Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Ош: сабакка келбей баа алган студенттер


Сабакка катышпаган студенттерге "келген жок" деп коюлган журналдагы белгилер.
Сабакка катышпаган студенттерге "келген жок" деп коюлган журналдагы белгилер.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучусу Сюита Маматова окуу жайда 100гө жакын студент такыр сабакка келбей бүтүп жатканын ачыкка чыгарды. Анын айтымында, студенттер Орусияда иштеп жүрүп эле акча менен баа ала беришет.

Окутуучу ошондой эле дистанциялык окуу бөлүмүндө да 100дөн ашык студент билим албай туруп “окуду” деп документ алганын кабарлоодо. Окуу жай жетекчилиги мунун баарын четке кагып жатат.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда сабакка келбей, бирок сессияларын бүтүрүп жүргөн студенттердин көбөйүп баратканын Сюита Маматова өзү сабак өтүп жүрүп аныктаган. Ал берген Банк укугу предметине 4-курстан эле үч тайпадан кеминде 20 студент окууга такыр келген эмес. Натыйжада окутуучу аларды окуудан четтетүү боюнча ректоратка жазган билдирүүсү да жоопсуз калган:

- Негизи келбей калган студенттер институтта 1-2-3-курстарда ар бир тайпада бар. Адатта окутуучулар аларга “келген жок” (“кж” же орусчасы “нб”) деген белгилерди коё алышпайт. Мен коркпой баарын тизип салгам. Эгер алардын сабактарга келбей турганын аныкташ керек болсо, ошол журналдарды эле текшерсе баары ачыкка чыгат. Студенттер Орусияда, Казакстанда миграцияда жүрүшөт. Бул жакта күндүзгү окуу бөлүмүндө алар өздөрү окуп жаткандай бүтүп жатышат. Анан сабагыма такыр келбей коюшканынан мен аларга баа койбой, окуудан четтетүү тууралуу ректоратка рапорт жаздым. Бирок ректорат, тескерисинче, алардын “крышасы” экенин кайдан билейин. Аларды кетиргендин ордуна ректор Эгемберди Токторов, биринчи проректор Мамасалы Арстанбеков кайра мени ал студенттерге баа коюп берүүмдү талап кылып, мажбурлашты.

Окутуучу Сюита Маматова.
Окутуучу Сюита Маматова.

Бирок Маматова сабакка келбеген студенттерге баа койбой чырдашкандан кийин аны институттун жетекчилиги жумуштан айдап жиберген. Ошол себептүү ал акыйкатты ачыкка чыгарууну эп көрүп, Билим берүү жана илим министрлигине жана күч кызматтарына арыз жазган:

- Мени кысымга алып жатып, акыры “өлүп кеткиле” деп мен өздөрү келген студенттерге келбеген күндөрү үчүн реферат, тиги-буларын жаздырып бааларын коюп бердим. Бирок айылдан, Орусиядан келбеген студенттерге такыр баа койбой койдум. Натыйжада ушунун баарынан өчөшүп туруп ректор Эгемберди Токторов менин сабактарымды баарын алып салып, жумуштан айдап тынды. Болбогон эле бир шылтоо, "саат жетишпей калды" дешип, эптеп өздөрүнүн буйругун аткарбаган кишини жок кылышты. Негизи келбеген студенттерге ошол эле ректор, проректор жана декандар, башка окутуучулар "крышалык" кылышат. Аларга экзамендерин бүткөрүп акчасын алып жаткандыктарына тоскоол болгонум аларга жага берген жок. Аларга окшобогонум үчүн мен иштен кол жууп калдым.

Сүрөттө ОшМЮИ, анын ректору Эгемберди Токторов жана студенттер.
Сүрөттө ОшМЮИ, анын ректору Эгемберди Токторов жана студенттер.

Маматованын тактоосу боюнча институт боюнча сабакка келбей баа алып жүргөн студенттердин саны 100гө чукулдайт. Бирок реалдуу түрдө алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Кесиптештери же окуу жайдын жетекчиликтери четке какпоосу үчүн Маматова ал тургай далил катары студенттерден түшүнүк кат да жаздырып алган.

Студенттер өздөрү да чет жакта иштеп, сессияларын акча менен бүтүрүп жатышкандыгын моюнуна алып, кол тамгаларын коюп беришкен. Маселен алардын бири 5-курстун студенти Айбек Таалайбек уулу жагдайын мындайча жүйөлөгөн:

- Мен Банк укугу сабагынан 22 саат лекция менен 14 саат семинар сабактын бирине да катышкан эмесмин. Анткени айылда жүргөм. Бирок методист Гүлзирек Анарбаева эжеге 6 миң сом акча берип сабактарымды бүтүрүп кой деп кеткем. Ал мени алдап, сессияларымды бүтүрбөй коюптур. Ал эми 5-курста үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу Москвага барып окуума төлөгөнү акча иштеп келдим. 5-курстагы сессиямды Айсынай Алымбаева эжеке бүтүрүп коем деген эле, ал дагы бүтүрбөй коюптур. Мен алданып калдым.

Студенттердин түшүнүк каттарында сессияларын акча менен бүтүрүп жаткандыктары жазылган.
Студенттердин түшүнүк каттарында сессияларын акча менен бүтүрүп жаткандыктары жазылган.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун соттук прокурордук факультетинин 5-курсунун дагы бир студенти Нурлан Асанов болсо Маматовага берген түшүнүк катында минтип жазып жатат:

- Менин такыр сабактарга катышпай калганымдын себеби, айылда ата-энемди карайм. Окууга келгенге шартым болбой жатканы үчүн биринчи проректор Мамасалы Арстанбеков агайга беш миң сом берип, сессиямды бүтүрүп берүүсүн сурангам. Мамасалы агай “баары бүттү, мамлекеттик экзаменге келесиң” деп айткан эле. Ошого беймарал жүргөм. Банк укугу сабагына келбей калганыма кечирим сурайм.

Бирок Ош мамлекеттик юридикалык институтунда жетекчилиги Маматованын айткандарынын баарын четке кагууда. Биринчи проректор Мамасалы Арстанбеков мындай дейт:

- Бизде сабакка келбей жаткан студенттер жок. Бардыгы эле кадимкидей сабакка келип жатат. Айрым сабактарга көбүрөөк катышпай калган студенттер болсо, алар ошол келбей калган күндөрүн актоо үчүн кошумча рефераттарын, студенттин өз алдынча иштерин тапшырышат. Эч ким эч кимден акча алган эмес жана албайт. Бардык студенттер өздөрү келип билим алып, экзамендерин өздөрү тапшырышат. Ал эми Маматова айтып жаткан конкреттүү студенттер боюнча, алардын түшүнүк каттарын Маматова балдарды коркутуп жаздырып алган. Андагы кептер жалган. Балдар ар кандай турмуштук абалына байланыштуу келе албай калышкан. Ошол себептүү алардын ата-энелери окуу иштер боюнча проректор катары ыйлап мага арызданышканынан, мен Маматовага чалып, “отработкасын” алып, “балдарга баа коюп берип кой” деп айтканым чын. Ар бирине 20дан реферат жаздырып, баасын коюп берди. Мында мыйзамсыз эч нерсе жок.

Проректор Мамасалы Арстанбеков
Проректор Мамасалы Арстанбеков

Окутуучу Сюита Маматова мындан сырткары ал иштеген окуу жай билим албаган эле казакстандык 120 студентке окуду деп документ жасап бергенин, мунун баары мыйзамсыз болгонун да ачыктады. Проректор Мамасалы Арстанбеков муну да төгүндөдү. Ал тескерисинче Маматованы “компетенттүү болбогону үчүн жок нерселерди айтып жатат” деп айыптады:

- Казакстандын Алматы шаарындагы университетет менен түзгөн келишим боюнча 120 казак тургунун бизге дистанциялык бөлүмгө окууга кабыл алганбыз. Аларды кабыл алуу иштерине мен өзүм Алматыга чейин барып, катышып келгем. Алар алты ай окугандан кийин, өздөрүнүн каалоосу менен башка жакка которулуп кетишкен. Биз аларга “окуду” деген документ эмес, аныктама кагазын гана бергенбиз. Бул жерде да эч кандай мыйзамсыз жагдай жок.

Жагдай боюнча окуу жайдын ректору Эгемберди Токторовдон маек алуу мүмкүн болгон жок. Ош мамлекеттик юридикалык институтунда 5 миңге чукул студент бар болчу. Быйыл бакалаврдык багыт боюнча эки курс бүтүп кетип жаткандыктан аларда 3 миңден ашыгыраак гана студенттер калды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG