Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

“Караларга” каршы күрөш: убада көп, натыйжа аз


Иллюстрация
Иллюстрация

Премьер-министр Темир Сариев уюшма кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөттүн алдындагы Коопсуздук жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңештин 19-майдагы жыйынында “караларды” ооздуктоо тууралуу сөз болду. Анын алдында Ички иштер министрлиги соңку кездери кылмыш топтор арасында бири-бирине үстөмдүк кылуу, таасир бөлүшүү максатында тирешүү күчөгөнүн билдирген.

Кыргыз милициясы уюшма кылмыш топтор баш көтөрө баштаганын тастыктады. Оперативдүү маалыматка ылайык, ушул тушта кримтөбөл Камчы Көлбаев менен кылмыш дүйнөсүнүн дагы бир лөгү атыккан Алмаз Бокушевдун топтору өз ара тирешип жатат.

ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов мунун бир мисалы катары өткөн айда Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун активдүү мүчөсү, кылмыш дүйнөсүнүн тилинде “положенец” макамын алып жүргөн Дамир Сапарбековдун атып өлтүрүлүшүн атады:

- Акыркы күндөрү уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрү арасында өз ара келишпестик, талаш-тартыш күчөп атат. Ошонун негизинде маалым болгондой 27-апрелде Бишкектин Жал кичи районунда уюшкан кылмыш топтун активдүү мүчөсү Дамир Сапарбеков атып өлтүрүлгөн. Андан сырткары соңку 10-15 күн ичинде өз ара талаш-тартыш фактысы боюнча уюшма кылмыш топтордун сегиз мүчөсү кармалып, кылмыш жообуна тартылып жатат.

Мирлан Каниметов күздөгү парламенттик шайлоого карата “караларга” каршы күрөш дагы күчөйт, алардын саясатчылар менен байланышы, саясий процесстерге таасири тыкыр иликтенет деп ишендирип жатат.

Буга чейин милиция уюшма кылмыш топтун мүчөсү, же ага катышы бар деп оперативдүү тизмеде турган жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын, аткаминерлердин атын ачыкка чыгарган эле. Алардын арасында бир канча жолу соттолгон, адам өлтүрүү өңдүү оор айып тагылгандары да бар экени анык болгон.

Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча 19-майда өкмөттүн алдындагы Коопсуздук жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңештин жыйынында сөз болду. Анда премьер-министр Темир Сариев ички иштер министри Мелис Турганбаевге чукул арада кескин чараларды көрүүнү тапшырды:

- Ар түрдүү криминалдык жаңжалдардан жана “отметкалардан” биз арылышыбыз керек. Мен ушундай милдетти коем. Мелис Турганбаев сиздин буга күчүңүз жетет, ар тараптан колдоо болот. Кыска мөөнөт ичинде чечкиндүү чараларды көрүңүз. Биз өлкөдө мыйзамдын диктатурасын орнотушубуз керек. Коом бизден реалдуу жыйынтыктарды күтүп жатат.

Адатта Кыргызстанда жаңы ички иштер министр, жаңы өкмөт башчы, жаңы президент уюшма кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш болот деп убада кылмайы бар.

Жогорку Кеңештеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы, “Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев “караларга” каршы күрөштү сынга алды. Анын баамында, кылмыш топтордун саны азайбастан, тескерисинче көбөйдү:

- Бизде буга чейин бир кримтөбөл болсо, азыр алардын саны үч-төрт болуп кетти. Бул деген бизде криминал күч алды, кримавториттер көбөйдү дегенди билдирет. Мыйзамдагы уурулар канчалык көп болсо, кылмыш топтор ошончолук көп болот да.

Бокоев мындан эки жыл мурун кабыл алынган уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мыйзам дээрлик аткарылбай жатканына токтолду. Бул мыйзамды өкмөт өзү сунуштаганын белгиледи:

- Ушул мыйзамды кабыл алып берсеңер эле уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүнүн баарын соттун чечими менен каттоого алабыз, каттоого алгандан кийин алардын жүргөн-турганын, каржылык, чарбалык абалын, мүлкүн текшерип турабыз дешкен. Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл алып берген. Ал мыйзамдын нормалары аткарылган жок. Эмне себептен аткарылган жок, эмнеге уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн каттоого албай жатасыңар деген маселе көтөрөбүз.

Кыргызстанда бийлик “каралар” менен коюн-колтук алышып алган, аларды өз кызыкчылыгына пайдаланган көрүнүштөр жок эмес деген өндүү доомат айтылып жүрөт.

Буга Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн эрте бошору менен өлкөдөн чыгып кетиши, буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча өмүр бою абакка кесилген Эркин Мамбеталиевдин акталышы, кримчөйрөдө “Водолаз” аттуу каймана ат менен таанымал Максат Абакировдун бошотулушун, былтыр жыл башында Ошто мэр шайлоонун так алдында издөөдө жүргөн, кылмыш дүйнөсүнүн тилинде "положенец" макамын алып жүргөн Кадыр Досоновдун күтүүсүз пайда болушун жана дароо үй камагына чыгарылышын мисал кылып келишет.

Милициянын эсеби боюнча, өлкөдө Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев жана Максат Абакировго таандык төрт негизги кылмыш тобу бар. Аты аталган кримтөбөлдөрдүн баары ушул тушта боштондукта жүрөт.

XS
SM
MD
LG