Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Кыйноо көрсөткөндөр кенемте төлөйт


Иллюстрация
Иллюстрация

11-апрелде Жогорку Сот кыйноого айыпталган төрт милиция кызматкерине 2 млн сомдон айып пул салып, аны мамлекеттин пайдасына төлөп берүүнү милдеттендирген чечим чыгарды.

Жогорку Сот 2004-жылы Базар-Коргон райондук милициясынын имаратында кыйноодон өлдү деген Ташкенбей Мойдуновдун үй-бүлөсүнө да 200 миң сом компенсация төлөп берүүгө мамлекетти милдеттендирди.

Өткөн аптада Москва райондук соту кыйноого шектелген үч милиция кызматкерин камакка алуу чечимин чыгарган. Укук коргоочулар кыйноого айыпталган күч кызматкерлеринин жоопкерчиликке тартылып жатканы башкаларга сабак болот деп ишенет.

Кыйноолорду иликтөө менен алектенген "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун маалыматы боюнча 2013-жылы Эрмат Алмазбек уулу Свердлов райондук ИИБнын төрт кызматкери тарабынан катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Ал жерде 29 күн дарыланып чыккан.

Апасы Кайры Жээренчиеванын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча уулу Эрматты мурда иштеген жерине уурулукка кирген деген негиз менен кармап кетип, моюнуна алдыруу үчүн сабашкан:

- Үйдөн алып кетишти. Милицияданбыз деп да айтышкан жок. Курулуш жактан келдик деп коюшту. Чакырып бердим. Уулумдун артынан чыксам жок. Ошондо эле сыртта машинасы турган экен, алып кетишиптир. Андан кийин жолуктурушкан жок. Кийин мээси чайкалып, бөйрөгү иштебей, кан сийип калганда кабар беришти. Республикалык госпиталда 29 күн дарыланды. Жанында өзүм карап жаттым.

Уулунун абалына жаны ачыган эне "Кылым шамы" бейөкмөт уюмуна кайрылган. Укук коргоочулардын жардамы менен кыйноого шектелген милиция кызматкерлери: Бактияр Кудайбердиев, Таалай Озтемиров, Акболуш Каныбек уулу, Азат Эркебаевге "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан" деген айып тагылып, бул иш сотко жеткен.

Свердлов райондук соту милиция кызматкерлерин күнөөлүү деп таап, алардын ар бирин мамлекет эсебине 2 млн сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарган. Ишти Бишкек шаардык соту да карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. 11-апрелде Жогорку Сот бул иш боюнча доо арызды карап, төмөнкү сот бутактарынын чечимин күчүндө калтырып, төрт кызматкердин ички иштер тармагында иштөө укугун жокко чыгарды.

Учурда "Кылым шамы" бейөкмөт уюму милиция кызматкерлеринин колунан кордук көрүп, ден соолугунан ажыраган Эрмат Алмазбек уулунун өзүнө да ошол сумманын ичинен кенемте бөлдүрүп берүү аракетин көрүп жатат.

Кыйноого айыпталган кызматкерлердин соттолуп, жоопкерчиликке тартылып жатканы башка күч кызматкерлерине сабак болот деп ишенем.
Азиза Абдирасулова

Жогорку Сот жакында адам укугуна байланыштуу дагы бир чечим чыгарган. Ага ылайык, мамлекет 2004-жылы Базар-Коргон РИИБде кыйноодон өлдү деп эсептелген Таштанбек Мойдуновдун үй-бүлөсүнө 200 миң сом компенсация төлөп бериши керек. Буга чейин кыйноого айыпталган милиция кызматкери Эмилбек Мантыбаев соттун чечими менен маркумдун үй-бүлөсүнө 30 миң сом компенсация төлөп берген, анын жанындагы шериги өлкөдөн качып кеткен. Маркумдун буга нааразы болгон эжеси укук коргоочуларга кайрылып, алардын жардамы менен БУУнун адам укугу комитетине кайрылган. Аталган комитет Мойдуновдун өлүмүнө Кыргызстанды айыптуу деп тапкан.

Бул тууралуу жабырлануучунун адвокаттарынын бири Бекболот Касаболотов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Комитет Таштанбек Мойдуновдун кармалганын мыйзамсыз деп белгилеп, мамлекет анын үй-бүлөсүнө акчалай компенсация төлөп бериши керек деген чечим чыгарат. Андан кийин бул иш Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кайра каралып, сот Каржы министрлигин 500 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Министрлик Шаардык сотко кайрылып, ал жакта компенсациянын өлчөмүн 200 миң сомго түшүргөн. Жогорку Сот Бишкек шаар сотунун чечимин күчүндө калтырган.

2-мартта Октябрь райондук соту кыйноого айыпталган Жаза аткаруу мекемесинин төрт кызматкеринин ар бирин жети жылдан күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынышты. Кызматкерлердин үстүнөн үч жыл мурун тергөө абагында отурган Тимур Айткожо уулу менен Нуркемел Искендеров кыйноо боюнча арызданган. Алар соттолгондор Бишкектеги №47 абактын жетекчисин бычактоо боюнча ишти өздөрүнүн моюнуна илүүнү көздөп, уруп-сабаганын айтышкан. Абак кызматкерлери өздөрүнүн күнөөсүз экенин билдирип келишет.

10-апрелде Москва райондук соту кыйноо үчүн соттолуп жаткан мурдагы милиционерлерди камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Учурда алар Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда 2015-жылдын 13-январында Москва райондук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн үч кызматкери үч адамды эки күндөй мыйзамсыз кармап кыйнаган. 2015-жылдын 3-апрелинде аларга Кылмыш кодексинин 305-1- беренеси (кыйноо) менен иш козголгон.

Бул окуяларды белгилеген укук коргоочулар кыйноого айыпталган күч кызматкерлери сот тарабынан жоопкерчиликке тартылып жатканы башкаларга сабак болот деп эсептешет. Көп жылдан бери жабык жайлардагы кыйноого каршы күрөшүп келе жаткан "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова:

- Акыркы бир жарым айда иштер бүтүп, туура чечимдер чыгып жатканы кубандырат. Бул убактылуу эмес деп үмүттөнөм. Бирок ошентсе да милиция кызматкерлеринин кыйноосунан каза тапкан айрым адамдардын иши аягына чыкпай турат. Кыйноого айыпталган кызматкерлердин соттолуп, жоопкерчиликке тартылып жатканы башка күч кызматкерлерине сабак болот деп ишенем.

Ички иштер министрлиги кызматкерлерине шектүүлөрдөн көрсөтмөлөрдү зордук-зомбулук менен алуунун мыйзамсыздыгы тууралуу такай эскертилип келерин белгилөөдө.

Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери ички коопсуздук кызматы тарабынан да тыкыр иликтенет:

- Бул маселе боюнча дайыма чогулуштарда эскертилет. Үч айлыктын жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйналыштарда да айтылат. Анткени, бүгүнкү күндө коомчулук буга өзгөчө мамиле жасап, көз кырын салып турат. Ошондуктан, милиция кызматкерлери кылмышты далилдей турган фактылары, далил заттары болгондо гана аны карай турган көрсөтмөлөр берилип жатат. Иш жүрүүдө. Бирок ага карабастан айрым кызматкерлердин андай терс жолго түшкөнү өкүнүчтүү. Ошентсе да, минтип кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган милиция кызматкерлери акыркы убактарда азайды деп айта алам.

Койлубаева: Айып пул жеңил жаза

Ал эми укук коргоочулар кыйноолор боюнча прокуратура козгогон кыйла кылмыш иштери аягына чыкпаган бойдон жабылып калып, шектүүлөр кызмат орундарында калып жаткан учурлар да аз эмес экенин айтышууда. ​

Ал эми "Кыйноолорго каршы коалициясы" бейөкмөт уюмунун укук коргоочусу Асел Койлубаева кыйноо көрсөткөндөргө айып төлөтүү жеңил жаза деген пикирде.

"Азаттык": Кыйноо боюнча айыпталгандар боюнча бир нече сот өкүмү чыкты. Айыпталгандар тиешелүү жаза алдыбы?

Асел Койлубаева: Кыйноого шектүүлөрдү жазага тартканга соттор да аракет кылып жатат. Бирок ал толук канааттандырбайт. Мисалы, Жогорку Сот чыгарган өкүм боюнча жабык жайларда кармалгандарга "запкы көрсөттү" деп шектелген милиция кызматкерлеринен акчаны өкмөткө өндүрүп беришти. Бирок жабыркаган тарапка эч кандай моралдык компенсация өндүрүлгөн жок. Акча түрүндө төлөөгө милдеттендиргенде булар аз-аздан төлөп, өмүр бою кутулуп койсо болот. Бул алардын толук жаза албаганын түшүндүрөт. Ошондуктан биз мындай өкүмгө нааразылык билдиребиз.

"Азаттык": Сиздер кандай өкүм күттүңүздөр эле?

Асел Койлубаева: Биздин баамыбыз боюнча, мындай кылмыш иштери менен катаал жаза чыгышы керек. Булар эркинен ажыратылып, жабык жайларда камакка отургузулушу керек болчу. Анткени кыйноо азыркы убакта абдан оор кылмыш болуп саналат.

"Азаттык": Бул өкүмдөр көп убакытка созулган териштирүүдөн кийин чыгарылды. Алардын созулуп жатканынын себептери эмнеде?

Асел Койлубаева: Биз көп жылдан бери кыйноолорго байкоо салып келе жатабыз. Ар бир соттук териштирүүнү толугу менен санап чыгып, толук анализ жүргүзө элекпиз. Бирок ошондой демилгени көтөрүп жатабыз. Эмне үчүн соттук жараяндар узак убакытка созулуп кетет? Бизде алты-жети жылдан бери аягына чыкпай келе жаткан иштер бар. Өкүм чыгарга келгенде ушинтип айып пул түрүндө эле жаза берилип калууда. Бизде да ушундай эки өкүм бар. Айып пул эле салып коюшкан. Буга негизинен биринчи кезекте коррупциялык элементтер негиз болууда деп эсептейбиз. Анткени, милиция, сот бири-бири менен түздөн-түз сүйлөшүүсү мүмкүн. Мындан тышкары президент айтып жаткан реформа сотторго эч кандай таасир эткен жок. Мурдагыдай эле туура эмес чечимдер чыгып, териштирүүлөр узакка созулуп жатат. Өзгөрүү байкала элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG