Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Борбордук шайлоо комиссиясы 260 миллион сомго кошумча эки миң даана электрондук урна сатып алмай болду.

Борбордук шайлоо коммиссиясы кошумча үкөктөрдү сатып алуу үчүн чагылгандай тездик менен тендер өткөрдү. Тендер жарыялап, арыздарды кабыл алууга бар болгону 16 жумуш сааты берилген. Бул мөөнөткө айрым компаниялар документтерди чогултуп жетишпей калса, жетишкендери толук документтерди бере алган жок.

Натыйжада буга чейин тендерде жеңүүчү болуп келген Түштүк Кореянын Miry Systems компаниясынан тышкары, дагы үч компания арыз бергенине карабай корей компаниясы жеңүүчү деп табылды. БШКнын басма сөз катчысы Айболот Айдосов “Азаттыкка” бул үкөктөр эмне максатта сатылып алынганын мындайча билдирди.

- Күзүндө өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда добуш эсептөөчү урналардын жанында кошумча дагы урна болушу керек. Буга чейин биздин кошумча үкөктөрдү коюуга мүмкүнчүлүгүбүз болгон эмес. Негизги урна жарактан чыгып калса, запастагы үкөктөрүбүз болчу эмес. Эми ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештин шайлоосуна бул маселе чечилет деп турабыз.

Ал ортодо тендерге катышкан беларусиялык “РФИД Стар” компаниясы сынак учурунда комиссия үкөктөрдү бир булактан, түз сатып алып жатканын мыйзам бузуу катары баалап, аны териштирүү үчүн Башкы прокуратурага кайрылды. Бирок БШК түз келишим түзүүгө Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн токтому уруксат берерин негиз келтирүүдө.

БШК жетекчилери жоопкерчиликтен качты

Кошумча үкөктөрдү сатып алуу маселесинде БШК курамынын ичинде да пикир келишпестиктер жаралды. БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева бул урналар күзүндө болот деп айтылып жаткан референдум үчүн сатылып алынууда деген ойдо. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, кошумча үкөктөрдү сатып алууда БШК жетекчилигинен эч ким жоопкерчиликти алгысы келген жок:

- Менин оюмча, тендердик комиссиянын курамына төрага болбосо да орун басарларынан бири кириши керек болчу. Бирок, алар жоопкерчиликтен качты деп айтаар элем. Чындыгында кошумча урналардын зарылчылыгы деле жок болчу. Бирок референдум өтө турган болсо, бир урна жергиликтүү шайлоо үчүн, жанындагы экинчиси - референдумдун добуштары үчүн керек болот. Андыктан кошумча сатылып алынган урналар референдум үчүн алынып жатат деп айта алам.

Анткен менен БШКнын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова тендердик комиссиянын курамы Боршайкомдун төрайымынын тапшырмасынын негизинде түзүлгөнүн айтып, сынактын өтүшү, анын жыйынтыктары боюнча тендердик комиссиянын мүчөлөрү жана БШК төрайымы жоопкерчиликтен качпастыгын белгилөөдө. Андыктан кошумча үкөктөрдү сатып алуу маселеси коомчулукта көп терс пикирдеги талкууну жаратып жаткандан, сарпталган акчанын чоң сумма экендигин эске алуу менен бул маселе БШКнын кезектеги жыйынында каралышы керектигин айтууда.

“Коомдук талдоо институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова БШКнын тендери саясый чечим менен өттү деп сынга алды.

- Бийлик өзүнө кереги жок тендерди каалаган маалда токтотуп коюп жатат. Байкасаңар “коопсуз шаар” долбоору үч жылдан ашык убакыттан бери тендердин айынан ордунан жылбай турат. Ал эми шайлоо жана референдум бийликке маанилүү болгондуктан элге да айтпастан, эки күндүн ичинде тендерди өткөрүп койду. Бул аракеттердин бардыгы артынан шек жаратып жатат. Менин оюмча, прокуратура бардыгын текшерип чыгып, эмне үчүн буга чейинки шайлоодо жеткен урналар эми жетпей калганын иликтеп, баа бериши керек.

25-августта Конституцияны өзгөртүүгө каршы өткөн "тегерек үстөлдө" саясатчы Өмүрбек Текебаев “бийлик шайлоо урналарын сатып алган акчанын ордуна эки облуска ветеринардык, фитосанитардык лаборатория курса болмок” – деп сынга алып, бул жаңы Конституцияны кабыл алуу максатында жасалып жатканын айткан эле.

БШК электрондук үкөктөрдү сатып алууга каражатты Европа Биримдиги бергенин маалымдап, жалпы жонунан эл аралык уюм грант катары 5 миллион евро бөлгөнүн билдирди. Башында үкөктөрдү сатып алууга 300 миллион сомдон ашык акча кетет деп эсептелип жатса, кийинчерээк кореялык компания аппараттын баасын арзандатып, жалпы жону 260 миллион сомго алып келүүгө макул болгон.

Кыргызстанда электрондук үкөктөр биринчи жолу 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо пайдаланылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG