Линктер

Парламентте президенттин катышуусуз жаңы коалиция түзүү сунушталды. Мындай сунуш менен жайкы каникулдан соң жыйынга чогулган парламент жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев чыкты.

Жайкы каникулдан соң парламенттин иши кызуу талкуу менен башталды. Талкуунун негизги өзөгү өлкөдөгү саясий абалды кызыткан Баш мыйзамды өзгөртүүнүн айланасында болду.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди сынга алып, өлкөдөгү саясий олку-солкулуктун жаралышына себеп болгонун билдирди. Анын жүйөсүндө, өлкөнү учурда Атамбаевдин жанындагы бир ууч топ гана башкарып, парламенттин көз карандысыздыгына кийлигишүүдө.

Мындай кырдаалда Өмүрбек Текебаев бийликтин тең салмактуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти парламент алышы керектигин белгиледи:

- Мыйзамда өкмөттүн түзүлүшүнө президентти аралаштырбай, парламент гана түзүү жолу каралган. Бул төрт фракция 61 добуш менен коалиция түзсө, президент аралаша албай калат. Президентти ушундай жол менен Конституцияда көрсөтүлгөн ордуна койсо болот. Ошондуктан, мен бүгүн депутаттарды ошого чакырдым: силер президенттик аппараттын “малайы” эмессиңер, алар депутаттарга буйрук бере албайт. Кыргыз элинин ишенгени - Жогорку Кеңеш. Үчүнчү ыңкылаптын бизге кереги жок. Бул үчүн жаңыча ой жүгүртүп, мындайга жол берилбейт деп жоопкерчиликти алууга чакырдым.

Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" студиясында

Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" студиясында

Өмүрбек Текебаев саясий кризис күчөп кетсе, парламенттеги фракциялар мындай кадамга сөзсүз түрдө барууга милдеттүү экенин эскертти.

Анткен менен Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган фракциялар өз демилгесинен баш тартпай турганын айтып жатышат. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов референдум өлкө бүтүндүгүн сактоо үчүн өткөрүү керек деген жүйөнү айтууда:

- Сунушталып жаткан референдумда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алыш керек. Себеби, биз мындан ары өнүгүүбүзгө өбөлгө гана болот. Президент Конституцияны өзгөртүү менен өз бийлигин узартам деген жок. Ошону түшүнүү керек болуп турат.

Саясат таануучулар Текебаевдин сунушун “парламенттик төңкөрүш” деп аташууда. Себеби, мындай жол менен парламент өлкөдөгү саясий кырдаалды өзгөртүүгө мыйзамдуу мүмкүнчүлүк алат.

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, учурдагы саясий кырдаалда Текебаевдин сунушу оңтойлуу болуп турат:

- Текебаевдин айткан сунушу түздөн-түз эң мыйзамдуу, туура жол болот. Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин турушу керек. Бирок анын бийлигин биз чектеп, түзүлгөн кырдаалдан чыгышыбыз керек. Чектебесек, тышкы саясатта да, ички саясатта да ири коркунучтар болгону турат.

Ошол эле учурда азыркы курамдагы Жогорку Кеңеш бул сунушту колдоого канчалык жөндөмдүү деген суроо туулууда. Себеби, парламенттеги Текебаев жетектеген “Ата Мекенден” башка беш фракция тең президент менен бирге Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон.

Парламенттеги депутаттардын саны боюнча экинчи орунда турган “Республика - Ата Журт” фракциясы референдум өткөрүүнү колдой турганын анын жетекчиси Өмүрбек Бабанов ачык айтып чыкты:

- Биз Конституцияны өзгөртүүнү колдойбуз. Бул партиябыздын негизги программаларынын бири болгон. Бирок кардиналдуу түрдө өзгөртүп башкарууну же премьерге же президентке берүүнү сунуштаганбыз. Бирок фракциябызда 28 депутат болгондуктан, башка фракциялар менен биргеликте сунуштоого макул болдук.

Мындан башка төрт фракция деле президенттин айтканына каршы чыгып, башка жолго түшүшү күмөн экенин эксперттер белгилешет.

Ал эми саясий эксперт Марс Сариев учурда парламент президент тарапка ооп турганы менен өлкөдө саясий кризис тереңдеп кетсе жаңы коалиция түзүү актуалдуу болорун айтууда:

- Албетте, азыр Текебаевдин айтканы ишке ашпачудай көрүнөт. Бирок саясий кризис күчөп, ага чоң оюнчулар киришсе, бир вариант катары бул сунуш деле ишке ашуусу мүмкүн.

Темир Сариев

Темир Сариев

Ошол эле учурда мурунку премьер-министр Темир Сариев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча фракциялардын жоопкерчилиги тууралуу бүгүн кайрылуу таратты. Анда Сариев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган фракциялардын лидерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесине сын айтты:

- Бул жерде Конституциялык реформанын демилгечилери, парламенттик фракциялардын жетекчилеринин ролун өзгөчө белгилөө зарыл. Азыр эмнени көрүп жатабыз? Алар өзгөртүүлөр сунушун бергени менен, эки сөз менен аны коргогон жок. Реформа үчүн жоопкерчиликти иш жүзүндө президент өзүнө алды. Фракция лидерлеринин мындай позициясын же коркоктук, же коом алдындагы жоопкерсиздик, же кандайдыр бир чагымчылык катары кабыл алууга болот.

Ошентип, парламенттин биринчи күнүндө Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу талкуулар менен башталды. Бирок каникулдан жаңы келген парламент дагы он күнгө кайра эс алууга кетти.

Үчүнчү ыңкылаптын бизге кереги жок. Бул үчүн жаңыча ой жүгүртүп, мындайга жол берилбейт деп жоопкерчиликти алууга чакырдым.

СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Курман айтка байланыштуу эл өкүлдөрү толук катышпай калышы мүмкүн деген негизде 12-сентябрдан кийин ишти улантууну сунуштап, ага 69 депутат "макул" деген добуш беришти.

Спикер Чыныбай Турсунбеков бул убакыт аралыгында жалпы жыйындар өтпөй турганын, ал эми парламент комитеттеринин иши уланарын билдирди.

Өлкөдө чек ара маселелери, саясий кырдаал курч турганда парламент депутаттарынын эс алуудан келбей атып, “кайра эс алууга” кетиши коомчулукта сын-пикирлерди жаратты. Жарандык активист Рита Карасартованын эл өкүлдөрүнүн бул кадамын жоопкерсиздик катары баалады:

- Азыр төрт жараныбызды Өзбекстан камап, чек ара маселеси курч турат. Миграция элди чыңалуусун жаратууда. Референдумдан улам саясий кризис жаралды. Мына ушундай кырдаалда депутаттар тойдон улам эс алууга кетиши жоопкерсиздик.

Ошол эле учурда парламенттин пландалбаган эс алууга кетишин Конституциянын айланасындагы талкууларды басаңдатуу аракети катары сыпаттагандар да чыгууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG