Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

Кыргыз парламентинде депутаттардын кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбоору өтпөй калды.

Партиялардын шайлоо алдында жеңилдиктерди алып салуу убадалары эмне үчүн колдоо тапкан жок? Эл өкүлдөрүн артыкчылыктардан арылтуу популисттик кадамбы? Парламент депутатынын натыйжалуу иштешине ыңгайлуу шарт түзүү керекпи?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Искак Масалиев жана “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев катышты.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, кечээ сиздердин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаттары демилгелеген кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбоору өтпөй калды. Анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Кенжебек Бокоев: Жогорку Кеңештин депутаттары өз ойлорун добуш берүү аркылуу билдирет. Кечээ добуш берүүдө аталган мыйзам боюнча 60 депутат каршы болушса, 52си макул болду. Бул жерде маселе жеке эле турак жайларга тиешелүү эмес.

Билесиздер, биз жардамчылардан, жеке кызматтык автоунаалардан баш тартканбыз. Аларды биз парламент токтому менен эле бекиткенбиз. Ошондуктан биз аны "Депутаттын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык мыйзамдаштырып коелу деп жатабыз.

Болбосо кийинки жетинчи чакырылыштын депутаттары келип, жеңилдиктер мыйзамда бар экен, пайдаланыбыз дебесин деп кайра сунуштап жатабыз. Тилекке каршы, мурда макул болуп жүргөндөрүнө карабай 60 депутат каршы добушун беришти. Биз бул маселени дагы комитеттен карап туруп, кайра добуш берүүгө сунуш кылабыз.

“Азаттык”: Парламенттеги талкууда бир депутат кызматтык унаалар менен бирден жардамчылардан баш тартуудан 60 миллион сом үнөмдөлдү делгени менен ал акчалар кайда кеткени белгисиз деп айтып чыкты. Финансы министрлиги кыскартуулар боюнча бизге расмий документ келген жок деп отурат. Демек демилге сөз боюнча эле калып жаткан жокпу?

Кенжебек Бокоев: Бул эми божомол гана цифралар. Депутаттардын жардамчыларын кыскарткандан эле бир жылда 52 миллион сом үнөмдөлүшү керек. Азыр жыл ортолоп калды, жыл аягында биз эсептеген үнөмдөөлөр чыгышы керек. Кызматтык автоунаа, 120 айдоочу ж.б. чыгымдарды кыскарткандан биздин эсептөөлөр боюнча жыл аягында 152 миллион сом үнөмдөлүшү керек деген болжолдоолор бар.

Төрт жолу депутат болгон мезгилде мен көп коллегаларымды көрдүм, башында убактылуу кызматтык батир деп алышып, кийин менчиктештирип алышкан. Азыр так жазылган: “бул батирлер менчиктештирүүгө жатпайт, кызмат мөөнөтүңүз бүткөндө тапшырып кетесиз” деп турат.

“Азаттык”: Исхак мырза, сиз аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттардын бирисиз, аны эмне менен негиздейсиз?

Исхак Масалиев: Мен эч кимдин алдында актанбайм, менин пикирим ачык. Башында жеке кызматтык автоунаадан баш тартуу жөнүндө демилге чыкканда мен депутаттардан биринчи болуп төрагага “мен автоунаадан баш тартам” деп кат жазгам. Кийин ал добуш берүү аркылуу чечилди.

Туура, мурдагы кабыл алынган чечимдерди мыйзамдаштыруу керек. Турак-жайларды депутаттардан алып коюу же сатуу принциптери мага жакпайт. Кээ бир менин коллегаларым бир нерсе болсо эле сатыш керек, бюджетти толтуруш керек, деп атышат. Ал турак үйлөр ошол эле Жогорку Кенештин бюджетинен курулган болчу.

Менимче, беш жылга депутат болуп келгендерди батир менен камсыздап коюунун жаманчылыгы жок. Кайсы бир жактан адисти же кызматкерди жумушка чакырып келгенде деле кызмат үйү же жатакана менен камсыздап беришет. Бул турак жайлар убактылуу экендигин түшүнүшүбүз керек.

Көпчүлүк батирлерди депутаттар өздөрү оңдоп-түзөп өз акчасын коротушкан, "алардын баары бекерге кетеби?" деп ойлоп каршы добуш бердим. Азыр депутаттарда артыкчылыкка ээ боло турган эч нерсе деле калган жок. Ошол батирлерди менчиктештирүүгө жол бербешибиз керек. Мына, төрт жолу депутат болгон мезгилде мен көп коллегаларымды көрдүм, башында убактылуу кызматтык батир деп алышып, кийин менчиктештирип алышкан. Азыр так жазылган: “бул батирлер менчиктештирүүгө жатпайт, кызмат мөөнөтүңүз бүткөндө тапшырып кетесиз” деп турат.

“Азаттык”: Мурдагы чакырылыштын үч депутаты кызматтык батирлерди бошотпой жатышат, Жогорку Кеңеш алар менен соттошорун спикер Чыныбай Турсунбеков айтты. Алар кимдер, чыкпай жаткандарынын себебин эмне деп түшүндүрүшөт, кандай чара көрүү керек?

Исхак Масалиев: Колдон-буттан алып чыгарып коюу керек, башка жол жок.

“Азаттык”: Алар кайсы депутаттар?

Исхак Масалиев: Кимдер экендигин билбейт экем. Анын үстүнө мен батир да талап кылган жокмун.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, депутаттар бирден жардамчысынан баш тартканы менен фракциянын катчылыгынын штаттары көбөйгөнү айтылууда. Демек бюджет кыскарган эмес. "Орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт” деген ушулбу?

Кенжебек Бокоев: Ооба, Жогорку Кеңештин бюджети өзгөрбөйт, анткени ал жылдын башында эле бекип калган. Айтпадымбы, 120 айдоочу, 120 жардамчыны кыскартуудан көп акча кыскарат. Азыр кыскартуу боюнча мыйзам долбоору келелек, жыл аягында так цифралар чыгат. Керек болсо “Республика Ата-Журт” фракциясы Жогорку Кеңештин автоишканасын да жоёлу дегенбиз. Аны да минималдуу кыскарттык, ал жер азыр “гараж” деген ат менен калды. Биздин фракцияда бул маселе дайыма көзөмөлдө. Жакында биз иш башкармалыгын чакырып, канча машина калды, бошогондор кимге берилди деп сурадык.

Иш башкармалыктын жетекчиси, эки орун басары менен кызматтык унаада жүрүшкөн экен, “120 депутат автоунаадан баш тартып жатса, сиздер минип жүргөнүңөр кандай” дедик эле, алар да өткөрүп беришти. Бул башталышы гана, биз өкмөт, министрликтер, облустук бийликтер, райондук администрацияларга чейин карап чыгабыз. Кызматтык автоунаа деген союздан калган нерсе.

“Азаттык”: Исхак мырза, Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн өрнөгүн алышыбыз керектигин көп айтабыз. Германиянын парламенти -Бундестагдын вице-спикери Йоханнес Зингхаммер кыргыз журналистине берген жообунда “немис депутаттарына кызматтык унаа, батир деген берилбейт” дептир, алардын үлгү алсак болобу?

Исхак Масалиев: Ага убакыт керек. Германиянын парламентинин деле толгон-токой көйгөйү бар. Алардын парламенттик тажрыйбасы чоң. Биз болсо биякка чуркайбыз, аякка чуркайбыз. Кыргызстан 25 жылдан бери Швейцария, Америка, Орусия, Кытай болобүз деп жүрөбүз. Жыйынтыгында парламенттикпи же президенттик башкаруудагы мамлекетпизби түшүнбөй калдык. Бирок, президентте укук анча болбогону менен көп нерсени чечет. Тескерисинче, парламентте укугу көп болгону менен көп нерсени чечпейт. Өкмөт көз каранды эмес бийлик дегени менен биздин көзүбүздү карап отурат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG