Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Шайлоону утурлай компроматтар согушу күч алды


ЖК төрагасынын колуна Убактылуу өкмөттөгүлөр банк кутучаларынан 100 миллион доллардай акчаны кандайча алышканы тартылган тасма түшкөнү тууралуу маалымат чыкты.
ЖК төрагасынын колуна Убактылуу өкмөттөгүлөр банк кутучаларынан 100 миллион доллардай акчаны кандайча алышканы тартылган тасма түшкөнү тууралуу маалымат чыкты.

Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтеги белдүү жетекчилер жанданып, бири-бирин компроматтар менен опузалай баштады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун колуна, былтыр 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттөгүлөр банк кутучаларынан 100 миллион доллардай акчаны кандайча алышканы тартылган тасма түшкөнү тууралуу маалымат чыкты. Буга чейин бир катар саясатчылар Келдибековдун криминалдык лидер Камчы Көлбаев менен көзмө-көз жолукканын айтып чыгышкан.


Саясий соодалашуубу?


7-апрелден кийин банк уячаларын ачууда 100 миллион доллардай акча чыкканы тууралуу көп эле маалымат каражаттары жазды. Бирок Убактылуу өкмөттөгүлөр банк уячаларынан 20 миллион доллардын тегерегинде акча алынганын билдиришкен.

Азыркы тапта төрага Келдибековдун колуна бул ишти ашкерелеген фактылар түшкөнү тууралуу маалымат окуяга башкача боёк берүүдө. Маалыматка ылайык, Келдибековдун колуна банк уячаларынан 100 миллион доллардын кандайча алынганы тууралуу банктын видео көзөмөлү тартып алган дисктер келип түшкөн. Бул маалымат боюнча төрага өзү ырасмий билдирүү жасай элек.

Эскерте кетсек, “Азаттык” буга чейин өз иликтөөсүндө Бакиевдерге тиешелүү делген банктардан акча алуу маалында, атайын орнотулган видео камералар тартып алган материалдар белгисиз жоголгонун аныктаган. Башкы прокуратура болсо дал ошол дисктердин жоголушу боюнча кылмыш ишин козгоп, Бишкек шаардык прокуратурасынын жооптуу кызматкерлери Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевдер ушу күнгө чейин сурак берип жүрүшөт. Азыр “Залкар” банкына айланган “АзияУниверсалБанктын” мурдагы кожоюну Михаил Надель да “Азаттыкка” банк уячаларын күч органдарынан келген адамдар тоноп атканы тартылган дисктер колуна тийгенин кат аркылуу билдирген.

Серепчилердин баамында, төрага Келдибековдун колуна Убактылуу өкмөттү ашкерелеген ушундай фактылардын түшкөнү тууралуу маалымат, кезектеги соодалашуу болуусу мүмкүн. Анткени буга чейин Келдибековдун криминалдык топтор менен байланышы бар экени, Ысык-Көлдөгү “Каприз” эс алуу борборунда криминалдык лидер Камчы Көлбаев менен жолукканы тууралуу маалымат тараган.

“Ата-Мекен” фракциясындагы айрым депутаттар билдиришкендей, Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлигинде бул кездешүү боюнча даяр кылмыш иши катылып жатат.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев болсо, төрага да, коопсуздук кызматкерлери да “Капризде” Көлбаев менен жолуккан эмес деген билдирүү жасаган.


Шайлоонун "шайтан оюндары" башталдыбы?


Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, андай дисктер болсо да ачыкка чыгуусу күмөн. Анткени бийликтегилердин көбү бири-бирине компромат топтоого үлгүрүшкөн. Атаандаштары ашыкча кетип баратса, ал компроматтарды “көзүр карта” катары пайдаланганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми азыркыдай жандануу, президенттик шайлоого байланыштуу:

- Шайлоонун алдында ар кандай маалымат чыгып, саясий соодалашуулар жүрүшү мүмкүн. Анын үстүнө “ушундай маалыматтар чыга берсе соодалашуу жеңилирээк болот” дегендей аракеттер болуп аткандай. Анан, ошол дисктер чын эле Келдибековдун колуна түштү деп туруп, башка бир президенттикке талапкер тууралуу соодалашуу болуп атышы мүмкүн. Ошол талапкерге ыңгайлуу шарттарды түзүп бергиле, ошондо биз президенттикке койбой калабыз деп аткан болуулары ыктымал. Соода ошол “Ата-Журт” же ага жакыныраак саясатчылардын негизинде жүрүшү мүмкүн.

7-апрелден кийин “Бакиевдердин жакыны” деген жүйөнүн негизинде тынч жатууга аргасыз болуп, парламенттик шайлоодон кийин кайрадан жылдызы жанган Келдибеков мурдагы президенттер Акаев, Бакиев доорунан бери бийликте жүргөн карт саясатчы. Азыр ал өлкөдөгү экинин бири, президенттен кийинки эле адам. Анын менен катар шайлоодон кийин Бакиев доорунда чоң кызматта жүргөндөрдүн кыйласы парламентке, өкмөткө келишти. Бирок күч түзүмдөрүн 2010-жылдын 7-апрелинен бери мурдагы президент Курманбек Бакиевдин каршылаштары кармап турат.

Ички иштер министрлигиндеги чоңдордун бири микрофонсуз жай сүйлөшүү маалында азыркы бийликтегилер тууралуу сөз кылып, “булардын дээрлик бардыгына компроматтар топтолгон, четинен алып келип камоого болот” деп айтканы бар. Акыркы окуяларга сереп салып көрүп, андай компроматтар аныкталып-такталбаса да, “компромат бар” деп бири-бирин опузалаган маалыматтар көбөйгөнүн байкоого болот. Өзгөчө мындай кеп-сөздөр президенттик шайлоо улам жакындаган сайын күчөй баштады.

“Кыргыз Республикасында парламенттик башкаруу орноду, эми премьер-министр эң чоң фигура” делгени менен президентте деле оңбогондой ыйгарым укуктар сакталган. Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги түздөн-түз президентке баш ийгени эле ага олуттуу түр берип турат. Мындай ыйгарым укук кандай гана “компромат” же катылып жаткан кылмыш иши болбосун, баарын ачыктап, тактап, жоопко тартып коюуга жетиштүү. Ошондон улам президенттик кызмат үчүн күрөш катуу жүрчүдөй түр алып кетти. Мындай саясий күрөштө топтолгон компроматтар да курал катары пайдаланылчудай.

XS
SM
MD
LG