Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Депутаттар соодагерлерди колдоду


Жогорку Кеңеш Ош базарынын аймагындагы соода түйүндөрүн алуу иштерин токтотуу боюнча Бишкек шаардык мэриясын милдеттендирди. Буга чейин аталган соода жайларынын ишкерлери парламенттин алдына митингге чыгышкан болчу

Жогорку Кеңештин жыйналышында Ош базарынын аймагында соода кылган адамдардын көтөргөн талаптары талкууланды. Ага жеке ишкерлердин атайын өкүлдөрү катышып, Бишкек шаардык мэриясынын андагы соода жайларын алуу демилгесине каршылыгын айтып чыгышты.

Катаал шарт, же базар байлыгы үчүн күрөш

“Кыял” соода борборунда иштеген ишкерлердин башын бириктирген кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы Замира Сатиндиева чекене соода менен алектенип, күн көргөн адамдардын талабын канааттандыруу өтүнүчүн билдирди:

- Биз сиздердин борбор шаарды ирээтке келтирүү демилгеңизди толугу менен колдойбуз. Бирок азыр кыйын учур болуп жатат. Азык-түлүк кымбат. Соодадагылардын көпчүлүгү банктардан насыя алып иштешет. Бир соода жайы менен үч-төрт үй-бүлө баккандар бар. Бизди да түшүнгүлөчү.

Ош базарынын аймагындагы “Беш-Сары”, “Кыял” сыяктуу соода түйүндөрүн алууга жасалган аракеттерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия Бишкек шаардык мэриясынын кадамдарын айыптап чыкты.

Депутаттык топтун жетекчиси Кожобек Рыспаев мында майда соодагерлердин гана эмес, ири менчик ээлеринин кызыкчылыктарына да доо кетип жаткандыгын белгиледи:

- Ош базарынын үстүнөн ошол жердин кожоюндары менен макулдашпастан туруп эле долбоорлорду түзө башташыптыр. Бул деген үйүңдүн үстүнө бирөө келип үй салам деген менен барабар. Андан көрө берки көчө боюндагы эски үйлөрдү сатып алып, ошол жерлерге гипермаркет, супермаркеттерди сала беришпейби, бул жердегилерди козгобой.

Кызыкчылыктар тиреши

Мындай дооматтарды Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов атайылап таратылып жаткан ушак катары четке какты. Муну ал кирешеден ажыраганы турганбазардын ээлери уюштуруп жаткандыгы менен байланыштырды.

Иса Өмүркулов андагы мыйзамсыз курулган соода жайларын, күркөлөрдү алуу жана базардын айланасындагы көчөлөрдү тазалоо шаарды ирээтке келтирүүнү гана көздөй тургандыгын айтты:

- “Кыял” менен “Беш-Сарынын” жетекчилерине кечээ колдоруна документ карматтык. Ушул жер силердики, бирок мында заманбап имараттарды кургула, ал жерде иштегендерге жакшы шарт түзүп бергиле дедик. Антпесек Ош базарынын аймагы кандай абалда экендигин баарыбыз эле көрүп жатпайбызбы. Биздин максат тартипке келтирүү гана.

Ош базары
Ошол эле учурда айрым эл өкүлдөрү Ош базарынын аймагындагы соода жайларында иштеген адамдарды шаардын четиндеги “Дордой-Моторс” жана “Дордой-Дыйкан” базарларына которуунун артында кандай кызыкчылык жаткандыгын сурашты.

“Ата Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеев мындай аракет ал шаар башчы болуп турганда да болгондугун кошумчалады:

- Мына бул жактан бошогондорго орун бөлүштүргөн турбайсыңарбы. Жанагы “Дордой-Моторско” 2500 миң ишкерди которобуз деп жатпайсыңарбы. 2009-жылы эле ушундай аракеттер болгон. Аталган базардын элүү пайыз үлүшү Максимге карайт болчу. Анан ал мага Ош базарын жап дегенде мен болбой койгом. Мына ошол элүү пайызды 7-апрелден кийин бирөө алып, ошонун кызыкчылыгы ойноп жаткан жокпу деген ой кетип жатат.

Бирок Бишкек шаарынын башчысы Иса Өмүркулов анын бул жерде жеке кызыкчылыгы жок экендигин айтып, анын шаарды ирээтке келтирүү аракети саясатташып кеткендигин белгиледи.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров баш калаадагы базарлар боюнча мыйзам кабыл алуу сунушу менен чыкты:

- Базарда иштеп, өз жанын багып жаткан адамдардын кызыкчылыгын коргой турган бир дагы мыйзам жок. Ошонун айынан базарларда карасы да, кызылы да, бийлиги да акча саап жатышат. Бир эле күндө ошол базарлардагы ирээтсиз соода кылгандардан жетимиш минден ашуун акча топтоп алышат экен.

Аягында эл өкүлдөрү Ош базарынын аймагындагы соода жайларын ордунда калтыруу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун колдоп беришти. Ошол эле учурда токтомдо базардын айланасындагы көчө бойлорунда ирээтсиз соода жайларын тартипке келтирүү жагы күчүндө калтырылды.

Соодагерлердин митинги

3-мартта баш калаадагы Ош базарынын аймагында алды-сатты менен алектенгендер соода түйүндөрүн алууну токтотуу талабы менен Ак үйдүн алдына митингге чыкты.

Соодагерлердин митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG