Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Мандат чыры парламентаризмдин кадырын кетирди


"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев парламентте ант берүүдө. Фракция лидерлери ичинен депутаттарды мандатынан эркинен тыш ажыратуу аракетин Канатбек Исаев биринчи болуп баштады.

"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев парламентте ант берүүдө. Фракция лидерлери ичинен депутаттарды мандатынан эркинен тыш ажыратуу аракетин Канатбек Исаев биринчи болуп баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан” партиясынын эки депутатын фракция чечиминин жана фракция башчысынын сунушунун негизинде мандаттан ажыратууга барышы мыйзам бузуу менен катар парламенттик башкаруунун кадырын кетирген көрүнүш болду.

Парламентаризмдин принциптерине да сокку урду. Бийликке келген айрым партиялар, асыресе алардын лидерлери шайлоочуларды алдоону, депутаттык антты жокко чыгарууну эрөөн-төрөөн көрбөй калганын, депутаттык орундарды соодалоо шайлоодон кийин да токтобогонун көргөздү.

Кыргыз парламентинде мандат талаш чырынын али уланып жатышы жана дагы уланары буга негиз болгон шайлоо тартибин өзгөртүү зарылдыгын каңкуулоодо. “Азаттыкттын” кезектеги “Өңүт” апталык берүүсүндө мына ушул маселе талдоого алынды.

Чет элдик тажрыйба

Парламентке шайланып келген партиясы же анын жетекчилиги менен келишпей калганда фракциядан чыккан же чыгарылгандар ишин эркин депутат катары уланткан практика Европанын парламенттик демократияларынын дээрлик баарында кездешет.

Бирок депутат өз эрки менен арыз жазбаса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбаса же көзү өтүп кетпесе, анын мандаттан ажыратуу мүмкүн эмес.

Кыргыз парламентинде мандат талаш чырынын али уланып жатышы жана дагы уланары айрым талдоочулардын пикиринде, буга негиз болгон шайлоо тартибине түзөтүү киргизүү зарылдыгын да каңкуулоодо.

Мисалы, кыргыз партиялары мыйзамда каралбаса да иш жүзүндө октябрдагы шайлоодо колдонгон ыкма-конкреттүү талапкерлердин конкреттүү аймактагы добуш чогултуусу Европанын парламенттик башкаруудагы айрым өлкөлөрүндө мыйзамдаштырылып эле каралган.

Алардын бири - Польшанын шайлоо системасы. Ал тууралуу бизге Варшавадан саясий илимдер боюнча профессор Радослав Марковски айтып берди:

- Польшаныкы (шайлоо системасы) пропорционалдык ачык тизме боюнча добуш берүүнүн классикалык үлгүсү. Шайлоо күнү жаран шайлоо бекетине келгенде колуна шайлоого катышып жаткан партиялардын, анын алдында ошол партиянын талапкерлеринин ысымдары жазылган бюллетень тиет. Тизмедеги талапкерлердин саны шайлоо округундагы элдин санына жараша аныкталат. Шайлоодо өлкө 41 округга бөлүнөт. Саясий партиялар анын ар биринен округдардын ченемине жараша жетиден 19га чейинки санда талапкер чыгара алат. Шайлоочу добуш берүүдө саясий партия менен катар анын талапкеринин бирин тандоого милдеттүү. Болбосо ал бюллетень жараксыз деп табылат. Берилген бир добуш ошол конкреттүү талапкер жана анын чыгарган партия үчүн да эсептелет. Партиялык тизмедеги талапкерлер округдардын негизинде шайлаганы менен ал округдар чоң болгондуктан, парламентке барганда пропорционалдык өкүлчүлүк болот. Парламентке кирүүдө саясий партиялар үчүн өлкө боюнча 5%, партиялардын альянсы же коалициясы үчүн 8% босого коюлган.

Профессор Марковски кошумчалагандай, таза парламенттик башкаруудагы, бирок президентти эл шайлаган Польшада Кыргызстан үчүн мандат чырынын негизи болгон маселе жөнөкөй эле чечилген. Парламентке партиялар 41 округдан чыгарган талапкерлер тизмесинин алдыңкы сабындагылар эмес, эң көп добуш алгандары кирет:

- Караңыз, эгер он депутат гана шайлана турган округ болсо, шайлоого жети партия катышса добуш берүүдөн кийин жыйынтык чыгарууда эмнеге көңүл бурулат? Биринчи кезекте партиялардын добушу саналып, аларга канчадан орун тийгени аныкталат. Ошондо он орундун төртөөсү "А" партияга, "Б" партияга үчөө, "С" партияга бир, "Д" партияга 1, "Е" партияга бирден орун тийди дейли. Андан кийин округдан орун алууга жетишкен партиялардын тизмеси каралып, анын алдыңкы сабындагылар эмес, тийген мандаттын санына жараша эң көп добуш алган төрт, үч же бир талапкери парламентке шайланат.

Пропорционалдык шайлоо системасында парламенттеги орундардын бөлүнүшүнө партия лидерлеринин эмес, шайлоочулардын таасирин күчөткөн жана парттизменин алдына кирбеген талапкерлерге кошумча мүмкүнчүлүк тартуулаган ушул эрежени башкаруу формасын акыркы ирет 1975-жылы тактаган Швеция да карманат:

- Швед шайлоочулары партиялар үчүн добуш берет, ага катар тизмеден бир талапкерди тандоого да укуктуу. Бирок шайлоо бюллетенинен талапкерди тандап көргөзүү милдеттүү эреже эмес. Партиялык тизменин ичинен чынында жеке өзү көп добуш алгандар парламентке ушул жол менен кирет алат, - деди “Азаттык” менен маегинде Стокгольмдогу эл аралык мамилелер институтунун Кыргызстан боюнча адиси Йохан Энгвалл.

Парламенттик башкаруудагы Швеция 310 депутатын өлкөнү 29 округка бөлүү жолу менен шайлайт. Саясий партиялар өлкө боюнча кеминде 4% добуш, ар бир округдан 12% добуш алуусу керек.

Кыргызстанда, былтыркы шайлоонун алдында мыйзамга саясий партиялар республикалык менен катар регионалдык тизме түзүүсүнө мүмкүндүк берген өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор даярдалган. Башында ага президенттик аппарат да каршы болгон эмес. Бирок, акырында ал долбоор президент Алмазбек Атамбаевдин жана КСДП фракциясынын каршылыгынан улам кабыл алынбай калган эле. Каршылар партиялардын бирдиктүү республикалык менен катар регионалдык тизме чыгаруусун “артка кетүү” деп мүнөздөшкөн.

Реформа зарылдыгы, бирок.....

Конституциялык соттун жана конституциялык кеңешменин мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулованын пикиринде, парламентаризмдин принциптерине көө жапкан азыркы көрүнүштөрдөн улам бир мандаттуу округдарга кайтуу же партиялык тизме боюнча шайлоодон баш тартуу артка кеткендик болот. Бирок учурдагы мүчүлүштүктөрдү оңдоо керек:

- Биздин алдыбызда эки жол турат. Биринчиси - биз парламентаризм жолу менен кетип, азыркы кемчиликтердин баарын кандайдыр бир жол менен оңдойбуз. Партиялык курулуш чындап жүрсүн, партиялар күчтөнсүн, партиянын мүчөлөрү эл сыйлаган, мамлекетти башкара ала турган, мыйзам чыгара ала турган адамдар болсун деп максат койсок, жаңы шарт түзүп, азыркы мүчүлүштүктөрдү оңдошубуз керек. Биздин системабыз Конституция, мыйзам боюнча карасак, формасы жагынан Батыштыкы, бирок мазмуну кыргызча болуп калып жатат. Мазмуну өзүбүздүн психологиябызга, менталитетибизге, саясий маданиятыбызга байланышкан терс нерселер толуп калып жатат. Экинчи жол - эгер азыркы система бизге жарабайт экен, менталитетибизге ылайык келбейт экен десек, анда башка системага өтүшүбүз керек.

Шайлоо тартибиндеги мүчүлүштүктөрдү оңдоонун алгачкы мүмкүнчүлүгү - алдыда күтүлгөн Конституциялык реформа.

Реформанын демилгечилеринде мындай максат барбы же жокпу, азырынча анык эмес. Өзү азыркы Башмыйзам аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө тыюу салат.

Бирок Жогорку Кеңештеги соңку кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүү - толуктоону келерки жылдагы президенттик шайлоого чейин киргизүүгө чакырган болчу.

Конституциялык жана эл аралык укук боюнча адис, Кыргыз-орус славян университетинин профессору Бекбосун Бөрүбашев кезектеги онунчу реформанын тагдыры буга чейинкилердей эле бийликтеги топтун кызыкчылыгын же алардан айрымаланып, жалпы улуттук кызыкчылыкты эске алар –албасына көз каранды болорун айтат:

- Конституциялык реформага биз бара беребиз, көнгөнбүз. Кудай буюруса онунчу жолу болот. Бирок бир жаман көрүнүш бар. Булар (бийликтегилер) конституциялык реформага барабыз дейт да, Башмыйзамдын өздөрүнө ылайыктуу редакциясын жазып алышып, өзүлөрүнүн тилинен чыкпаган юристтерди Ак үйгө чогултуп алышып, алардын оозу менен ошол долбоорду элге таңуулап, референдум аркылуу өткөрүп алууга аракеттенишет. Эгер эски көрүнүштү кайталашса булар чоң жаңылышат. Эл менен эсептешүүсү керек да. Өздөрү айткандай, Ак үйгө киргенден кийин “ажыдар болушуп” көздөрүн май басып кетти да. Биз келдик деп эч ким менен эсептешпей калышпадыбы. Мына ушуну токтотушу керек.

Профессор Бекбосун Борубашев “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, башкаруучу коалициядагы “Кыргызстан” фракциясындагы мандат чырынан улам коомчулукта тутанган нааразылыктын, кыжырлануунун себеби буга кириптер болгон депутаттардын ысымдарына эмес, мыйзам үстөмдүгү, парламентаризмдин принциптери одоно түрдө бузулганына, саясий элитабыз дегендердин жоопкерсиздигине байланыштуу болууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG