Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Өзгөн: кримчөйрөдөн кызматка секирик...


Кызыл-Октябрь айыл округу
Кызыл-Октябрь айыл округу

Кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турган Эржигит Пасаңов 25-майда Өзгөндө айыл өкмөт болуп шайланды.

Ал Кызыл-Октябрь айыл округунун жетекчилик кызматына ат салышып, үч талапкерди жеңип чыкты. Жергиликтүү кеңештин депутаттары ал кесиптештерине басым жасап добуш алганын, кримчөйрөнүн жергиликтүү бийликке келиши акылга сыйбаган көрүнүш экенин айтышууда.

Кызыл-Октябрь айыл округунун жетекчиси Эрнис Толтоев башка кызматка которулганына байланыштуу анын ордуна талапкер тандоо үчүн мөөнөтсүз шайлоо 25-майга белгиленген. Бул орунга төрт талапкер: айыл өкмөттүн аппаратында иштеген Кушбак Арапов, райондук администрацияда иштеген Руслан Алайчиев, айылдык кеңештин депутаттары Каныбек Бекмурзаев жана Эржигит Пасаңов катталган эле.

Бул күнү шайлоого айылдык кеңештеги 21 депутаттын 20сы катышып, алгачкы добуш берүүдө талапкерлердин эч кимиси жетиштүү добуш топтой алган эмес. Көбүрөөк добуш алган эки талапкер Бекмурзаев менен Пасаңов кайрадан экинчи турда тандалып, натыйжада буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары белгилүү болгон Эржигит Пасаңов утуп чыккан.

Өзгөн, Кызыл-Октябрь айылы
Өзгөн, Кызыл-Октябрь айылы

​Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Калыбек Акыбаев буларга токтолду:

- Экинчи турда Бекмурзаев 8, Пасаңов 12 добуш алды. Бул депутаттардын жалпы добушунан тең жарымынан көп болуп эсептелгендиктен Эржигит Пасаңов Кызыл-Октябрь айыл округунун башчысы болуп шайланды. Эми анын кылмышка тиешелүү жактарын күч кызматтары тактап беришер. Бизге арыз бергенде Эржигит Пасаңов өзүнүн кылмыш иштерге аралашпагандыгы, соттолбогондугу тууралуу кагаздарын толук алып келди. Андагы документтерге ылайык, ал эч кандай уюшкан кылмышка тиешеси жок экен, демек биз аны талапкер катары катташыбыз зарыл, ошондуктан аны бюллетенге киргиздик. Ким болбосун, мыйзам талап кылган документтерин алып келсе, аны биз талапкер катары каттоого милдеттүүбүз.

Эржигит Пасаңов Кызыл-Октябрь айылдык кеңешине 2012-жылы депутат болуп шайланган. Анда анча таанымал эмес эл өкүлү 2014-жылы гана көпчүлүккө аты чыккан. Ошо кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү же ага катышы бар депутаттардын жана аткаминерлердин тизмесин жарыялаган. “Каралар” менен катышы бар так ошол 20дай адамдын катарында Эржигит Пасаңовдун да аты аталган. “Сакал” аттуу каймана аты бар Пасаңов “мыйзамдагы ууру” делген кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары тизмеде турганы маалым болгон. Бул маалыматтар кезинде бир топ ызы-чуу жаратканы менен, Эржигит Пасаңов жергиликтүү кеңештин депутаттыгынан четтетилген эмес.

Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Малик Нурдинов буларга токтолду:

- Эржигит Пасаңов Ысык-Көлдө, кримтөбөлдөрдүн отурушунда алар менен чогуу түшкөн сүрөтү чыгып, биздин оперативдик тизмеге каттоого алынган. Өзү уюшкан кылмыштуу топтун түздөн түз мүчөсү эмес, ошого байланышы бар деген топко кирет. 2012-жылдан бери ага биз кылмыштуу топторго аралашабы, кылмыш жасабайбы, өзү кылмыш топ түзөбү, түзбөйбү деп байкоо салып жүргөнбүз. Азырынча кандайдыр бир кылмыш кылып, же кримчөйрөнүн өкүлдөрүн каржылаган аракеттери байкала элек.

Жаңы айыл өкмөт башчы шайлоо алдында өзүнүн кесиптештерине, депутаттарга таасир этип, коркутуп жатканы айтылган. Аны айрым эл өкүлдөрү оозеки ырастаганы менен “Азаттыкка” маек берүүгө макул болушкан жок. Айылдык кеңештин депутаты Азамат Абдубалиев болсо, талапкер тарабынан ыдык көрсөтүү орун алганын четке какты:

- Пасаңовду буга чейин кесиптеш катары гана билем, бирок анын кылмыштуу топторго тиешеси бар же жок экенин билбейм. Мурда да айыл өкмөт болом деп, бирок талапкерлигин алып салган эле. Азыр мунусунда дагы коюп, утуп алды. Башкаларын билбейм бирок мени ал коркуткан жок, мен өзүм каалаган жана айылым талап кылган гана талапкерге добуш бердим. Мен эле эмес башкаларына деле андай басым жасаган жок.

Эржигит Пасаңов
Эржигит Пасаңов

Ал эми Кызыл-Октябрь айыл округун жаңы башчысы Эржигит Пасаңов өзүнүн уюшкан кылмыштуу топко мүчө экендигин четке кагып, муну атаандаштары уюштурган каралоо деп атады. Ал ошондой эле депутаттарды коркутуп, добуш албаганын айтууда:

- Уюшкан кылмыштуу топ кандай, уюшулбаган кылмыштуу топ кандай, алар ким, тааныбайм, түшүнбөйм деле. Мен өзүмдүн намазымды окуп жүргөн эле бир мусулманмын. Анан бир аз ишкерлигим бар, элге жардам берип, мечит салып, спортзал салып берип жатам. Эми ушул айыл өкмөт катары элге кызмат кылайын деген эле ой. Депутаттарды коркутту деген сөз бул жалган жалаа, мен аларды коркутмак тургай, өзүм коркуп араң жашап жүргөн бир момун адаммын. Бул жөн гана көралбастык. Балким азыркы атаандаштарым тараптан же иштен кеткен мурдагы атаандаштар бар, ошолор тарабынан уюштурулуп, мени жаман көрсөткүсү келгендердин да интригасы болушу мүмкүн.

Жергиликтүү бийликтерге кылмыштуу топтордун мүчөлөрү шайланып калуу коркунучу бар экени буга чейин Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн.

Мурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев жарыялаган маалыматта жеке мандат менен шайланган эл өкүлдөрүнөн Балыкчы шаардык кеңештин депутаты Алтынбек Коёналиев, Кеминдеги Кара-Булак айылдык кеңештин депутаты Алмазбек Кулболдиев, Лейлекте Кулунду айылдык кеңештин депутаты Тынычбек Бекболотов, Кара-Балта шаардык кеңештин төрагасы Таалайбек Сүйүмбаев, Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңештин депутаты Руслан Жумагулов, Кайыңды шаардык кеңештин депутаты Урмат Осмонкулов, Москва райондук кеңештин депутаты Замирбек Болжокеевдер да кылмыштуу топко тиешеси бар экени айтылган.

Ошондой эле партиялык тизме менен шайлангандардан Кара-Балта шаардык кеңештеги “Республика” партиясынан депутат Калыбек Нургожоев, Жалал-Абадда Кара-Көл шаардык кеңешке “Ата Мекен” партиясынан депутат Алтынбек Арзымбаев, Чолпон-Ата шаардык кеңештин депутаты Бакыт Баркалбасов, Кара-Суу районунун Сарай айылдык кеңештин депутаты Замирбек Тургумбаев, “Республика” партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңештин депутаты Замир Сыргабаевдер да “каралар” менен байланышы бар деп маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG