Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Ош: коогалаң курмандыктары эскерилди


Ош окуясында курман болгондордун аты-жөнү жазылган тактайча мурдагы эстеликтин жанында жайгашкан. 10-июнь, 2014-жыл.
Ош окуясында курман болгондордун аты-жөнү жазылган тактайча мурдагы эстеликтин жанында жайгашкан. 10-июнь, 2014-жыл.

Июнь коогалаңына бүгүн 10-июнда 4 жыл толду. Мунун алкагында Ошто ынтымакка чакыруу иш-чаралары, каза болгондорду эскерүү иш-чаралары уюштурулду.

Бул күнү "Энелердин көз жашы" эстелигинин алдында дайынсыз жоголгондор үчүн дагы бир тактайча пайда болду. Шаардыктар 2010-жылкы апааттын кесепеттери унутулуп, кыргыз-өзбек элинин ичинде мамиле бир топ калыбына келип калганын айтышат.

Коогада каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин "Энелердин көз жашы" эстелигине гүлчамбарлар коюлду. Андан кийин окуяда көзү өткөндөргө арналып куран окулду.

Монументтин алдына 2010-жылкы кандуу калабада дайынсыз жоголгондор үчүн бешик формасында жасалган эстелик ачылды. Ага июнь коогасында Ош шаарынан жана облусунан дайын-дареги табылбаган 28 адамдын аты-жөнү жазылган. Алардын жакындары да, эстеликке келип, бир сыйра ыйлап-сыктап алышты.

2010-жылкы окуяда уулдарын жоготкон энелердин бири Дилбар Көчкөнова жок дегенде ушу эстеликке келип, бугубузду чыгарып турабыз деди:

Коогада дайынсыз жоголгондордун аты-жөнү жазылган такта.
Коогада дайынсыз жоголгондордун аты-жөнү жазылган такта.
- Биз балдар бизге гүл койсо экен деп тиледик эле. Бирок энелер балдарга гүл койдук. Бул өтө кыйын, өтө оор нерсе экен. Бирок эми ушунун баарын көтөрбөскө айла жок. Эне баласын эстеп, дайыма ыйлап турат. Ошентип боздогондо, сагынганыбызда, куса болгонубузда так ушул жерге келип, балдарыбыздын атын, тамгасын окуп, куран окуп, кайтабыз. Ошого каниет кылабыз. Башка айлабыз жок.

“Ош окуясынын дайынсыздары” коомунун төрагасы Мамасабыр Абдукааровдун айтымында, аты жазылган 28 адамдын 13үнүн өлүү-тирүүсү алигиче белгисиз бойдон келатат:

- Башында дайынсыз адамдардын саны 23 болчу. Кийин дагы тактап олтуруп, кыргыз-өзбек биригип 28 адам болуп чыкты. Тактайчага ошонун баарынын атын жаздык. Бирок азыр дагы 13 адамдын сөөгү табылбай жатат. Дайынсыздардын ДНКсын Кытайдан караттык, Орусиядан текшерилди, ортодо Кореядан да экспертизага салышты. Чыккандары чыгып, аныкталды. Бирок калган адамдардан дайыны боюнча жыйынтык жок болуп атат. Алар боюнча прокуратура дагы издөө аракеттерин көрүүдө. Эми табылып калгысы бардыр...
Коогада курман болгондордун жакындары.
Коогада курман болгондордун жакындары.
​Июнь окуясында жабыр тарткандар жашаган үйлөрдө да калабада курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өттү. Ага өзбек-кыргыз аралаша чыгып, казан асып, жакындарына куран окушту. Жакындарын жоготкондордун бири Сардал Кубатова:

- Коогалаңдын жылдыгында ушинтип шейит кеткендердин арбагына атап куран окуп турабыз. Бир подъездде эки өзбек, эки кыргыз болуп аралаш жайгаштырышкан. Азыр мына ынтымакта жашап атабыз. Кандуу окуядан кийинки биринчи, экинчи жылы, балдарыбыз анча-мынча чокушуп кетип атышты эле. Эми мына, баары калыбына келип калды. Кыргыздар да түшүндү, өзбектер да түшүндү. Анча-мынча капачылыктар эле калып калбаса, баары акырындап өз ордуна келди.

Кубатованын кошунасы, өзбек тектүү Феруза Рахманова да кандуу окуялар кайталанбасын деп тилек кылууда:

- Буюрса баары жакшы. Бул жерде ар улуттан адамдар жашайбыз, бирок азыр жаман-жакшы айтышмай жок. Коогалаңда менин да балам өткөн. Анын күйүтү азырга дейре мени азапка салып келет. Бала жоготууну душманыма да каалабайм. Эми андай жоготуулар болбосун, мындай кандуу окуя кайталанбасын.

Курман болгондорго куран окутуу.
Курман болгондорго куран окутуу.
Эскерүү иш-чараларына катышкан бийлик өкүлдөрү, этностор аралык мамилелерди чыңдоо үчүн мындан ары да аракеттер көрүлүп жатканын белгилешүүдө. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев буга чейин айтыла жүрчү, аралаш отурукташтыруу идеясын күчөтүү керек дейт:

- Июнь окуясында кыргыз-өзбек аралашып жашаган жерде, ушундай кагылыштар, ушундай жоготуулар болгон жок. Мындан ары дагы өзбек-кыргыз элин аралаш отурукташтыруу, чогуу жайгаштыруу боюнча аракеттерди көрүп атабыз. Анын ичинде эң башкысы ушул, коогалаңда жабыр тарткандар үчүн бериле турган турак-жайларды да аралаш кылып жайгаштыруу иши бар.

2010-жылкы окуяга күнөөлүүлөр толук жазаланбай жатат деген кине, бул күнү жабыр тарткандар арасында дагы сөз болду. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев болсо, коогалаңга айыптуулар жазаланат деген убадасын берди:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.
- Кылмышкерлер таптакыр эле жазаланган жок деп айтсак, бир аз туура эмес болуп калат. Ошол ишке катыштыгы бар бир топ адамдар сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, жоопкерчиликке тартылгандар көп. Бирок ошолордун ичинен саясий оюндарга катышып, сепаратисттик ар түрдүү маанайда жүргөн адамдар чынында бүгүн табыла элек. Алар азыр эл аралык издөөгө алынып, биздин укук коргоо органдары тарабынан изделип жатат. Алар да кармалып, жакынкы күндөрдө жазасын алат.

Июнь окуясынын 4 жылдыгына карата укук коргоо органдары Ошто ушул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

2010-жылдын 10-июндан 11-июнга караган түнү Ош шаарында кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда тутанган чатак улут аралык чоң жаңжалга айланып, анын эпкини коңшулаш Жалал-Абад облусуна чейин жеткен.

Расмий маалыматтарда бул каргашадан 426 киши курман болуп, 35 киши дайынсыз жоголгону, дагы жүздөгөн кишилер жаракат алганы айтылып келет.
Ош: дайынсыз жоголгондорго эстелик ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG