Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Ош облусунун Өзгөн калаасында христиандардын көрүстөнү бүлгүнгө учурап жатканы тууралуу жергиликтүү славян жамааттары коңгуроо кагууда.

Алардын айтымында, көрүстөн таштандыга толуп, мүрзөлөрдү курчаган темир тосмолор уурдалып жатат. Шаар бийлиги бейиттин мындай абалга кептелишине славяндардын өздөрү күнөөлүү деген ойду карманууда.

Өзгөн шаарында христиандардын мындан башка мазары жок. Бейитке калк конушу уланып кетет. Эки ортодо чек ара билинбегендиктен, кайсы жери көрүстөнгө, кайсы тилкеси элдин тамаркасына таандык экенин ажыратуу кыйын.

Бейитте атайын кароолчу да, аны кез-кез ирээтке келтире турган жумушчу да жок. Ошон үчүнбү, айлана таштандыга толгон. Бейитти аралап жүрүп, арактан бошогон бөтөлкөлөрүнөн тарта, тандыр-очоктон алынган күл, ал тургай адамдардын ички кийимдери жатканын көрдүк.

"Өзгөндүк славяндар" коомдук бирикмесинин жетекчиси Дмитрий Шурубков көрүстөндү жакын тегеректе отурук алган жашоочулар таштандыга бастырууда деп эсептейт:

- Идиш-аяктардын сыныгын, керектен чыккан курулуш материалдарын 100-150 метр ары жашаган кишилер алып келбесе керек. Ушул эле жерде жашаган адамдар ташташат да. Ал тургай таштандыларды үйүп туруп, от коюп да жиберишет. Анын айынан көрүстөндөгү дарактар күйүп кетет.

Көрүстөндү аралай кишилер сокмо жол салып алышкан. Анткени бейит шаардын ортосунда орун алгандыктан базарга, же башка бир мекемелерге каттаган жарандар чоң жол аркылуу айланып баруудан зеригип, мүрзөлөрдү тикелей өтүшөт экен.

Бул жол ылдыйкы Өзгөн менен жогорку Өзгөндү бир бирине байланыштырат. Басып баратышып тамекинин калдыктарын, сырада бошогон бөтөлкөлөрдү каалаган жерине таштап кете беришет. Чындыгында алардын расмий жолу бар. "Ал жакты айланып баруудан зеригишет да, мүрзөлөрдү тепсеп, кете беришет",- дейт жергиликтүүлөргө нааразы болгон Дмитрий Шурубков.

Христиан жамааты бул жолдо жүрүүнү токтотууну өтүнүп, жашоочуларга бир канча жолу кайрылышканы менен майнап чыккан эмес. Айла жоктон сокмонун бир тарабын дубал менен тосуп коюшкан. Эки күн өтпөй эле дубал бузулуп, каттоо улана берген.

Дмитрий Шурубков

Дмитрий Шурубков

Акыркы күндөрү мүрзөлөргө коюлган темир тосмолор да четинен жоголуп жатканын айтышты.

Дмитрий Шурубковдун божомолунда, акча жасаш үчүн өспүрүмдөр темирди сындырып, аны сатып жаткан болушу ыктымал:

- Мен өзбек элин да, кыргыз элин да сыйлайм. Бирок мен айрым кишилерди түшүнбөйм. Бир күндө беш жолу намаз окушат. Мечитке барып сыйынышат. Бейитти кордоо күнөө экенин жакшы түшүнүшөт. Бирок балдарынын мындай кылык-жоруктарын тыйып коюшпайт. Мүрзөлөргө коюлган сүрөттөрдү таш менен уруп ойношот. Биз улутубузга, динибизге карабай адам экенибизди унутпашыбыз керек.

Христиан бейитинин жанынан отурук алган кишилерди да кепке тарттык. Алар "таштандыларды төкпөйбүз" дешти. Минажат аттуу айым мазарга жакын жашагандар башкалардын тартипсиздигине насыя жемеге калып жатабыз деген оюн билдирди:

- Биз бул жакка таштанды төкпөйбүз. Муну мазарды аралап өтүп жаткандар кылышат. Түн ичинде келип таштандыларын таштап кетишет. Биз, тескерисинче, өзүбүзгө жакын жерлерин тазалап койобуз. Айткандан да уяласың, ал тургай кээде айрым эси жок балдар ушул мазарга кыздары менен келип, арак ичип кетишет.

Кордолуп бараткан бейитке кароолчу коюп, айлык чыгарып берүү өтүнүчү менен "Өзгөндүк славяндар" коомдук бирикмеси бир канча жолу шаар бийлигине да кайрылган.

Мавлюда Хаджиева

Мавлюда Хаджиева

Шаардык муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору Мавлюда Хаджиева бейитти көрктөндүрүү иштерине славян коомчулугу өзү көңүлкош мамиле кыларын айтып, жергиликтүү бийликке нааразылык негизсиз экенин билдирди:

- "Мага бер, мага бер" дегенге үйрөнүп калдык окшойт. "Мен өзүм коом үчүн эмне кылдым" деген суроого жооп издегенди да үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, орус улутундагы мекендештерибиз мазарды көрктөндүрүү үчүн өздөрү да аракет көрүп, анан бизге келип, "мындай иштерди жасап жатабыз, силер да жардам бергиле" дешсе, мэрия четке какпайт.

Хаджиеванын айтымында, мэрия тарабынан ушул тапта христиан мазарына кароолчу штатын ачуу документтери даярдалып жатат. Эгер аны шаардык кеңеш жактырса, бир адам бейиттин кароолчусу болуп дайындалат.

Бүгүнкү күндө Өзгөндө христиан динин тутунган 500дөй жаран бар. Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, шаардагы христиан көрүстөнүнө биринчи сөөк мындан жүз жыл мурда коюлган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG