Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Оштон Сирияга барып туткун болгондор


УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын маалыматы боюнча Сирияга кеткендердин жалпы саны 175 адамга жеткен. (Сүрөттө: Сирия менен Түркиянын чек арасы).
УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын маалыматы боюнча Сирияга кеткендердин жалпы саны 175 адамга жеткен. (Сүрөттө: Сирия менен Түркиянын чек арасы).

УКМКнын маалыматына караганда, учурда 175 кыргызстандык Сирияга кеткен. Анын он чактысы ошол жерде каза болгон. Дагы үчөө Сирия өкмөтүнүн колуна түшүп, өлүм жазасына тартылганы турат.

Бул арада Ошто экстремизмге каршы күрөш боюнча Жогорку Кеӊештин көчмө жыйыны өттү. Анда Сирияга азгырылган жаштарды кармап калууга билимдүү диний ишмерлердин жоктугу айтылып, муфтий Максат ажы Токтомушев Кыргызстандагы бардык имамдар аттестациядан өтөрүн жарыялады.

Учурда Сирияга кеткендердин токсон пайызы Кыргызстандын түштүк аймагынын тургундары. Анын ичинен ону Сирияда каза тапканы айтылууда. Жакында эле дагы үч кыргызстандык Сирия өкмөтүнүн туткуну болгонун Орусиянын телеканалдарынын бири жарыялап чыкты. Видеодо туткунда жаткандардын бири Шухрат Бабажанов Сирияга халифат орнотуу үчүн барганын баяндап берген:

- Биздин максат - бардык жерде шарият мыйзамын орнотуу. Орусияда да, Кыргызстанда да. Сирияда согуш бүткөндөн кийин бардыгыбыз өз өлкөбүзгө барып, халифат орнотобуз. Алар мени ашпозчу кылып дайындашкан. Анткени биздин өлкөдө тамакты даамдуу жасашат. Мен сыртка чыккан учурда гана автомат беришет.

Мындан бир апта мурун Кара-Суу районунун Нариман айылынын 93 жаштагы тургуну Пазилатхан Тешаева уулу үй-бүлөсүн алып Сирияга кеткенин айтып, аларды кайтарууну күч кызматкерлеринен суранган эле.

Учурда Сирия өкмөтүнүн туткунунда жаткан Шухрат Бабажановдун агасы үйдө анын үч баласы калганын билдирүүдө. Шухрат Бабажановдун агасынын айтымында, теледен кеткен видео аларга психологиялык жактан сокку урган.

- Жакында теледен көрдүк, колго түшүп калыптыр. Инимдин үч баласы бар. Баары жаш. Өзүнүн да абалы өтө оор экенин көрдүк, ошондон бери көзүбүздөн жаш кетпей жатат. Атам аны көрүп күн сайын ыйлайт. Эч ким мындай ишке барбасын.

Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жаӊы көрүнүштөн улам Жогорку Кеӊештин депутаттары Ош шаарында көчмө жыйын куруп, диний экстремизмге каршы күрөшүү жолдорун талкуулашты. Анда Мамлекеттик дин комиссиясынын төрагасы Орозбек Молдалиев жаштардын Сирияга агылуусуна туура эмес диний ишеним себеп деген пикирде. Ал экстремисттик идеологияга салтуу ислам идеологиясын каршы коюуну сунуштады:

- Сирияга эл рекламаны көрүп алып, эс алууга кетип жатат дегендей карабагыла. Акча берсе эле ошол жакка барып өлүп, бейишке чыгам деген келесоо жок да. Маселе тереӊде жатат. Алар менен жалгыз күч органдары күрөшө албайт. Экстремисттик идеологияга биз өзүбүздүн салттуу исламдын гана идеологиясын каршы коё алабыз.

Адистердин айтымында, Сирияга кетип жаткан жаштардын диний түшүнүгү тайкы. Сырттан келген экстремисттик агымдардын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүүгө жарамдуу дин таануучулардын аздыгы жаштардын башка агымдарга ооп кетишине себеп болууда. Бирок учурдагы кырдаалга жараша муфтий Максат ажы Токтомушев ар бир имамды кайрадан аттестациядан өткөрүп, теологиялык билими тереӊ жаштарга гана артыкчылык берерин билдирди:

- Биз азыр бардык дин кызматкерлерин аттестациядан өткөрө баштадык. Мурда молдолордон аттестацияны муфтият өзү алчу. Азыркысында буга Дин комиссиясынын, Коргоо кеӊешинин мүчөлөрү катышат.

УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын маалыматы боюнча Сирияга кеткендердин жалпы саны 175 адамга жеткен. Алардын 90% өзбек, 6% уйгур, 3% кыргыз. Сирияга кеткендердин 90% 25-29 жаш курактагылар болсо, алардын 23ү аял кишилер. Сириядагы согуштук аракеттерге агылган жаштар түрдүү маалымат каражаттары аркылуу шарият мыйзамын орнотуу үчүн биринчи кезекте Орто Азияга согуш ачарын ачык айтышууда.

XS
SM
MD
LG