Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Бүлүнгөндөн бүлдүргү издегендер


Дача СУ. 19-январь, 2017-жыл
Дача СУ. 19-январь, 2017-жыл

16-январда Дача айылындагы учак кырсыгынан пайда көргүсү келген адамдар четтен табылууда.

Апааттан жабыр тарткандарга деп гумжардамды бөлүштүрүүдө бөлөк үй-бүлөлөр да тизмеге кирип алса, кээ бир тургундар кырсык күнү үйүндөгү баалуу мүлкүн уурдатып жибергенин билдиришти. Булар менен чогуу үй- жайынан ажырагандарга деп орун берилген “Семетей” мейманканасында кырсыкка тиешеси жок адам жашап жатканы аныкталды.

Видеосун саткан күбө

Кыйраган түрк учагы Зайырбек Акматовдун үйүнө 20 метр жетпей кулаган. Ал күнү Акматов биринчилерден болуп жараат алгандарды ташыгандардын катарында болгонун айтууда.

Кыйраган учактын калдыктары
Кыйраган учактын калдыктары

Анын кол телефонундагы видеодо учкучтардын бири ошол маалда тирүү болгону тартылып калган.

Бирок кырсыктан бир нече күн өткөндөн кийин Зайырбек видеону журналисттерге сатууну туура көрдү.

- Учак кандай жарылган, кандай өрттөнгөнү боюнча менде сүрөттөр бар. Телефондо бир түрк учкучунун мага сүйлөп жаткан учуру бар, бирок мен ага түшүнбөй койдум. Өткөндө бир каналдын журналисттери бул видеону көчүрүп алып, телефонума миң бирдик жүктөп берди. Эгер ыраазы кылсаңар видеону силерге да берем.

Зайырбек Акматовго окшоп учак кырсыгынан пайда тапкысы келгендер четтен чыгат. Жергиликтүү тургун Ажар Маматова учурда айылга келген гуманитардык жардамды кошуна айылдын тургундары да алып жатканын айтып берди:

- Жардамдардын бардыгы мечитке түшүп, ошол жактан берилүүдө. Бирок кырсыкка тиешеси жоктор деле келип, жардам алып жатат. Төмөнкү Дача менен Жаңы-Жерден келип жаткандар да бар экен. Мындан ары жардамды тизме менен берели деп чечтик.

Учак кырсыгы уурулукка жол ачканбы?

16-январь күнү учак кырсыгынын алгачкы мүнөтүндөгү башаламандыкта пайда тапкан эптүүлөрдүн кылыгы коомчулукту нааразы кылды.

Жергиликтүүлөрдүн айрымдары үй-жайын тонотконун айтууда. Алар колу туткактар арасында куткаруучулар менен тартип сакчылары да болгонун айтышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов уурулук боюнча кызматкерлерди жоопко тартууга далил жок экенин айтты. Бирок кырсык болгон жерде миңден ашуун адам жүргөндүктөн андай учурларды четке каккан жок.

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

- Эгер куткаруучулар кайсы бир буюмду уурдап жатканы боюнча видео же факт болсо бизге бергиле, дароо чара колдонобуз. Бирок кырсык болгон аймакта 300дөн ашык куткаруучу, 500дөн ашуун милиция кызматкери, жүзгө жакын Улуттук гвардиянын аскерлери, 50дөн ашык медиктер иштеди. Жалпысынан 1100дөн ашык адам учак кыйраган жерде жүрдү. Андыктан түшүнөсүңөр адам фактору болбой койбойт. Эгер аныкталса токтоосуз чара көрөбүз.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев 16-январдагы учак кырсыгынан кийин “уурдоо” боюнча жалгыз бир факты аныкталганын айтты.

Куткаруучуларды алдайм деп...

Ал арада өкмөттүк комиссия үй-жайынан ажырап, убактылуу “Семетей” мейманканасында баш калкалап жаткандардын арасына бир тургун жөн эле кошулуп алганын аныктады.

Милициядан “Азаттыкка” билдиришкендей, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну өзүн жабырлануучу катары көрсөтүп, өкмөттөн жана президенттен компенсация алууга аракет кылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал авиакырсыкты уккандан кийин Дача айылына барып, жабыркаган адам катары куткаруучуларга аты-жөнүн башкача айткан. Учурда ал тергөө абагында экени маалым болду. Жакынкы күндөрү баш коргоо чарасы аныкталат.

"Семетей" мейманканасы
"Семетей" мейманканасы

Вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев “Семетей” мейманканасында кырсыкта жапа чеккен төрт үй-бүлө жашап жатканын, алардын Дачадагы үйү жараксыз абалга келгенин айтты.

- Мейманканадагы төрт үй-бүлөнүн жашай турган жери жок. Ал жакта 20 адам бар. Андан башка 16 киши туугандарыныкында жашап жатат. Ошондой эле 46 киши Дачадагы чатыры талкаланып же жарака кеткен үйдө күн кечирип жатат.

Жабыркаган үй-бүлөлөргө президенттик аппараттан 100 миң, парламент спикеринин фондунан 80 миң, өкмөттөн 70 миң сомдон жардам берилери айтылган. Андан тышкары, кулаган учактын ээси, Түркиядагы My Сargo компаниясы да кенемте төлөп берерин ырастаган.

Жер алууга үмүт күчөдү

Учак кырсыгынан соң Дача айылынын тургундарына башка жерден жер берилет экен деген такталбаган маалыматтар чыкты. Айылдыктардын жарымы батирде жашап келгенин эске алганда, аларда дагы жер тилкесине ээ болуу үмүтү жангандай.

Бирок өкмөт жер берилген күндө да ал дача багытында болуп, менчикке кетпесин айтууда.

16-январда эртең менен түркиялык “Боинг-747-400” жүк учагы “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган. Андан 38 адам набыт кетип, 26сы жараат алды. Кыштактагы 19 үй кыйрады. Алты турак-жай орточо зыян тартты.

Набыт кеткендердин төртөө экипаж мүчөлөрү, 34ү айыл тургундары. Арасында 17 бала бар.

Кыйраган учакта эмне жүк болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:35 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG