Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Рыскулов: Паспорт алуунун түйшүгү жеңилдейт


Президент Алмазбек Атамбаев жаңы үлгүдөгү паспорт менен таанышууда. 29-апрель, 2017-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаев жаңы үлгүдөгү паспорт менен таанышууда. 29-апрель, 2017-жыл.

1-майдан тарта биометрикалык паспорт бериле баштайт. Анын жол-жобосу тууралуу "Азаттык" радиосуна Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы Жыргалбек Рыскулов айтып берди.

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, биометрикалык паспорт алуунун жол-жобосу кандай.

Рыскулов: Биометрикалык паспорт алуу жөнөкөйлөтүлдү. Өкмөт аны быйылкы жылдын 31-декабрына чейин акысыз берүүнү чечти. Паспортун алмаштырууну каалагандар мүмкүнчүлүктөн пайдаланса болот.

“Азаттык”: Кандай документтер талап кылынат?

Рыскулов: Паспорт берүү жол-жобосуна өзгөртүү киргизилип, бул шарт дагы кыйла жеңилдетилди. Болгону каттоо системасы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Эгер жарандын каттоосу жок болсо каттоого тургандан кийин алат. Ал эми каттоосу бар, баары жайында болсо анда анын эски паспортун сурайбыз жана ошонун негизинде эле алмаштырып беребиз.

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?

“Азаттык”: Мисалы, Ноокатта катталган, бирок Бишкекте жашаган жаран кандай кылышы керек?

Рыскулов: Ноокатка барып, каттоодон чыгуунун кереги жок. Бизге келсе биздин кызматкерлер анын каттоосун текшерет. Баары туура болсо эч кандай маселе жок, акысыз алып кете берет.

“Азаттык”: Биометрикалык паспортто катталган жери кантип жазылат?

Рыскулов: Жаңы паспорттун өзгөчөлүгү – бардык маалыматтар, катталган жери, никеси, улуту жана башкалар чиптин ичинде сакталган.

Билесиздер, мурда катталган жери өзгөрсө, паспортун да алмаштырууга милдеттүү болчу. Атайын жасалганбы, билбейм, бирок абдан ыңгайсыз эле.

Азыр жарандар бул паспортту он жыл колдонот. Он жыл ичинде жашаган жерин которсо же үй-бүлөлүк абалы өзгөрсө, ошол эле жерди оңдоп коет, паспортту алмаштыруунун зарылдыгы жок.

Дагы бир айта кетчү нерсе – кимде-ким мурда биометрика тапшырган болсо ал жарандардын манчасынын изи салыштырылат. Эгер баары дал келсе, акчасын төлөп, тездетилген шартта алса болот. Ал эми эгер биометрикасы жок болсо, биз андай жарандарга эрте бере албайбыз. Себеби, бизге биометрикалык маалыматтарды карап чыгууга убакыт керек.

“Азаттык”: Паспорт ичинде дагы кандай маалыматтар камтылат?

Рыскулов: Маалымат үч тилде берилген. Кыргызча, орусча жана англисче. Аты-жөнү, жынысы, жарандыгы, туулган жылы жана жеке номери жана кол тамгасы, кайсы мамлекет качан бергени тууралуу маалымат болот. Ал эми штрих-кодду жаңы телефондор, жаңы системалар менен окуса болот.Бир жагынан санарип, ал эми экинчи жагынан телефондогу NFC программасы аркылуу караганда ичинде эмне бар экенин өзү айтат.

“Азаттык”: Демек, электрондук паспорт алуу үчүн биринчи кезекте жарандын биометрикалык каттоосу болушу керек. Экинчиден, арыз берет. Канча күндө алат?

Рыскулов: Биометрикалык паспорт дем алыш эки күндү эсептебегенде 12 күндө берилет. Аларды кошкондо 14 -15 күн кетет.

“Азаттык”: Жаңы паспорт алганда азыркы колубуздагы ID карталардын кереги тиеби?

Рыскулов: Жаңы паспортко келгенде ID картаны биз алып коёбуз. Айта кетчү нерсе, милдеттүү түрдө которгула деп эч ким айтпайт.

“Азаттык”: Азырынча акысыз, бирок жаңы жылдан тарта акы төлөө керекпи?

Рыскулов: Ооба. Жыл аягына чейин акысыз. Эмдиги жылдан тарта өзүнүн баасы менен ала башташат.

“Азаттык”: Күзгү шайлоодо колдонуп калышы мүмкүнбү?

Рыскулов: Которгон жарандар колдонот. Биздин жаңы система алгач жарандыгын тактап туруп, кол жазма боюнча аныктайт.

“Азаттык”: 2-майдан кийин жарандардын баары паспортун которууга агылып барса, аларды тейлөөгө жетишесиздерби?

Рыскулов: Жарандардын баарын мүмкүн болушунча кабыл алып, өткөрүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын ичинде чоң иштер жүрүп жатат. Балким, чоң шаарларда түшкү тыныгууну кийинкиге улантып калтырабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG