Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Журналисттер такталбаган, калпыс маалыматы менен мамлекеттин коопсуздугуна шек келтириши мүмкүнбү?

Ошто 5-июнда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жана маалыматтык коопсуздук” деген аталышта өткөн медиа-форумда ушул суроого жооп изделди. Форум жергиликтүү бийликтин, тартип коргоо органдарынын жана мамлекеттик эмес уюмдардын катышуусу менен өттү.

Июнь коогасынын эки жылдыгы алдында уюштурулган медиа-форумда улам күч алып бараткан маалыматтык согуш маалында журналисттердин жүрүм-туруму тууралуу жана калпыс кабарлардын тарап кетишин алдын алуу амалдары талкууланды. Журналисттерден куралган демилгечи топтун жетекчиси Жылдыз Бекбаева маалыматтык атаандаштык маалында салмакталып, калыс айтылган сөздүн баасы өскөнүн белгиледи:

- Айрыкча улут аралык чыңалуу күч алган аймакта ар бир сөзгө этият мамиле жасалбаса, чатактарга себепчи болушу ыктымал. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга сырттан да, өлкө ичинен да маалыматтык чабуул жасалып жатат. Айрыкча интернет булактарынан кай бир күчтөр таратып жаткан маалыматтар этносторду бири бирине каршы кылууга багытталып жатканы, ал тургай Кыргызстан менен башка мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык мамилелерине кедергисин тийгизүүгө далалаттанып жатышы даана сезилип жатат. Ушундай болуп жаткан соң, биз журналисттер унчукпай карап отура албайбыз.

Медиа-форумда катышуучулар маалыматтык чабуулга каршы туруу боюнча ар кандай сунуштарын ортого салышты. Айрымдары бул сөз эркиндигин чектөө болуп калат дешсе, башкалары өлкө коопсуздугу үчүн позитивдүү кабарларды таратуу талабы өскөнүн белгилешти.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов коомдук пикирди жаратууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу эбегейсиз экенин, айрым журналисттер чыр-чатакты ырбатууга салым кошуп жүргөнүн айтты:

- Ош окуясынын анализдери тастыктап тургандай, айрым журналисттер калаада тынчтык орнотууга салымын кошуп жатышса, кээ бирлери аша чабуу менен жазылган маалыматтары аркылуу кайра чыңалууну жаратышты. Андайлар азыр деле бар. Эки жыл аралыгында Ошту калыбына келтирүү жаатында бир топ позитивдүү эмгектер жасалды. Бирок кээ бир журналисттер жалаң негатив маалыматтарды гана көрүп, жакшылыктарга көңүл бурбай келет. Ошол эле учурда шаардагы туруктуулукту сактоого салым кошуп келаткан журналисттер да бар экенин айтып коюушум керек.

Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандын бүтүндүгүнө залакасын тийгизүүчү маалыматтарды тараткан журналисттерди жоопко тартууну сунушташты. Бирок андай кабарларды негизинен чет элдеги маалымат булактары интернет аркылуу жазып жаткандыктан ошол сайттарды жаап салыш керек дейт ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчи орун басары Султан Абдырахманов.

Ички иштер министринин түштүк аймак боюнча орун басары Курсан Асанов буга карата өз жообун айтты:

- Кыргызстандын коопсуздугуна залакасын тийгизген 15 экстремисттик маанайдагы сайт болсо, анын тогузу диний-экстремисттик маанайдагы, бирөө сепаратисттик көз караштагы сайт болуп саналат. Учурда алардын тогузу соттун чечими менен жабылган.

“Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун жетекчиси Авазкан Ормонова коомчулукта чыңалууну жаратып жаткан маалыматтардын тарашына журналисттерди күнөөлөө туура эмес деп эсептейт.

- Маалыматты негизинен башкалар таратышат. Ошол эле өкмөттүк эмес уюмдар, тартип коргоо органдары, жеке кишилер же башка мекемелер. Ал эми журналисттер ошол маалыматты элге жеткирүүдө каражаттын гана ролун ойнойт. Аты эле айтып турбайбы - жалпыга маалымдоо каражаттары деп. Андыктан журналисттерди жоопко тартаардан мурда, ошондой терс маанидеги маалыматтарды чыгарып жаткан кишилерге чара колдонуу керек.

Форумда азыркы саясаттын шартында тартип коргоо органдары менен журналисттердин алакасы, маалымат алмашуунун жолдору жазылган кайрылуу кабыл алынды. Анын негизинде маалымат коопсуздугу боюнча концепциянын долбоору жазылып, карап чыгуу үчүн парламентке жөнөтүлөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG