Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Эки жылдан бери дайынсыз...


Дайынсыз жоголгондордун сүрөттөрү чапталган такта.
Дайынсыз жоголгондордун сүрөттөрү чапталган такта.

Эки жыл мурдагы Ош коогасында дайынсыз болгон 22 кишинин тагдыры дагы эле белгисиз.

Жакынын жоготкондор убакыт өтсө да, жакшылыктан үмүт үзбөй, "тууганым эшиктен кирип келет" деген максатта күн өткөрүп жатышат.

Оштогу кандуу калабада жалпысынан 129 адам дайынсыз жоголгон. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, алардын 107синин сөөгү табылган. Калгандарынын дареги ушул күнгө чейин анык эмес.

Алардын бири - Алмаз Аскаров. Ал 1979-жылы Токтогул районунда туулган. Бир топ жылдан бери Ош шаарында ишкердик менен алектенип жүрчү.

Апасы Дилбар Көчкөнованын айтымында, Алмаз акыркы жолу жакындары менен 2010-жылдын 16-июнунда кабарлашып, ошол бойдон изсиз жоголгон:

Ош, 11-июнь, 2010-жыл
Ош, 11-июнь, 2010-жыл
- Телефон чалып, мени майрам менен куттуктады. Кандай майрам болгонун сурасам "бүгүн менин туулган күнүм да. Мени сиз төрөгөнсүз, демек бул күн сиздин майрамыңыз", - дейт. 16-июнда туулган болчу. Анан эжесине да телефон чалып, куттуктаптыр. Ошол бойдон дайынсыз…

Коогалаңдан кийин табылган жансыз денелердин арасынан Дилбар Көчкөнова бир сөөктүн денесиндеги белгиден улам баласы экен деп ойлоп, алып кетмекчи болгон. Сөөктүн дене мүчөлөрү толук болбогондуктан, ДНК анализин күтүүгө туура келген. Бирок прокуратуранын берген жообу Дилбар Көчкөнова күткөндөй болгон эмес.

- Прокуратурадагылар "ДНК натыйжалары чыксын, эгер чындап эле сиздин балаңыз экени анык болсо, сөөктү казып беребиз" дешкен. Мына, эки жыл өттү. Эч кандай жооп жок. Адамдын өлүгүн көрбөгөндөн кийин көксөөң суубайт экен да. Же барып ыйлап, черимди жазып келейин десем, мүрзөсү жок…

Дилбар Көчкөнованыкындай тагдырга туш болгондор кыргыздардын да, өзбектердин да арасында бар. Милициянын маалыматы боюнча, дайынсыз жоголгондордун саны - 22 болсо, денеси табылып, ким экендиги аныкталбай жаткандардын саны - 23.

"Энелердин көз жашы" монументи өткөн жылы ачылган.
"Энелердин көз жашы" монументи өткөн жылы ачылган.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Жолдошевдин айтымында, алардын ДНК анализдери Кореяга жөнөтүлгөн:

- Алардын кимдигин аныктоо үчүн анализдер алынып, Башкы прокуратура аркылуу Кореяга жөнөтүлгөн. Ушул күндөрдө натыйжасы келиши керек. Коога учурунда адам өлтүрүүгө шектелген 52 адам качып жүрөт. Алардын 27си Орусиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан кармалган. Экстрадициялап Кыргызстанга алып келгенден кийин дайынсыз жоголгондорду табуу жеңилдейт деп ойлойм.

Капсалаңда багаар-көрөөрүнөн ажырагандарга мамлекет тарабынан 1 миллион сомдон жөлөк пул жана батир берилген.

Набыт болгондорго жана дайынсыз жоголгондорго арналып, Оштун борборунда "Энелердин көз жашы" эстелик-монументи өткөн жылы ачылган. Анда жакындарынан ажырап, аза күтүп кучакташып турушкан кыргыз жана өзбек аялдардын образы чегилген.
XS
SM
MD
LG