Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:09

Апта: Кубалашкан курултайлар, чуулуу сапар...


"Ар-намыс" партиясынын тарапкерлери былтыркы парламенттик шайлоо алдында. Чүйдүн Байтик айылы, 2010-жылдын 8-октябры.

"Ар-намыс" партиясынын тарапкерлери былтыркы парламенттик шайлоо алдында. Чүйдүн Байтик айылы, 2010-жылдын 8-октябры.

Жума президенттике талапкерлерди жылдыруу менен башталып, Малайзия менен Индонезияга барган депутаттардын саякат чуусу менен жыйынтыкталды.

Алгач жуманын башында “Ар-Намыс” жана “Ата-Журт” партиялары курултайларын өткөрүшүп, президенттикке талапкерлерин аныктоого киришишти. “Ар-намысчылар” талапкер тандоодо Анарбек Калматов менен Акылбек Жапаровду жылдырышып, бирок колго салганда биринчиси утуп чыккандыгына карабастан бир талапкерге токтоло алышкан жок. Алардан айырмаланып, “Ата-Журт” атаандашсыз негизде Камчыбек Ташиевди партиянын атынан бирдиктүү талапкер катары көрсөттү.

Президент болгусу келбеген кыргыз кыргыз эмес



Камчыбек Ташиев партиясы башкаруучу коалицияга кирип, өлкөдөгү абал үчүн бирдей жоопкерчиликте экендиктерине карабастан бийликтин алешемдиктерин ашкерелеген билдирүү жасады:

- Бийлик элдин ишенимин актаган жок. Элдин турмушунда өзгөрүүлөр болбой жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Парламенттик башкарууну киргизүү боюнча саясий эксперимент өз жемишин бербегендигин мен баса белгилеп айтып койгум келет. Мына ошонун натыйжасында бийлик институттары алсырап, иштебей калды. Борбордун буйруктары аймактарга жетпей калды.

Анткен менен Ташиев “Ата-Журттан” президенттикке аттанып жаткан жалгыз талапкер эмес. Президенттик орун үчүн ат салышуу кумары парламенттик шайлоодо “улуттук кызыкчылык” үчүн деген шылтоо менен башын бириктире калган саясий топтун бет пардасын сыйрыды. Анткени аталган партиядан парламентке келген беш дымагы күчтүү саясатчы учурда ар кимиси өз алдынча шайлоого бара тургандыктарын билдирип чыгышты.

Партиянын анабашыларынын бири Акматбек Келдибеков курултайда өз алдынча кеткендердин ичинен Нариман Түлеевди куугунтукта жүргөн жеринен Москвадан алып келип, саясий майданга салгандыктарын эсине салды. Ага жооп катары Нариман Түлеев мырза Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоонун алдында Айдар Акаевден көмөк сурашкандыгын маалымат каражаттарына шардана кылды.

Мындай шартта “Ата-Журттун” теңтөрагасы Садыр Жапаров бир партиядан бир канча саясатчынын аттанып чыгышы бирдиктүү күчтүн чачырашына алып келет деп чочулайт:

- Бизде партиянын лидери талапкерлигин коюп жатат, сен койгонго болбойт деген түшүнүк жок. Мына ошондуктан өз алдыларынча биздин фракциядан эле депутаттар М. Султанов, Н. Түлеев, К. Осмонов жана М. Абдылдаев президенттик орунга өздөрүнүн талапкерликтерин койо турган болушту. Албетте бул саясатчылардын ар кимисинин артында чоң электораттары бар экендигин эске алганда, мына ошол шайлоочулардын армиясы бөлүнө турган болсо бизде албетте добуштар чачыранды болот. Бирок эми жыйынтык кандай болоору баары бир Кудайдан.

Андан ары карай “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 12-июлдагы курултайында Адахан Мадумаровду президенттике бирден-бир талапкер катары аттантты. Күчтүү президенттик башкарууну жактаарын айтып келген аталган саясатчы бул ирет учурдагы баш мыйзамды алмаштыруунун башкача жолун сунуштап чыкты. Анысы 1993-жылы кабыл алынган аралаш башкаруу системасын караган баш мыйзамга кайтып барууну көздөйт.

Мадумаров муну менен күчтүү камчы керек экендигин эске салып, таза президенттик башкарууну жактаган баштапкы позициясын бир кыйла жумшарткандыгы байкалат:

- 93-жылдагы Баш мыйзамга кайтып келишибиз керек. Анткени мына ошол Конституция мыкты даярдалып, бийлик бутактарындагы тең салмак жакшы сакталган. Ар тараптуу болуп иштелген. Мына ошого бир аз өзгөртүү киргизип туруп, анан кабыл алабыз. Мындай башаламандыкка барып калган мамлекетти кайрадан жыйноо оор маселе. Мына ошондуктан мен жеңишке жетишсем биринчи маселем – мамлекетти тазалоодон башталат.

Президенттикке талапкерлерди жылдырууда Жашылдар партиясы дагы четте калган жок. Аталган саясий уюм этникалык казак Эркин Бөлөкбаевди президенттикке сүрөп чыгаарын айтып чыкты. Саясий майданда курч оппозициялык саясатчы катары таанылган бул адам Бакиев бийлигинин тушунда Петровка чатагы боюнча айыпталып, камакка алынган болчу. Өткөн жылы 7-апрелдеги бийлик алмашуудан соң түрмөдөн чыгып, түз эле Убактылуу өкмөттүн каржы полициясын жетектөөгө жөнөтүлгөн.


Учурда кызматсыз жүргөн Эркин Бөлөкбаев президенттикке талапкерлигин койууга мажбур кылган жагдайлар туурасында мына буларга токтолду:

- Кыргыз жерин саткан, мамлекеттин, элдин чөнтөгүнө кол салган бир топ саясатчылар президенттикке талапкер катары аттанып жатышкандыгын көрүп, чыдаган жокмун. Мына ошол адамдар эч нерседен тартынбастан бүгүн элге-жерге күйгөн адам катары көрүнүмүш болуп, элдин башын айландырып жаткандыгына кантип четте карап турууга болсун? А тигилерге салыштырмалуу мага эмнеге президент болууга болбосун! Ал эми парламенттик башкаруу системасынан кайра кайтууга эми эч кимдин дарманы жетпейт. Анын мурдагы президенттик башкаруу эмне экендигин адамдар жакшы түшүнүшөт. Мына ошондуктан өзгөртө койом дегендер чоң жаңылышат. Бул маселе терең тамыр алды. Эми аны балталап кыйратууга мүмкүн эмес.

Парламентчилер 10 миллионго айылчылады



Жуманын экинчи жарымы төрага Акматбек Келдибеков баштаган депутаттардын чоң тобунун Малайзия менен Индонезияга жасаган иш сапарына байланышкан ызы-чуу менен коштолду. Кыркка чукул адамдын атайын учак жалдап барып, алыскы мамлекеттер менен парламенттер аралык кызматташуу аракети кыргыз коомчулугунда катуу сынга кабылды.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов муну мамлекеттин казынасын кактаган ашкере обу жоктук катары баалады:

- Кыргызча айтканда, бул айылчылап кетишти деген эле сөз. Эч кандай биздин Малайзия, Индонезия менен соода-сатык алакабыз жок. Эми кат менен кайрылып, “бизди чакырып койгула” десе ар бир эле мамлекет чакыра берет. Биз мындай сапарларды канчалык мамлекетибизге пайдалуу, канчалык натыйжалуулугуна жараша пайдаланышыбыз керек. Эгер ошончолук эле керек болсо, төрага жанына беш фракциядан бирден депутат ээрчитип алып, алты киши барып келишсе деле болот эле да, жөнөкөй жүргүнчүлөр түшкөн учак менен. Бирок кырктай киши учуп кетиптир. Мени делегацияга кошушкан экен, мен болсо баш тартып койгом. Ал жакта кыларга жумуш жок. Инвесторлорго бул жактан шарт түзсөк эле келишет.

Бирок бул иш сапар боюнча парламенттик оппозиция катары таанылган “атамекенчи” депутаттардын бардыгынын эле көз карашы бирдей эмес. Анткени аталган сапарга баргандардын арасында “Ата Мекен” фракциясынан Турат Мадылбеков да бар.

