Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Ош: жолго салынган ажаткана...


Некрасов көчөсүнүн тосулуп калган бир жак учу
Некрасов көчөсүнүн тосулуп калган бир жак учу

Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районунун жашоочулары Некрасов көчөсүнүн туюкталып калган бир башын ачууну жергиликтүү бийликтерден талап кылууда. Жолду ушул эле көчөнүн тургундары расмий уруксаттын негизинде деп, тосуп, даараткана салып алган.

Мындай жагымсыз көрүнүштүн айынан жүздөгөн жашоочулар үйлөрүнө айланып каттоого аргасыз. Расмий мекемелер болсо бул аракеттин мыйзамдуулугун үч жылдан бери териштирип бүтө элек.

Некрасов көчөсүнүн Ташкент көчөсү тараптан көрүнүшү
Некрасов көчөсүнүн Ташкент көчөсү тараптан көрүнүшү

Курманжан Датка кичи районунун тургундарынын айтымында, Некрасов көчөсү буга чейин Ташкен көчөсү менен туташып турчу. Көп жылдан бери кадимки автоунаалар каттаган жолдун бир башын төрт жыл мурда ушул жердин тургундары жаап салышкан. Жөө адам өтө турган кичине гана чыйырды ачык калтырышканы болбосо, алар бул жерге ажаткана, кампа жана гараж куруп коюшкан.

Нааразы болгондордун бири Сатар Төлөгөнов мунун айынан жүздөгөн жашоочулар айланып каттап жатканын айтууда:

- Жол болгондон кийин аны президент да, мэр да тосуп алганга акысы жок. А булар жөнөкөй эле жарандар болсо, анан кантип кадимки машине каттап келген жолду каалагандай кылып тосуп алышат. Эмне мен деле чыгып алып, үйүмдүн алдын тосуп, “бул жер меники, ажаткана курам” десем боло береби? Ушул жабылган жолдун айынан төмөндө эки-үч көп кабаттуу үйдүн тургундары, жүздөгөн жер тамдардын жашоочулары жабыр тартып жатабыз. Анткени бул жол бизге түз кирчү, жабылып калгандыктан кычыктардан каттап кирип жатабыз. Үстүңкү жолдор аябай тар, бир машине батпайт. Бир машине кирсе, экинчиси артка айдайт. Сүзүшүп, бири-бирин койгондор андан көп, ызы-чуу, уруш-жаңжал токтобойт.

Жоопсуз калган даттануулар

Некрасов көчөсүнүн жана ал аркылуу каттачу Спортчулар, Прядиль көчөлөрүнүн жашоочулары 2013-жылы Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовго, шаардын мурдагы башкы архитектору Нурбек Баетовдорго арыз менен кайрылышкан. Алар кезинде “чара көрүлөт” деп убада беришкени менен, жыйынтык болгон эмес. 2014-жылы болсо алар кайрадан жаңы калаа жетекчиси Айтмамат Кадырбаевге жана азыркы Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошевдерге даттанышкан. Бирок азырынча булардан эч кандай натыйжа боло элек. Жашоочулардын дагы бири Рахмидин Алымкулов кепке кошулду:

- Жеңил унаалар менен жогору жактан эптеп тыгылып жатып өтөбүз. Бирок мобу “Ош-Тазалык” ишканасынын таштанды ташуучу техникалары, өрт өчүрүүчү жана тез жардам кызматтарынын автоунаалары биз жакка таптакыр кире албайт. Телефон чалып чакырсаң, силер жакка жол жок деп жатып араң келишет. Кааласа келбей деле коюшат. Анткени жол жок болсо, каяктан киришет. Архитектура кызматы менен Ош шаардык мэриясына кайрыла берип тажадык. Башында "бул ажаткана менен гараждар бузулсун" деп чечим чыкты деп уктук. Бирок кожоюндары мэрияда иштеген, же прокуратурада иштеген чоңдор окшойт да, кайра буза албай коюшту. Натыйжада жол тосулуп, эл кыйналып жатат.

"Жол меники, кааласам жабам, кааласам..."

Жашоочулар даттанган ажаткана, гараж жана кампалар ушул эле Некрасов көчөсүндө жашаган Уулжан Сапарова, Мияссар Эргешева, Зиябидин Мамадалиев аттуу жарандарга таандык. Алар бул жерди ачууга жол бербестигин айтышууда.

- Бул үйлөр барак тибиндеги үйлөр болуп саналат. Илгери Жибек комбинатында иштеп жүргөндө бизге мамлекет берген. Анан үйлөрүбүз тар болгону үчүн мына ошол кампаларды, гараждарды иштетип келебиз. Бул жер биздин менчик, документтерибиз бар. “Бузабыз, ачтырабыз” дегени бул жөн эле көпкөндүк. Кыргыздар иш калбай калганда эле ушинтип “жол ачабыз” дей беребиз. Мурда да бир ызы-чуу кылышып, анан мэрияга барып, араң басканбыз. Алар калп эле айта беришет, тигил жакта башка жолдор бар, ошолор менен каттай берсин, бул жерди ачууга биз уруксат бербейбиз. Жолду ачууга мүмкүн эмес, бул жерде биздин балдар ойнойт, машине каттаса балдарды тебелеп кетиши мүмкүн, - дейт кампалардын биринин ээси Зиябидин Мамадалиев.

Кайталанган убадалар

Ал эми Ош шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси Ажимурат Жолдошев болсо, бул боюнча арызды көрбөгөнүн, даттануу келсе гана маселени карай турганын билдирүүдө:

- Некрасов көчөсүнүн макамы чоң көчө эмес, квартал ичиндеги көчөгө кирет. Бул жол кечээ же бүгүн эле жабылып калган жок. Жол колдонулбай калгандыктан ал жерде барак тибиндеги жер үйлөрдө жашагандар өздөрү жалпы колдонуудагы жер катары тосуп алышкан. Эгерде жашоочулар тарабынан бизге кайрылуу болсо, башкы пландын негизинде чара көрүүгө даярбыз. Мурдагы жетекчилерге келген арыздарды билбейм, бирок бизге 2015-2016-жылы Некрасов көчөсү боюнча эч кандай арыз келген жок.

Көчөнүн Гугл Картадан көрүнүшү. Кызыл менен белгиленген жер тосулуп калган.
Көчөнүн Гугл Картадан көрүнүшү. Кызыл менен белгиленген жер тосулуп калган.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов да бул ишке жакын арада чара көрүлөөрүн убада кылды:

- Менимче ал жердегилер жолду төрт жыл эмес, он жыл мурда эле тосуп алышса керек. Некрасов көчөсү Ташкен көчөсүнө туташуусу керекпи, же ал ошол жерден эле бүтүүсү керекпи, биз муну башкы планды бир сыйра көтөрүп, карап чыгып анан айта алабыз. Бүгүн кеч болуп калды, эртең ошол жерге архитектура, экотехинспекция, жол башкармалыгы менен чогуу барып аракет көрөбүз. Алардын иш-кагаздарын текшеребиз. Эгер алар жолду мыйзамсыз тосуп алган болсо, ачып берүүгө аракет кылабыз.

Бирок кантсе да Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районунун тургундары тосулган Некрасов көчөсү ачылаарынан шек санап турушат. Анткени көп мезгилде алардын даттануулары угулбай калып келген.

Ар кандай шылтоолор менен жолду тосуп алуу учуру Ошто биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин Ош шаардык жана Ош областтык милиция башкармалыгы, УКМКнын аймактык башкармалыгы имараттарына кирчү Баялинов жана Алиев көчөлөрүнүн баш-аягын коопсуздукка байланыштырып тосуп алышкан. Натыйжада ушул эле көчөнүн тургундары үйлөрүнө эркин кирип чыга албай, шаардыктар аталган жолдон каттай албай калган. Тосулган жолду айрымдар аймактык милициянын башчысы генерал Сүйүн Өмүрзаковдун атынан “Өмүрзаковдун анклавы” деп да атап алышкан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG