Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Сарпашев: Табылган паспорттор башка жерде жасалган


Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган кыргызстандык паспорттордун жасалма экенин алдын ала иликтөөлөр көрсөтүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, паспорттордун түп нускасы Кыргызстандагы ээлеринин колунда экени аныкталды.

Стамбулда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгурдун кармалышына байланыштуу Ички иштер министрлиги атайын топ түзүп, ага Мамлекеттик каттоо кызматы көмөктөшө турган болгон. Өкмөт эки мекемеге кыска мөөнөттө паспорт жаңжалын тактап, иликтөө боюнча биргелешкен аракеттер тууралуу коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берүүнү тапшырган. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев бул багытта "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": 98 кытайлык уйгур Жиддага учуп жаткан маалда кыргызстандык документ менен кармалганы паспорт берүүгө байланышкан ар кандай ойлорду жаратууда. Ички иштер министрлиги менен биргеликте иликтөө башталганы кабарланган эле. Анын алдын ала жыйынтыктары чыктыбы?

Тайырбек Сарпашев: Премьер-министрдин тапшырмасынан кийин техникалык жактан дасыккан адистер менен иштеп баштаганбыз. Бизде акыркы айларда сапаттуу база түзүлгөн. Ошонун негизинде иликтөө алдыга жылды.

Бул 2008 - 2010-жылга чейинки мөөнөттө берилген паспорттор экени белгилүү болду. Демек, кармалган уйгурлар кыргызстандыктардын жасалма паспорту, аты-жөнү менен учканы жаткан. Документтер мамлекеттик каттоо кызматынан тышкары жерде жасалган.

"Азаттык": Жасалма паспорт чыгарууга кимдердин катышы бар?

Тайырбек Сарпашев: Уюштуруучулары бар да. Бул нерсе шылуундардын колунан келгени болжолдонуп атат. Анткени Стамбулда кармалган паспорттордун чыныгы ээлери табылды. Бүгүнкү күндө биз берген документтердин түп нускасы Кыргызстанда, өз ээлеринин колунда. Ал эми уйгурлардан табылган паспорттор жасалма. Укук коргоо органдары уюштуруучулар, документ жасагандар боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Биз аларга жардам берүүдөбүз.

"Азаттык": Шылуундар аны кантип жасашы мүмкүн?

Тайырбек Сарпашев: Бул паспортторду Мамлекеттик каттоо кызматы берген эмес. Биз берген документтер ээлеринин колунда. Бул 2008 - 2010-жылга чейинки мөөнөттө берилген паспорттор экени белгилүү болду. Демек, кармалган уйгурлар кыргызстандыктардын жасалма паспорту, аты-жөнү менен учканы жаткан. Документтер мамлекеттик каттоо кызматынан тышкары жерде жасалган.

"Азаттык": Ошондо Кыргызстанда эмес,чет мамлекетте жасалды дегени жатасызбы?

Тайырбек Сарпашев: Бул маселени укук коргоо органдары тактайт. Түркиядан жасалма паспорттордун үлгүлөрүн алуу керек. Андан кийин гана кандай деңгээлде жасалганына, профессионалдык деңгээлдеби же жөнөкөйбү, ошого жараша баа берилет. Накта паспорттор элдин колунда болгону үчүн бул документтердин сапаты төмөн болушу мүмкүн. Аны биздин адистерге берсе дароо эле байкалат. Стамбулдун аэропортунан ошол себептүү кармалганын жоромолдоп атабыз. Эгер сапаттуу болсо алар өтүп кетишмек. Дүйнө жүзүндө акча жасаган, документ жасаган шылуундар бар да. Виза боюнча да суроолор жаралууда. Биздин маалымат боюнча, буга чейин паспорттордун Кыргызстандагы чыныгы ээлерине документтерин жыйнап, визага алып баруу тууралуу сунуштар түшкөн экен.

XS
SM
MD
LG