Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:27

Муратов: Малайзияга сапардын жыйынтыгы болот


Тимур Муратов
Тимур Муратов

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган расмий делегация Малайзия, Индонезияда иш сапары менен болгон. Коомчулукта 36 кишиден турган делегациянын бул сапары кызуу талкууланган.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун кеңешчиси Тимур Муратов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Азыр Келдибековдун айланасында ар кандай уу-дуу кептер жүрүп жатат. Малайзия менен Индонезияга сапардан баштасак, эмне себептен бул эки өлкө тандалып алынган?

Муратов: Биринчиден, бул маселени бешиктеги баладан төшөктө жаткан чалдар, дээрлик бардыгы талкуулап атат. Муну расмий жагынан башташ керек. Биз дайыма эле кемчилигибизди эле айтабыз.

Кээ бир депутаттардын айткандарына да кошумчаласам, Индонезия менен Малайзия бүгүнкү күндө дүң жагынан аябай өнүккөн мамлекеттер, экинчи жагынан экономикалык реформалары катуу жүрүүдө.

Кыргызстанга тиешеси – Индонезия менен Малайзия Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин активдүү мүчөлөрү. Ошондой эле алар ислам мамлекети катары Ислам өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү.

Биздин эгемендүүлүк тарыхыбыздан баштап Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы менен чоң долбоорлорду ишке ашырып келет. Баарыбыз жол жүргөн Талас, Көл, Ош жолдору, энергетика тармагындагы долбоорлор ушул эки банкка байланыштуу. Каражат боюнча да маселени көп көтөрүшөт.

Бул жалгыз Келдибековдун тегерегинде эмес, Жогорку Кеңештин бүгүнкү коомчулуктагы, тышкы саясаттагы, ички саясаттагы орду. Илгеркилер айткандай, жаңгактын ичиндеги кыргыздар маңыз болуп, “анча-мынча угам, эч нерсени көрбөйм, мени да эч ким көрбөйт” деген жашоодон алысыраак болуп, сырткы байланышты күчөтүш керек.

Өзгөчө инвестиция проблема болуп аткандан кийин дүйнөдөгү өнүктүрүүнүн 70 пайызын бүгүнкү күндө Кытай менен Түштүк Азиядагы Индонезия, Малайзия, Тайландга окшогон мамлекеттер берип атат. Демек Кыргызстан Батышты эле карабастан, Түштүк, Чыгыш Азия менен да мамилени түзүш керек. Мунун жыйынтыгы бүгүн, эртең эле эмес, балким 5-10 жылда көрүнүшү мүмкүн.

“Азаттык”: 15 депутатты 30 киши коштоп барыптыр. Алар кимдер? Индонезиянын делегациясынын курамында 9 эле депутат болчу. Бул жооп иретинде экен. 36 киши мага көп көрүнөт.

Муратов: Бул эки мамлекетке өзүнчө расмий делегация. Малайзияга өзүнчө, Индонезияга өзүнчө делегаттар, экөөнүн кошулган жерин ММКлар айтып кетпедиби, депутаттардын саны төрага менен 16 деп. Ал эми коштоп баргандардын ичинде журналисттер да бар.

Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнө жүзүндө белгилүү практика бар, демөөрчүлөр болот. Эч ким бюджет мыйзамын бузган эмес. Жарымынан көп каражатты демөөрчүлөр жапкан. Алардын арасында транспорт, банк секторлорундагы демөөрчүлөр бар.

“Азаттык”: Сапардын алдында кеңири маалымат болду беле? Уурданып кеткендей болуп атат.

Муратов: Анча-мынча кемчиликтерди мойнубузга алышыбыз керек. Бардыгы эле өзүн-өзү актай бербеши керек.

Мен төраганын тышкы саясат жана ММКлар боюнча кеңешчиси болуп иштейм. Биздин кемчиликтерибиз бар. Алдын ала коомчулукка маалымат берип койгондо, мүмкүн мындай бир эле сапардын тегерегинде ызы-чуу болмок эмес. Бардыгыбыз эки жолу революция кылып, парламенттик бийликке алып келдик. Көч бара-бара оңолот дегендей, бул жерде бизден кемчиликтер кетти.

“Азаттык”: Балким төрага, депутаттар дагы бир нерсени дайыма эсине тутуп турушу керек: жооптуу кызматкерлердин жеке турмушу болбойт, дайыма маалымат берилип, айтылып туруш керек. Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG