Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

Бул өз кезегинде шайлоодо “каралардын” кызматын, күчүн дагы пайдалаганга аракет жасалат деген талкууга жем таштады. Кыргызстанда буга чейинки шайлоолордо уюшма кылмыш топтордун аралашып келгени маалым.

Өмүрбек Бакиров Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 55-орунда турат. Буга чейин Жогорку Кеңешке “Ата-Журт” партиясынан шайланып келген депутат уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган деген маалымат чыккан.

Бакировго 2010-жылы май айында Убактылуу өкмөттү күч менен кулатууга аракет кылды деген айып тагылган. 2004-жылы уюшма кылмыш топтун анабашы Алманбет Анапияев менен бирге карактоо, адам уурдоо, опузалап акча өндүрүү фактылары боюнча кылмыш иш козголгон. Бирок Өмүрбек Бакиров болсо дооматтардын баарын төгүндөп жатат:

- Мен ал иш боюнча акталгам. Жалган жалаа жабылган. Бүгүнкү күнү менин үстүмдөн бирөө да арыздана албайт. Менин бир тал чачымды түшүрдү деп бирөө да айта албайт. Элдин акысын жеген жокмун. Коррупцияга аралашкан жокмун. Башка кылмыш кылган жокмун, эгер кылмыш кылсам бул маалга чейин чыкмак.

Өмүрбек Бакировдон анын кримтөбөл Алманбет Анапияевдин өкүл баласы болгонун тактап сураганыбызда чычалап, жооп берүүдөн баш тартты.

Бакыт Жетигенов

Бакыт Жетигенов

Учурда Социал-демократтар партиясынын тизмесине 29чу болуп илинген, өткөн шайлоодо парламентке “Ар-намыстан” келген Бакыт Жетигенов да “караларга” байланыштуу аты аталган. Былтыр күзүндө ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев уюшма кылмыш топтун мүчөсү же ага катышы бар деп тизмеде турган жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын, аткаминерлердин атын жарыялаганда арасында Бакыт Жетигенов да бар болчу. Ал кримтөбөл Алмаз Бокушев менен чогуу окуганын тастыктап, бирок жакын мамиледе деген маалыматты жокко чыгарды:

- Мен кылмышка аралашып, кылмыш кылсам бир жөн. ИИМ кийин “чогуу окуган, ошон үчүн айтылды, тиги-бу” деп айткандарын жокко чыгарбады беле.

КСДП тизмесинде 57-орундагы Дилмурат Акпаралиев тууралуу өзүнчө сөз кылууга болот. Ал кылмыш дүйнөсүндө "Дики" деген каймана ат менен таанымал жана партия тизмесине киргенге чейин фамилиясы Дооронов болчу. 2011-жылы жазында "караларга" каршы күрөш күчөп турганда камакка алынган. Жалал-Абад облусундагы Чаткал, Ала-Бука райондорун көзөмөлдөгөн кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда "положенец" болуп жүргөн. Ошондо ага "көз боёмочулук" беренеси менен кылмыш иш козголуп, карактоо, ишкерлерден опузалап акча өндүрүү менен алектенип жүргөнү айтылган.

Ала-Бука райондук кеңештин төрагасы кызматына чейин көтөрүлгөн Акпаралиевге (Дооронов) ага чейин "зордуктоо", "карактоо" беренелери менен кылмыш иши козголуп, эки ирет соттолгон. Ал парламенттин мурдагы вице-спикери, учурда “Кыргызстан ” партиясында 2-орунда турган Азиз Турсунбаевдин жакын адамы катары сыпатталат. Азиз Турсунбаев алгач КСДПга ачык ыктап, кийин кайра “Кыргызстанга” өтүп кеткенден кийин, “Турсунбаев КСДПдагы ордун Акпаралиевге берди” деген да сөз чыкты.

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш

“Караларга” байланыштуу аты аталып жүргөндөрдү башка партиялардан деле тапса болот. Мисалы, “Республика Ата-Журт” партиясында “Хоп” деген каймана ат менен таанымал Улан Чолпонбаев бар. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин казыначысы болгонун айрым гезиттер жазып чыккан эле.

“Бир бол” партиясында 15-орунга илинген, Ош шаардык дене тарбия, спорт комитетинин башчысы кримчөйрөдө “Душка” деген лакап менен таанымал Дүйшөн Төрөкулов да уюшма кылмыш топко катыштыгы бар деп калышат. Партиянын лидери Алтынбек Сулаймановдун өзү тууралуу деле уу-дуу сөз көп. Ошто спорт клубдардын көптүгү боюнча алдыда турган А. Сулайманов парламентте “милиция спортчулар менен уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн ажырата албайт" деп айтып чыккан эле.

Айрым маалымат агенттиктер “Өнүгүү” партиясынын тизмесинде 17-орунда турган, фамилиясын Икрамов деп алмаштырган мүчөсү Тазабек Стамкулов уюшкан топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турарына шилтеме келтирген. Ошондой эле анда Стамкулов 2009-жылы мурдагы парламент депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулун уурдоого буюртмачы катары шектелгени көрсөтүлгөн.

Стамкулов баштаган топ өткөн жумада “Бир бол” партиясынын активистин токмоктоп коюшканы тууралуу маалымат да чыккан эле.

Мыйзам боюнча, уюшма кылмыш топтун мүчөсү деп расмий сот гана аныктап чечим чыгара алат. Кыргызстанда сот аркылуу мындай макам алган бир дагы адам жок. Ички иштер министринин маалымат катчысы Бакыт Сейитов анткен менен милициянын өзүнүн оперативдүү тизмесине жараша иргелерин маалымдады:

- Уюшкан кылмыш топтун мүчөсү экенин сот аныктайт. Бирок бизде оперативдүү каттоодо турган жарандар бар. Азыр партиялар талапкерлерди тандап атат. Алардын тизмеси БШКда толугу менен такталгандан кийин, алар бизге текшертүү үчүн жөнөтүшү керек. Бирок катталганга чейин ар бир талапкер бизден соттолбогону тууралуу маалымдама алышы зарыл. Тизме толугу менен бекип, бизге келгенден кийин биз баарын карап чыгабыз. Эгерде уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары каттоодо турган болсо биз БШКга кабарлайбыз.

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо“Ата Мекен” партиясынан Кара-Көл шаардык кеңешке шайланган мүчөсү уюшма кылмыш топтун өкүлү болгону аныкталган. Партия лидери Өмүрбек Текебаев тизмеде “каралар” же аларга байланышы бар адамдар жок деп ишендирип жатат:

- Парламентке уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн эл гана келтирбей кое алат. Эгер ал кылмышкер камалып, соттолуп түрмөдө отурбаса аны чектегенге мыйзам жол бербейт. Бирок ким кылмышкер экенин, ким алардын жетекчиси экенин биз баарыбыз жакшы билебиз, партиялар жакшы билет, эл жакшы билет. Биз шайлоо убагында тазаланышыбыз керек. Кайсы партияда уюшма кылмыш топтун өкүлдөрү, жакындары бар болсо эл ага добуш бербеши керек. Алардан арылуунун экинчи жолу, уюшма кылмыш топтун мүчөсү деп кармап, далилдеп соттоо керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин баамында, “каралар” же аларга тиешеси барларды иргеген, депутат болушуна бөгөт койгон чаралар жетишсиз:

- Сот органдардын чечими менен гана кылмышкер деп табылат. Бүгүнкү күндө аларга эч ким тоскоол кыла албайт. Ошондуктан мурунку эле көрүнүштөр кайталанат. Эл оозунда айтылгандар айтылып жүрө берет. Бул эми көнүмүш адат болуп калды.

Президент Алмазбек Атамбаев уюшма кылмыш топторго каршы күрөш аёосуз болушу керектигин такай белгилеп келет. Анын партиясына кирген “караларга” катышы бар деп шектелген адамдар тууралуу президенттин өзүнүн пикирин билүү мүмкүн болгон жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG