Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Жай саратан менен кошо бышыкчылык келип, кыргызстандыктар жашылча-жемишке марып турган кез.

Азыр кан жолдорду жээктериндеги үйүлүп-жыйылган коон-дарбызсыз элестетүү кыйын. Айрыкча дарбыз талаасын аралап өткөн Бишкек-Ош жолунда базар кызып жатат. Мындай базарлар Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондорун бойлой кеткен жолдордо да арбын. Алардын бири – Акман айылында жайгашкан.

Бишкек-Ош жолунун 450-чакырымы. Базар-Коргон жана Сузак райондорунун ортосунда жыл сайын үч ай дарбыз базары кызуу жүрөт. Дарбыз талааны бойлой кеткен жол четинде 70дей сатуучу жер-жемишти үйүп алып конуп, түнөп сатышат. Чатыр тигип, керебет-төшөнчөлөрүн алып келип алышкан, ошентип тыйын табышат.

Алардын бири - 77 жаштагы Ашамкан Токсонбаева. Жол боюнда дарбыз сатып отурганына далай жыл болду:

- Бул жерде соода кылган өзүнчө эле ырахат. Жолдун бою, жаратылыштын койну. Ар түрдүү кишилер келет. Туристтер келип калат, алар менен баарлашабыз. Биздин Акманда дарбыз-коон көп эгилет. Базар-Коргонго же башка райондорго алып барып сатканга шартыбыз жок. Ошондуктан жол четин базар кылып алганбыз.

Сатуучулардын арасында атаандаштык деле байкалбайт. Жамила Айтбаева аттуу дыйкан келин сооданын оош-кыйыштарын айтып берди:

- Кээде мас кишилер келип жинибизге тийишет. Кээде машиналар деле дарбыздарды тепсеп кетет. Айрым учурларда дөңгөлөктөр учуп кетип, өзүбүзгө да зыян болгон маалдар болот. Айла жок, отурабыз. Башка каяка бармак элек?! Мындан өтө деле байып кетүү мүмкүн эмес. Мисалы, биз жыл сайын 50 сотик жерге дарбыз эгебиз. Ага кеткен чыгымдарын эсепке алганда, жылына 20-30 миң сомдой эле пайда табабыз.

Дыйкан-сатуучулар соода жылдагыдай эмес деп, муну быйыл дарбыз көп эгилип калганына байланыштырышат. “Ошентсе да, пайдадан үмүт кылып отурабыз”,- дейт дагы бир сатуучу Аскар Камчыбеков:

- Пайдасы болбосо, жол боюна чыкмак эмеспиз да. Чаң жутуп, унаалардан чыккан газды жыттап соода кылуу бизге зарыл дейсизби? Пайдасы бар, ошол үчүн отурабыз. Түнү менен соода болгон учурлар болот. Азыр орозо кирип калганына байланыштуу соода азайып калды.

Дарбыз соодасы негизинен түштөн кийин кызыйт экен. Түшкө чейин талаадан дарбыздарды жыйнап, жол боюна ташышат. Мен эртең менен барганым үчүнбү, айтор бир сааттын ичинде болгону эки эле киши дарбыз сатып алганын көрдүм. Жемиштер чоң-кичинесине карап, 5 сомдон 100 сомго чейин сатылууда.

Акмандагы дарбыз базардагы соодагерлердин арасында мектеп босогосун эми аттаган балакайлар да бар. Менин көңүлүмдү дарбыздардын сыртын чүпүрөк менен тазалап жүргөн кичинекей кыз өзүнө буруп, аны кепке тарттым:

-Атың ким?
-Бегимай.
-Дарбыз сатып жатасыңбы?
-Ооба.
-Дарбыз саткандын эмнеси жагат сага?
-Акча аласың да (күлөт)
-Мисалы, бул дарбызды мага канчага сатасың?
-40 сомго.
-Андан арзанга болбойбу?
-Болот да.
-Канчага бересиң?
-30 сомго.

Бир-эки жыл мурун Акмандагы дарбыздар базарга салыштырмалуу арзандыгы менен айырмаланчу. Соңку кездери кымбаттап калганы байкалууда. Мунун да өзүнчө себеби бар: мурда жол четинде жалаң дыйкандар соода кылып келсе, азыр алып-сатарлар да кошулуп алыптыр. Алар Шамалдуу-Сай, Аксы тарапта жетилген дарбыздарды ушул жакка алып келишет экен. Калыбы аларга бул жер пайдалуураак көрүнөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG