Бизде азыр бир дагы спорттук медициналык борбор жок. Ушундай борбор болушу керек эле. Ал жактагы дарыгерлер балдарга муну жебегиле, буга жолобогула, бул допинг деп айтып, өз дарыларын берип карап турушу керек. Бизде күч-кубат берген улуттук тамак-аштар бар, ошолорду иштеп чыгып, ушундай иштерди алып баруу керек. Мындай борборубуз болбосо өсө албайбыз. Азыр ар бир машыктыруучу өзүнчө дарыгер. Алар тарбиялануучуларына эмнени кандай кылып берип жатканы белгисиз, алар адис эмес да.

Азыр Кыргызстандын Оор атлетика боюнча федерациясы Эл аралык спорт арбитражы менен Эл аралык допингге каршы агенттикке керектүү анализдерди кайталап тапшыруу боюнча кат даярдап жатат.

XS
SM
MD
LG