Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:43

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгын бийлик таза парламенттик башкарууга өтүү менен түшүндүрүп жатат. Менден башка бирөө келсе, бул Конституция менен ал ажыдаарга айланат деп Атамбаев жана анын айланасындагылар элди түздөн-түз эле коркутууда.

Бирок сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү анализдеп көрсөк, президент алсыз болуп калат дегидей анын укугунун азайганы деле байкалбайт. Ырас, премьердин укугу бир аз кеңейтилет экен. Бирок ал президенттин эсебинен эмес, парламенттин жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын эсебинен. Президент мурда кандай эл тарабынан шайланса, кийин деле ошондой эле эл тарабынан шайлана бере турган болуптур.

Мен муну айтып жаткан себебим, парламенттик башкаруу аралаш формадан эмнеси менен айырмаланат деген суроого билермандар парламенттик башкарууда президент эл тарабынан эмес, парламент тарабынан шайланат дешет. Алардын айтымында, парламентик башкаруунун башка белгилери да бар болгону менен (мисалы, шайлоодо жеңген партиялар президенттин макулдугусуз эле өкмөт түзүү) президентти шайлоо тартиби эң маанилүү болуп эсептелет. Эл тарабынан шайланган президент парламентке теңата болуп, анын чечимине баш ийбей коет. Атүгүл белгилүү бир шартта анын өзүн бийлеп алат. Анын ыйгарым укугу Конситуция боюнча чектелген күндө да, референдум өткөрүп өз ыйгарым укуктарын көбөйтүп алат.

Биздин чейрек кылым эгемен тарыхыбызда ошондой эле болуп келе жатат. Парламенттик башкарууга жакын аралаш формадан баштайбыз да, ал бир нече жыл өтүп-өтпөй президенттик болуп кетет, аны, революция жасап, кайра парламенттин укугун чоңойтобуз, ал болбой эле таза президенттикке айланып кетет. 1993-жылкы Конституция жакшы болчу, ошону эле кайра калыбына келтире коелу дегендер четтен чыгат. Бирок анын бир кемчилиги бар. Ал Конституцияда президент эл тарабынат шайланат деп жазылып калган. Эл тарабынан шайланган үчүн Акаев парламентти тоготпой, аны оңой эле таратып, референдум өткөрүп өз укугун кеңейтип алган.

Формалдуу түрдө ал башкаруунун аралаш формасы деп аталганы менен, иш жүзүндө президенттик башкаруунун классикалык үлгүсүнөн ашып да түшкөн супер президенттик башкаруу болуп чыкты. Негизги чечимдерди Акаев кабыл алчу, бирок ал натыйжасы үчүн таптакыр жооп берчү эмес. Бирдеме болсо күнөөнүн баарын премьерге оодара салып, кандай гана абал болбосун суудан кургак чыкчу. 93-жылкы Конституциянын жактоочулары ал Конституцияны калыбына келтиргенибиз менен эл тарабынан шайланган президент Акаев сыяктуу эле өз полномочиесин көбөйтүп алышы мүмкүн экенин эске албай жатышат.

Оппозиция адегенде Бакиевди да жарга такап парламенттин укугу кеңейтилген, азыркы Конституцияга жакын Конституцияны кабыл алдырууга мажбурлаган. Ал да парламентти чилдей таратып, президентке чексиз укук берилген жаңы Конституция кабыл алып алган. Ал кезде оппозиция күчтүү болчу. Күчтүүлүгүнө карабай парламент Бакиевге багынып берди. Парламент бийликтин бир бутагы эмес, Бакиевдин бийлигинин бир бутагына, тагыраак айтканда, анын сөзүн эки кылбаган чөнтөк парламентке айланган.

Азыркы Конституцияны да парламенттик башкарууну түзө турган Конституция деп айтышкан. Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев президент мындан ары бийлик бутактарына арбитр гана болуп калат деп ишендирген. Бирок өлкөнү парламент эмес, президент башкарып жатканы сокур көзгө да көрүнүп турбайбы. Министрлер депутаттарга «мени кызматка силер эмес, президент койгон» деп ачык эле айтып жатса, ошол да парламенттик башкаруубу?

Баш мыйзамдын талабына ылайык Атамбаев чет өлкөлөр менен келишим түзөөрдө, мамлекет аралык маселерди чечерде, премьерден уруксат алышы керек болчу. Иш жүзүндө уруксатты премьер Атамбаевден алып жатканын өкмөт башчылардын өздөрү деле жашырышпайт. КТРден Атамбаевдин Акаев жана Бакиев сыяктуу тигинтиш керек, минтиш керек деп премьерге жана ага баш иет делген министрлерге акыл үйрөтүп, тапшырма берип отурганын көрөсүң.

Анысы аз келгенсип эмне үчүн турмуш жакшырбайт деп эл баары бир менден сурайт экен деп, Атамбаев экономиканы да өз полномочиесине киргизип алган. Жети жыл ичинде ички дүң продукт эки эсе өсөт деген Улуттук стратегияны өкмөт эмес, президент кабыл алган. Парламент, кой мындай болбойт деп калп да болсо каршылык көрсөтүп койгонго жараган жок. Депутаттар, тескерисинче, бийликтин бир колго топтолушуна көмөктөшүп жүрдү. Аны Конституциянын атасы Текебаев да мойнуна алып жатпайбы, мен өзүм дагы Атамбаевдин күчтөнүшүнө түздөн-түз себепчи болгом деп.

Ошондуктан Атамбаевдин адамдары демилгелеп жаткан Констициялык өзгөртүүлөрдү кабыл алсак, премьер диктаторго айланып кетет деген Текебаевдин оюна мен кошулбайм. Өзгөртүүлөргө чейин президент кандай күчтүү болсо, андан кийин деле ошондой күчтүү бойдон кала берет. Эч кандай өзгөрүү болбойт. Премьерге берилип жаткан укуктар иш жүзүндө президентке эле өтөт. Ал эми сот бийлигинин алсызданып жатканын эске алсак, президент мурдагыдан да күчтөнөт.

Атамбаев өзүнүн ажыдаар жөнүндөгү анекдотун көп айтат эмеспи. Бул анекдотту президент болуп шайланган 2011-жылдын декабрында, жыл жаңырып жатканда ал дагы бир жолу кайталаган болчу. Ал «ажыдаар мындан ары президент эмес, Кыргызстан, өлкөнүн өзү болот» деген. Мен ошондо «Ажыдарга айлануунун формуласы» деген макала жазып, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө карай жасап жаткан анын алгачкы кадамдары ошондой болоруна ишеним жаратпай тургандыгын, эгерде экономика оңолуп элдин турмушу жакшырбаса, Атамбаев деле Акаев менен Бакиевдей ажыдаарга айланышы мүмкүн экенин айткан элем. Мен бул сөздү Атамбаевди жаман көргөнүмдөн же алалбай жүргөн кегим болгонунан айткан эмесмин. Бул коомдун өнүнүгүшүнүн мыйзамы. Окумуштуу катары аны мен айтууга милдеттүүмүн. Президенттердин ажыдаарга айлануу формуласы мындай.

Коррупция жоюлдубу? Уюшкан кылмыштуулук азайдыбы? Сот, прокуратура, милиция жакшы иштеп калдыбы? Алардын иштерине Ак үй мурдагыдай эле киришип аткандыгы айтылып жатат.

Германиянын же Индиянын президентинен айырмаланып эл тарабынан шайланган биздин президенттер парламентке баш ийбейт. Бул ажыдаарга айлануунун негизги шарты болуп эсептелет. Эч кимге баш ийбеген президенттер өздөрүн адегенде кудайдын жердеги орун басары, анан аны да унутуп бара-бара кудай сезип алышат. Акылдары ашып-ташып гений болуп кетишет. Балдары Билл Гейтстен ашкан бизнесмен, же колунан көөрү төгүлгөн Леонардо да Винчи, таланттуу музыкант болуп чыга келет. Эч кимди укпаган президент экономиканы өнүктүрө албайт.

Башкаларды билбейм, мен президент экономиканы көтөрө турган болсо диктатор болсо да макул элем. Кызматтан кетпей, түшпөс хан болсо да чыдайт элем. Сингапурду Ли Куан, Түштүк Кореяны Пак Чон Хи өңдүү демократия десе көңүлү иренжип кускусу келген адамдар көтөргөн эмеспи. Өздөрүнүн дээринде эч нерсе жок болсо, анысы аз келгенсип акылман сезип алып башкадан акыл сурабаса, биздин президенттер кайдан экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун билмек эле. Жөн эле башкаларды сокур туурайт. Жакшыларын туурамак беле, өздөрүнө окшогон колунан эчтеме келбеген кызыл камчы диктаторлорду туурайт.

Турмуш оңолбогондон кийин эл нааразы болот. Кетсин деп көчөгө чыгат. Бийлик болсо өз каталарын оңдоп өлкөнүн өнүгүшүнө зарыл чараларды көрүүнүн ордуна массалык маалымат каражаттарын мажбурлап чындыкты бурмалап, өздөрүн мактатат. Өз бийлигин сактап калыш үчүн оппозиционерлерди түрмөгө камайт, ага болбой Ак үйгө барса, атып кирет. Атканда да мээсин чачырата атат, башкалар корксун деп. Ажыдар болуу деген ошол.

Атамбаевдин мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калды. Өлкө ажыдар болду деп айтууга менин оозум барбайт. Революция жасап салдык дегидей 2010-жылдан кийин эмне өзгөрдү? Экономикада эч кандай жылыш жок. Мурда Орусияда 1 млн. адам тентип жүрсө, азыр деле ошончо адам тентип жүрөт. Тескерисинче, Бакиевдин учурунда экономика ылдам өскөн, элдин турмушу кадимкидей жакшырган. Азыр болсо эл 90-жыдардардын башындагыдай кыйнала баштады.

Коррупция жоюлдубу? Уюшкан кылмыштуулук азайдыбы? Сот, прокуратура, милиция жакшы иштеп калдыбы? Алардын иштерине Ак үй мурдагыдай эле киришип аткандыгы айтылып жатат. Атамбаевдин кылган иштери Акаев менен Бакиевдикинен айырмаланбагандыктан ал «мен президент да, премьер да болбойм» дегенине карабай, эл шек санап жатат да.

Куран кантип ыйык китепке айланган?

Кыргыздарга башкаруунун үч формасы тең туура келбесин мен 2006-жылы жарык көргөн "Кыргызстандын экономикасын кантип көтөрүү керек?» деген макаламда айткан элем. Анда да азыркыдай Конституцияга байланыштуу кыргыз коомчулугунда кызуу талаш жүрүп турган. Айрым адамдар «ошол үч форманын ичинен парламенттик башкаруу жакшы, өнүккөн өлкөлөрдүн баарын парламент башкарат экен, анын үстүндө кыргызда хан болгон эмес, бирдеме болсо эл башчылары депутаттарга окшоп чогуу чечкен десе, башкалары «жок, кыргыз эли парламенттик башкарууга даяр эмес, бизде калыптанган партиялар жок, президенттик эле башкарууга өтүшүбүз керек» дешкен.

Ал макаламды жазып жатканда темасы бөлөк болгондуктан учкай эле сөз кылдым эле, азыр мен өз оюмду кененирээк түшүндүрүп берейин. Дүйнөдө парламенттик да, президенттик да башкаруу киргизип жакшынакай эле өнүгүп жаткан өлкөлөр бар. Мисалы, өзүңүздөр жакшы билгендей, АКШда президенттик башкаруу, Улуу Британияда болсо парламенттик башкаруу. Ал эми Франция башкаруунун аралаш формасын тандап алган. Бул өлкөлөр өнүкпөй калды деп ким айта алат?

Эл бийликти көзөмөлдөй албагандан кийин, саясатчылар бири-бирин көзөмөлдөй турган кылуу керек. Бул күчтөр тең болгондо гана ишке ашат. Күчтөр болсо парламеттик башкарууда гана тең болушу мүмкүн.

Башкаруунун үч формасы тең күчтүү граждандык коом болгондо гана жакшы иштейт. Эмне үчүн Франциянын президенти башкаруунун аралаш формасында иштесе да, биздин президенттерге окшоп парламентти баш ийдирип албайт? Эмне үчүн ал референдум өткөрүп өз укуктарын көбөйтпөйт? Жооп бирөө эле. Эл андайга жол бербейт. Ошондуктан андай кылуу Франциянын президенттинин оюна да келбейт. Батыш өлкөлөрүндө коомдук пикирдин ролу канчалык экенин ушундан билсе болот, президент болобу, премьер болобу, же катардагы министр болобу күнөөсү болсо, коомчулукка билинери менен өздөрү эле кызматтан кеткенге шашат.

Бул жагынан абал Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө Казакстанга жана Орусияга салыштырмалуу бир аз түзүк, бирок ал принципиалдуу айырмаланбайт. Биздин өлкөдө революция көп болгон менен эл ага чейин бийликтин жасаган туура эмес иштерине көз жумуп коюп жүрө берет. Анын үстүндө кыргыздар өлкөнү мыйзам эмес, президент көтөрөт деп ойлойт. Кыргыздын аялдары Манас төрөп бербей койду деп бир акындын кейигени, ал сөз болсо мезгилдин учкул сөзүнө айланганы ошондон. "Кадырлап турса кен мекен, Каныкей болуш эмне экен" деп, президенттер коомдун талабын аткарып Манас, тагыраак айтканда, ажыдаар болуп чыга келишет.

Аталган макаламда кыргыздарга бийликтин үч формасы туура келбесе да парламенттик башкарууга өтүү керек деген элем. Эмне үчүн? Эл бийликти көзөмөлдөй албагандан кийин, саясатчылар бири-бирин көзөмөлдөй турган кылуу керек. Бул күчтөр тең болгондо гана ишке ашат. Күчтөр болсо парламеттик башкарууда гана тең болушу мүмкүн. Бийликтин башка формаларында жогоруда айтылгандай президент үстөмдүк кылып кетет.

Теңата саясатчылар биринин айбын бири чукуп, каршылаштарынын былык иштерин элге көзгө сайгандай кылып көрсөтүп турат. Бул алардын андай иштерге баруусуна тоскоол болот, ошентип саясатчылар тазарат. Тигиниси да мунусу да өз иши туура экенин далилдей берип, чындык кайда экенин таанып билүү алдаканча оңой болот. Элдин көзү ошондо гана ачылат. Граждандык коом тезирээк өсүп чыгат. Чынын айтуу керек, бул бир топ кооптуу. Саясий күрөш түгөнбөгөн чырга айланып, тараптар кагылышып кетиши да мүмкүн. Бирдей укук берилгенде деле бир күч үстөмдүк кылып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок мындан башка жол жок.

Ушул жагынан алып караганда сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө мен макул болчу жердемин. Бирок мен буга таптакыр каршымын. Биринчиден, жогоруда айтылгандай, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр парламенттик башкарууга алып келбейт. Экинчиден, мен дагы башкалар сыяктуу ал өзгөртүүлөр бийликти узартуунун амалыбы деп ойлойм. Баш мыйзамдын өзгөртүүлөрүнүнө каршы болуумдун үчүнчү себеби, Конституция өзгөртүлбөсүн деген талаптын аткарылышына болгону төрт жыл калыптыр. Алты жылда кыйрап калбаган Кыргызстан, эми төрт жылда бирдеме болуп кетеби, чыдап туруп эле, ошончо эле өзгөрткүбүз келсе, 2020-жылы эле өзгөртпөйлүбү. Айткан сөзүбүзгө турганды да үйрөнөлү да.

Эмне үчүн Куран ыйык китепке айланган? Ислам дини христиан дининен айырмаланып адамдардын жашоосуна жана тиричилик кылуусуна байланыштуу конкреттүү эрежелерди – шариятты киргизген. Белгилей кетейин, анда экономикага тиешелүү эрежелер да бар. Мисалы, адам өлгөндө анын карызын мураскору берет деген. Адамды акыркы сапарга узатып атканда молдо "анын карызы бар беле?" деп сурайт. Мураскор болсо кимдин карызы болсо менден алгыла деп айтат. Ислам дининин артыкчылыгы да, кемчилдиги да ошондо болгон.

Артыкчылыгы ар ким каалагандай өзгөртө албагандай, бардыгына бирдей эреже болгондугунда. Коомдук турмушту тескегендигинде. Мыйзамдарды киргизгенинде. Кемчилиги ал эрежелер конкреттүү болгондуктан коомдун өнүгүшүнө байланыштуу алар учурунда прогрессивдүү болсо дагы тез эскирип кеткен. Мухаммед пайгамбардын шакирттеринин учурунда эле ар кандай талаш маселелер келип чыга баштаган. Бүгүн болсо анын айрымдары, мисалы, төрт аял алууга уруксат беруу архаикалык көрүнүшкө айланып отурат. Азыр спирт ичимдиктерин ичкендер да намазга жыгылып жаткан кез. Аны мусулман эмессиң деп эч ким айта албайт.

Мындай нерселерди санап отурса абдан көп. "Талибандар" менен "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун негиздөөчүлөрү "азыркы мусулмандар бузулган мусулмандар, ислам динин баштапкы калыбына келтириш керек" деп айтып жатканындай эле бар. Ошого карабай Куран да, шарият өзгөртүлгөн эмес. Жөн гана шарияттын жоболоруна мезгилдин талабына ылайык жаңы чечмелөө (трактовка) беришкен. Куран ошол өзгөрүлбөй кылымдар бою турганы үчүн ыйык китепке айланган.

Эгерде биз болор-болбос нерсе үчүн Конституцияны өзгөртө берсек, анда анын баркы болбойт. Конституция стабилдүү болбосо, өлкө да стабилдүү болбойт. Кокус Атамбаев өзү айткандай президенттикке барбай турган болсо, андан кийин келген президент да аны өзгөртүп алуу этималдуулугу өтө жогору. Жогоруда айтпадымбы, өлкөдө бардык бийлик бир колго мыйзамсыз топтолгон деп. Эмки келген президент аны мыйзамдаштырып алгысы келиши мүмкүн, кийин жооп берип калбайын деп. Качанкыга чейин президенттерди Конституциянын талаптарына баш ийе турган кылбай, Конституцияны президенттердин көңүлүнө карап өзгөртүп жүрө беребиз. Анда Конституциянын эмне кереги бар?

Сапар Орозбаков, экономист, публицист

P/S. "Өзгөчө пикир" рубрикасына чыккан макалалар "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG