Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

САС: Артыковдун канынан допинг табылды


САСтын Иззат Артыковду Олимп оюндарынан четтетүү тууралуу пресс-релизи
САСтын Иззат Артыковду Олимп оюндарынан четтетүү тууралуу пресс-релизи

"Иззат Артыковдун допинг-тести оң чыгып, ал Рио-2016 Олимп оюндарынан четтетилди". Бул тууралуу Спорттук арбитраж сотунун (САС) допингге каршы бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылат.

Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковдун допинг-тести оң натыйжа берип, стрихнин аттуу кызытманын бардыгы аныкталган. Ошого байланыштуу ал Рио-2016 Олимп оюндарынан четтетилди. "Артыковдун жеңиши жокко чыгарылып, коло медалы кайтарып алынышы керек" деп жазылат билдирүүдө.

САСтын толук билдирүүсү бул жерде.

САСтын билдирүүсү
САСтын билдирүүсү

Тарыхта САСка алгачкы жолу допинг иштери боюнча акыркы инстанциянын милдеттери жүктөлгөн. Жаңы структурага ылайык САС кызытма колдонуу учурларын териштирип, корутунду чыгарууга укуктуу. Жобого ылайык САСтын корутундусун Риодогу САСтын атайын бөлүмүнөн же Олимп оюндары аяктаган соң Лозаннадан апелляцияга берүүгө болот.

"Азаттыктын" кабарчысы Эмил Чекиров оор атлетика боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров менен телефондон маек курду:

"Азаттык": Бул жаңылык күтүүсүз болуп, окурмандар да өзүнүн капа болуп жатканын жазышууда. Үсөн мырза, САС бул чечимди кандайча кабыл алгандыгы тууралуу айтып берсеңиз.

Майназаров: Эртең биз Федерацияга кайрылабыз. Мындай болушу мүмкүн эмес. Биз болгону Flash деген кубат берүүчү суусундукту эле ичкенбиз. Ал RedBull сыяктуу эле ар бир дүкөндө сатылуучу суусундук. Биз аны таймаш сайын эле ичип жүрөбүз.

"Азаттык": Сиз өзүңүз да бир убакта Олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси болуп турдуңуз. Башкаларга караганда тыюу салынган препараттар жөнүндө маалыматыңыз көбүрөөк болсо керек. Стрихнин аттуу кызытма экени аныкталыптыр. Ал тууралуу маалыматыңыз барбы?

Майназаров: Бул кызытманын атын мен уккан да эмесмин. Күн сайын жаңы препараттар чыгып жатат да.

"Азаттык": Иззат кандай тамактарды ичип жүрөт? Машыгууга кандай даярданчу эле?

Майназаров: Машыгуулар маалында протеин, аминокычкылдарды, ар кандай витаминдерди ичип жүрчү. Тыюу салынган эч нерсени деле ичкен эмес.

"Азаттык": Иззат коло байге алгандан кийин француз спортчусу Иззат кызытма ичкен деген шектенүүсүн билдирген. "Кызытмасыз Иззат мынча оор салмакты көтөрө алмак эмес" деген. Бул жерде кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болушу мүмкүнбү?

Майназаров: Албетте. Азыр допинг ичкен деп Казакстандын, Орусиянын, Беларустун атлетчилерине да айыптар коюлуп жатпайбы. Сиз айтып жаткан француз спортчу Иззаттан башка дагы беш спортчудан допинг-тест алуусун талап кылып чыккан. Ал өзү деле айтып жатпайбы, эгер мен ушул беш спортчуну жеңсем, 3-орунга илинмекмин деп. Ал азыр 8-орунда.

"Азаттык": Эми кандай чара көрөсүңөр?

Майназаров: Эми биз Спорттук арбитраждык сотко кайрылып, арызданабыз. Мындай болушу мүмкүн эмес. Алардын чечимине биз каршыбыз.

"Азаттык": Иззаттын массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде мелдештерге казы-карта, чучук жеп даярданам деп айткан экен. Кыргызстанда дары менен малды тез семиртип саткан ишкерлер арбын экени айтылып жүрөт. Иззаттын канынан тыюу салынган заттын табылышы дал ошол сыяктуу тамак-аштан улам болуп калышы да мүмкүнбү?

Майназаров: Андай болушу деле ыктымал. Азыр көпчүлүгү эле малды батыраак семиртиш үчүн дарыларды колдонуп калышкан экен. Эт жегенден кийин болушу мүмкүн. Эмнеден улам ушундай тыюу салынган зат табылды деп ойлонуп такыр акыл эсим жетпей жатат. Бир нерсени текшерип жебесе болбой калды окшойт. Бирок кайдан текшермек элек. Же бизде тиешелүү лабораториялар жок болсо...

"Азаттык": Демек, лабораториялардын жоктугу да тыюу салынган тамак-ашты, дары-дармекти колдонуп калууга себепкер болушу мүмкүн экен да?

Майназаров: Ооба. Бирок андай лабораториясы бар бай өлкөлөрдүн спортчулары деле допинг менен кармалып жатышат. Андай мекемелердин жоктугу бизге чоң эле кемчилик. Андай болгон күндө да лаборатория жок деп мамлекетти күнөөлөгүм келбейт. Ага акча табыш кыйын го. Абдан кымбат турат.

"Азаттык": Мелдештен кийин Иззат журналисттердин көптөгөн чакырууларына жооп бербей жаткан экен. Маалымат каражаттарынан жашырынуусуна бир себептер болгон жокпу деп айрым бир журналисттер чоочулап жатышат.

Майназаров: Иззат эс алып келейин деп келинчеги менен айылга кеткен. Мен да жакында эле үч телефонумду уурдатып алып, журналисттер менен байланыша албай калдым. Кыргызстандын делегациясы Риодон келгенден кийин маалымат каражаттарына чыгалы деп сүйлөшкөнбүз.

"Азаттык": Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги тарабынан сиздерге журналисттер менен байланышка чыкпагыла деген көрсөтмө берилди беле?

Майназаров: Эми ал маселени алар келгенден кийин чечишеличи. Мен да алардын келишин күтөйүн дегем. Биз Иззатын мелдеши бүткөндөн кийин эле Кыргызстанга кетип калдык. Оор атлетика боюнча мелдештер кечээ аяктады. Мелдештер толугу менен бүткөнчө Рио-де-Жанейродо болсок маселенин чоо-жайын толук билет элек. Эми бул маселени Риодо жүргөн жетекчилер келгенде чогуу чечебиз.

Иззат Артыков жеңген коло медал Кыргызстандын алгачкы жана азыркыга чейин жалгыз байгеси болчу
Иззат Артыков жеңген коло медал Кыргызстандын алгачкы жана азыркыга чейин жалгыз байгеси болчу

Иззат Артыков жеңген коло медал Кыргызстан үчүн ушул күнгө чейин жалгыз байге болчу. Артыков оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, Кыргызстанга алгачкы жеңишти алып келген.

XS
SM
MD
LG