Андыктан депутат Мадылбеков аталган иш сапардын айланасында казынага күч келди деп ызы-чуу жасоонун кажети жок деп эсептейт:

- Бир жагынан бизге дагы ал өнүккөн өлкөлөрдөн кандайдыр бир жардамдар болуп калабы дегендей маселелерди коюп, алдын-ала сүйлөшүп келдик да. Муну эми жөн эле дүрбөлөң кыла берген болбойт болуш керек. Мындай кадимки иш сапарлар болуп келген жана алдыда дагы боло бермекчи. Анан мынча чыгым кетти, андай болуп кетти дей бериш бул жөн эле популизм. Мына буга чейин деле президент бир канча мамлекеттерди кыдырып барып келип жатат. А эмне үчүн анда бул боюнча ошондо маселе коюлбайт. Президент деле мамлекеттин эсебинен барып жатпайбы, же аны бекерге мейманга чакырып жатыптырбы. Бул эми шайлоонун алдындагы кадимки эле бирөөлөр өздөрүнө упай жасагысы келген саясий оюн. Мындан бир терс көрүнүштү издегенге болбойт.

Анткен менен “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бул парламенттик саякаттын мамлекеттик казынага күч келтирген максатсыздыгын айтып, сындап чыкты. Ал өлкөдө карапайым элдин турмушу өп-чап болуп, жарандардын бийликке болгон ишенимин кайтаруу кыйын болуп турганда мындай өнөкөттүн кайталанышы парламенттин атына абырой алып келбейт деп эсептейт.

Ошол эле учурда Текебаев бул маселени депутаттар жайкы эс алуудан кайткандан кийин палатанын кароосуна сунуштай тургандыгын айтты:

- Бир жолу президент Отунбаева айылчылаганды токтотуш керек дегенде мен бир эле мамлекет башчысын эмес, ошол эле учурда башка жетекчилер менен биргеликте төрага Келдибековду дагы айткамын. Мен төрага болуп турганда деле тиягы Аргентинадан баштап, аягы Австралияга чейин чакыруу келчү, бирок биз абалыбызга карап, сыпайы рахмат айтып баш тартчубуз. Азыр ал учурга караганда мурдагыдан айырмалынып казынада акча тартыш. Ошондой дейбиз дагы анан минтип олчойгон сумманы чыгым кылып, учакты жалдап иш сапарга чыкканыбыз туура эмес. Мен бул маселени парламентте талкууга койууга демилге көтөрөм. Ушул иш сапар өтө эле зарыл болуп жатса, анда төрага беш-алты адам менен кадимки жүргүнчүлүк учак менен барып келсе деле болмок да. Бул эми элди сыйлабагандык. Минтип олтурса жарандардын ишенимин кетирип, дагы бир жолу катуу иренжитип алабыз.

Протокол боюнча спикер жубайын ала барат

Аталган иш сапардын жыйынтыксыздыгын сындагандар анда мамлекет үчүн пайда алып келе тургандай чечимдер деле кабыл алынбагандыгын белгилешти. Эң эле башкысы - расмий делегациянын курамындагы опсуз көп адамдын кайсынысы эмне жумуш бүтүрүш үчүн баргандыгы белгисиз бойдон калган.

Бул сапардын кадимки саякаттан айырмаланбагандыгын айткан айрымдар ага ашыкча аткошчулардан сырткары төрага Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтомамбетованын кандайча кошулуп калгандыгынан кеп салышат.

Анткен менен “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошова төраганын жубайы атайын протокол боюнча сыйлуу конок катары чакыртылгандыгына токтолду:

- Президент болобу, премьер-министр болобу, же парламент төрагасы болобу протоколду сакташ керек. Төрага Келдибеков Малайзия менен Индонезияга мына ошол алдын-ала даярдалган протоколдун негизинде барды. Ошол эле Малайзиянын парламенттинин төрагасы Кыргызстанга келгенде жубайы менен келген экен. Мына ошондуктан тигил жактан чакыртып жатканда биздин төраганын дагы жубайы менен келишин суранышыптыр. Анткени бул эл аралык мамилелердеги кадимки салт болуп калган эреже.

Ошол эле учурда эл аралык протоколдо расмий иш сапарларда коштоп жүрүү укугу мамлекет башчыларынын жубайларына гана берилгендиги көрсөтүлүп турат. А бирок парламенттик башкарууга ыктаган Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердин өз ара протоколдорунда жогорудагыдай жаңычылык кирген-кирбегендигин эл аралык дипломатиянын эрежелеринен таппай койдук.

Анткен менен баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш мамлекеттик казына каражаттарын бөлүштүрүү менен анын максаттуу жумшалышын көзөмөлдөөнү дагы өзүнө алган. А бирок парламент өзү мамлекеттик каражатты мына ушундайча чыгымдап жаткан болсо, анда ал башка бийлик органдарынан эми бул боюнча талап кылууга моралдык акысы калабы деген суроону кабыргасынан койгондордун саны арбын.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG