Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:36

Жогорку Кеңештин депутаттарынын мандаты боюнча соңку окуялар БШК, айрыкча анын төрагасы тууралуу да ар кандай кептин чыгышына түрткү болду.

Жакындан билгендер, такай баарлашып жүргөндөр, катыш-билиши барлар "Туй байке", "Туй" деп кайрылышкан кадимки Туйгуналы Абдраимов Борбордук шайлоо комиссиясын бир эмес, экинчи жолу жетектеп жатат. 2006-жылы Балыкчы шайлоо округунан жеңип келген кримтөбөл Рысбек Акматбаевге депутаттык мандат бербей койгону менен коомчулуктун эсинде калган. Былтыр жазында БШКнын эсепсиз чыгымдары боюнча чуу да чыккан. Жалпысынан мурунку бийликтердин тушунда деле жогорку кызматтарда иштеген Абдраимовду президент Алмазбек Атамбаевдин досу деп айтып жүрүшөт.

11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын эки депутатын фракциянын чечиминин негизинде деп мандатынан ажыратты.​ Мандатынан ажыраган депутаттар БШК бул чечимди алардын макулдугусуз чыгарганын айтып, сотко арызданды.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы "Республика" партиясы менен шайланып келген Жыргалбек Саматовдун мандатын эки жолу алып, үчүнчүсүндө кайра берди.

Ушунун баары өз кезегинде БШКнын жана анын жетекчилигинин иши тууралуу түрдүү кеп-сөздөрдү пайда кылды.

Медицинадан саясатка

Туйгуналы Абдраимов чоң саясатка медицина тармагынан келген. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган жана парламенттин депутаты болгонго чейин шаардык, райондук ооруканаларда врач-хирург, бөлүм башчы, бир канча жыл Ысык-Ата райондук ооруканасынын жетекчиси болуп иштеген.

1995-жылы Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына шайланган жана ошол эле маалдарда, тактап айтканда, 1996-1998-жылдары саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары, 1998-2000-жылдары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу корунун башчысы, 2007-жылы жети ай саламаттык сактоо министринин кызматын аркалаган.

Президент Атамбаев менен депутат болуп, парламентте чогуу отурганда ымалашып, достук мамилеси башталганы жана Социал-демократтар партиясынын мүчөсү да болгону айтылып жүрөт.

Абдраимовдун жеке ишкерлик кылган да жайы бар. 2001-2005-жылдары ооруканаларды медициналык жабдуу менен камсыздаган “Дентал системс” деген ишкананы башкарган.

Абдраимов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп 2002-жылы келген. 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин бийлик алмашканда ага чейин оппозицияга ачык ылым санап келгендиктен, эч тоскоолдуксуз Боршайкомдун төрагасы болуп шайланган. Эки жылдай иштегенден кийин, 2007-жылы Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп кеткен жана бул кызматта 2010-жылы бийлик алмашканга чейин отурган.

Саясий жүрүштөрү

Убагында Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болгон коомдук ишмер Эдил Байсалов “Азаттыкка” курган маегинде эки президентке мандат тапшыруу шыбагасы буюрган Абдраимовдун Алмазбек Атамбаев менен оош-кыйыш мамилеси тууралуу кеп салды.

Эдил Байсалов

Эдил Байсалов

- Курманбек Бакиев аны Түштүк Кореяга элчи кылып жибергенде Атамбаев экөөнүн ортосунда таарынычтар болгон. "Сатып кетти" дегендей сөздөр айтылган. 2010-жылдан кийин бул кишини Атамбаев өзүнө көп жолотпой, жакындатпай, Абдраимов өзү деле күнөөсүн сезгендей болуп жакындабай жүргөн. Өзү жакшы билген, көп иштеген БШКга мүчөлүккө “Ар-намыс” партиясы аркылуу шайланган. БШКнын төрагасы болуп шайланганда саясий чөйрөдө "Атамбаевге каршы иштейт, өчүн эми алат, шайлоодо катуу талашып-тартышат" дегендей сөздөр чыккан. Бирок Абдраимов башкача саясий жүрүштөргө барган, Атамбаев анын тилин тапкан.

Абдраимов коомчулуктун оозуна негизи Борбордук шайлоо комиссиясын алгач жетектеп турганда илинген эле. Март ыңкылабынан кийин президенттик шайлоо маалында Урмат Барыктабасовду Казакстандын жараны деген жүйө менен талапкер кылып каттабай койгон. Бул калайман нааразылык акциялар менен коштолгон.

Бир жылдан кийин кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болуп өлгөн бир тууган агасы Тынычбек Акматбаевдин ордуна Балыкчы округунан депутат болуп шайланганда мандат бербей койгон. Бул окуядан көп узабай эле Рысбек Акматбаевди белгисиз адамдар атып кеткен.

Шек келтирген мандат талаш

“Ар-намыс” фракциясынан депутат болгон Бөдөш Мамырова апрель ыңкылабынан кийин Абдраимовдун Борбордук шайлоо комиссиясына аталган фракциянын атынан кантип барып калган жагдайын жакшы деле билбейт экен. Бирок депутаттардын мандатына байланышкан соңку окуялардан улам анын ишин сынга алды:

Бөдөш Мамырова

Бөдөш Мамырова

- Бул же тигил кызматка “Ар-намыс” фракциясынын атынан баргандардын көбү эле партияга да көлөкө түшүрдү, фракцияны жаманатты кылды. БШКнын айланасында болуп жаткан азыркы ызы-чуу, мандат бөлүштүрүү, мандат чырын мен такыр түшүнбөй турам. Бир да бийлик системасында мындай болгон эмес. Биз жаман деген, үй-бүлөлүк башкаруу, тууган-туушканы аралашкан, мыйзамдуулуктан тайган деп кетирген Акаевдин да, Бакиевдин убагында да БШКнын мындай чуусу болгон эмес.

Мурунку депутат Жылдыз Жолдошева да убагында БШКда иштеп кеткен. Анын пикиринде, Абдраимов коом алдындагы жоопкерчилигин сезбей жатат:

- БШК эгер ушундай иштей берсе өлкөнү тополоңго алып келип коюшу мүмкүн. Буга чейин БШК ушундай мыйзамды бузуп, өзүнүн хандык бийлигин орноткону үчүн төңкөрүштөр болгон. БШК өзүнүн жоопкерчилигин сезиши керек. Жеке өзү тууралуу айтсам, Абдраимовдун адам катары жакшы дагы жактары бар. Анча-мынча адамдар менен мушташам деп да турат. Эгер ал Атамбаевдин досу экени чын болсо ага сөз тийгизбеш үчүн жоопкерчилиги он эсе экенин сезиш керек.

Туйгуналы Абдраимов "мандат талаш партиялардын ички иши, кааласа атышсын, БШКнын буга эч бир тиешеси жок" деген таризде өз позициясын билдирген жайы бар.

Былтыр жазында БШКнын чыгымдары боюнча чуу чыккан эле. Май айында жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке жана саясий партиялардын лидерлерине кайрылып, БШКнын эсепсиз каржылык чыгымдары боюнча чара көрүү тууралуу кайрылуу жолдогон болчу. Анын алдында БШКнын ошол кездеги мүчөсү Ишенбай Кадырбеков Абдраимов төрага болгондон бери миллиондогон сом каражат негизсиз жумшалып жатканын айтып чыккан болчу.

Анын эсебинде, чет өлкөлүк сапарларына, кымбат баалуу унаасына жана башкага кеткен чыгымдардын баарын кошкондо Абдраимовго ай сайын 200-250 миң сом, ал эми жылына 2,5 - 3 миллион сомдой акча коройт. Көп учурда бизнес-класс менен учат жана кызматына тиешеси жок айрым сапарларда да болгон.

Кадырбеков ошондой эле шайлоо комиссиясында иштебеген адамдардын чет өлкөгө чыккандагы чыгымдары төлөнүп берилгенин, БШКга тиешелүү унааны башка адамдар айдап жүргөнүн, бөтөн эле адамдардын телефонунун акчасы төлөнүп калган учурлар болгонун, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерин жана күбөлүктөрүн даярдоо үчүн акча чогултулганын жана ушул сыяктуу башка да фактыларды ачыкка чыгарган болчу.

Абдраимов өз кезегинде бул дооматтардын баарын четке каккан. Анын досу, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов Абдраимов тууралуу дооматтарды негизсиз деп эсептейт:

Иса Өмүркулов

Иса Өмүркулов

- Ал принципиалдуу, сабаттуу жигит. Экинчи ыңкылаптан кийинки негизги саясий окуялардын баарына катышты. Президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун өткөрдү. БШК тараптан мыйзам бузуу, мүчүлүштүк болгон жок. БШК, анын төрагасы тууралуу дооматты уга элекмин.

58 жаштагы Туйгуналы Абдраимовду жакындан билгендер маселени шарт чечкен өткүр, беткечабар, ошол эле учурда кызуу кандуу, чоң муштум катары мүнөздөшөт. Ал Чүйдүн тыңчыкмаларынын сап башында жүрөт жана аймактагы кадр саясаты, кадр маселелери анын кеп-кеңеши, таасири аркылуу чечилет деген сөздөр бар. Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрам Илмиянов менен маал-маалы менен чай ичишип турары да айтылып жүрөт.

Туйгуналы Абдраимов Кыргызстандын тарыхында болбогон окуя - депутатка мандат берип, кайра алып, кайра бергени менен да эсте калды. Жогоруда айтылгандай, "Республика" партиясы менен шайланып келген Жыргалбек Саматовду эки ирет депутат болуу укугунан ажыратып, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы ага кайрадан депутаттык мандатын тапшырды. Бирок БШКнын буга чейинки карама-каршы жана күтүүсүз чечимдерин эске салган Саматов ушуну менен биротоло депутат болуп калаар-калбасына дагы деле ишене албай турган чагы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG