Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

Cаясий партиялар өз кызыкчылыгын кылмыштуу топтор аркылуу коргоого өттү деген канчалык чындыкка дал келет?

“Азаттык” бул ирет Кыргызстандагы саясий партиялар ортосундагы атаандаштыктын күңгөй-тескейин арай көз чарай талкуулады.

Анда Кара-Суу шаардык кеңешке шайлоо учурунда чыккан чатакты атаандаштыктын бир көрүнүшү катары кароого болобу, өз кызыкчылыктарын ок атышуу, бычакташуу сыяктуу кылмыштуу жолдор аркылуу коргоо келерки шайлоо жараяндарында өнөкөткө айланып кетпейби, саясий партиялар өз кызыкчылыктарын кылмыштуу топтор аркылуу коргоого өттү деген айың кеп кайдан чыгып атат, Кара-Суу шаарындагы шайлоо жаңжалы башка шайлоо өнөктүктөрүндө кайталанбашы үчүн кандай чаралар керек деген маселелер көтөрүлдү.

Талкууга “Ата Мекен” саясий партиясынын, парламенттеги фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев, Социал-демократтар партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, “Ар-намыс” фракциясы аркылуу каржы министри болуп иштеген Акылбек Жапаров катышты.
Талкуунун 2-бөлүгү

“Азаттык”: Кара-Суу шаардык кеңешке шайлоодогу жаңжалдын мыйзамдык жактарын тиешелүү органдар, шайлоо комиссиясы териштирер. Биз болсо шайлоонун сабактарын талкуулайлы деп атабыз.

Маалым болгондой, бул шайлоого Кыргызстанда катталган 7 партия катышып, бир орунга ондон талапкер туура келиптир. Алардын катарында бийликтеги Социал - демократтар, “Ата Мекен” партиялары, андан тышкары аздыр-көптүр атын чыгара баштаган “Замандаш”, “Өнүгүү” сыяктуу партиялар бар экен. Кыргызстанда 180ден ашык партия бар экендигин, келерки-аркы жылдары Ош шаар мэрин шайлоо, Жогорку Кеңешке шайлоо сыяктуу чоң өнөктүктөрдү эске алганда, Кара-Суу окуясы ыктымал чыр-чатактарга берилген бир белги эмеспи?


Акылбек Жапаров: Саясий күрөш мыйзам чегинде жүрүшү үчүн биз парламентти, өкмөттү, президентти шайлаганбыз. Тилекке каршы, саясий эки партиянын ортосунда кан төгүлүп кетиши (Кара-Суу шаардык кеңешке шайлоодо КСДП, “Өнүгүү” партияларынын үч тарапкери октон жана бычактан жабыркап, ооруканага түшкөн- ред.) бөлөк араб өлкөлөрүндөй эле ким күчтүү болсо жеңет деген жарандык согуштун астындагы шартка алып келип койду бүгүнкү бийликте тургандарды. Күч монополдуу түрдө өкмөттүн колунда болгондо бийлик күчтүү болот. Монополдуу күч деген ок атуу мүмкүнчүлүгү өкмөттүн ичинде тартип коргоо органдарында эле болушу керек. Тилекке каршы биз ошол укуктан ажыраган өкмөттү көрүп атабыз. Таластабы, Нарындабы, Жети-Өгүздөбү - бүт жакта милицияларды сабап, погондорду жулуп, аларды көзүнө илбей, эл өзүм билемдикке өтүп баратат.


Муну эч качан саясий күрөштүн, жергиликтүү бийликтин алсыздыгы менен баалабашыбыз керек. Менин оюм боюнча, коалициялык көпчүлүк өкмөткө тапшырма берип, өкмөт өзүнүн отурумунда так иликтеп чыгып, күнөөлүүлөрдү жоопко тарта баштоосу зарыл. Же район жетекчиси, же айыл өкмөтү кетпей же алардын башында турган саясий лидерлердин бири да жоопкерчиликке тартылбагандыктан, жарандык согуштун, хаостун атында турганыбыз белгиленип атат.


Жоопкерчиликсиз мамиле болсо жат көрүнүштөр боло берет. Саясий партиялар мыйзамдан четке чыгып, кан төгүү менен кете турган болсо же 1917-жылкыдай революцияга алып келет же криминалдык структуралар Кыргызстанды он чакты аймакка, базарга бөлүүгө ыңгайлуу болуп калат.

​Өмүрбек Текебаев: Бийлик менен криминал Бакиев убагында аралаша баштаган. Бирок, жаңы бийлик келгенде андан кутулдук деп айта албайбыз. Шайлоо убагында кээ бир криминалдык чөйрө менен карым-катнашы бар адамдардын парламентке жана жергиликтүү бийликтерге келгендиги жашыруун эмес. Жакында жергиликтүү шайлоо болгондо да ар кандай криминалдык тарыхы бар адамдар тигил же бул партиялар аркылуу жергиликтүү кеңештерге өткөнгө аракет кылды. Көптөгөн партиялардын ичинде “Ата мекен” жана СДПК партиялары да андайдан куру эмес. Бул эки партияда бирден депутаттар бар экен.

“Азаттык”: Мисалы, “Ата Мекенден” “Джин” деген каймана ат менен белгилүү депутат...

Өмүрбек Текебаев: Кара-Көл шаарында Алтынбек Арзыматов ("Джин" - ред.) деген жигитти жергиликтүү партиялык уюм кошуп койгон экен. Биз аны алдыртканга аракет кылдык. Бирок, ал депутат болуп шайланды, жакында кылмыш кылып, соттолду. Жергиликтүү фракция анын мандаты алынсын деп эки күн мурун добуш берди. Тилекке каршы мэр жана “Өнүгүү” фракциясы калсын деп, аны коргоп добуш беришти. Ал азырынча депутат. Бирок, биз муну менен токтобойбуз, БШКга жазабыз. Алтынбек Арзыматовдун мандаты алынышы керек.

Бизде жергиликтүү партиялык уюмдар кээде принципиалдуу, сак болбой, ушундайларды киргизүү болгон экен. Кээ бир партиялар криминалдык күчтөрдү колдонуу аркылуу шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүп жатышат. Ошондуктан, күч колдонуу көнүмүш адатка айланып бара жатат.

“Азаттык”: Эми ошол азаят деп айта аласызбы?


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз


Өмүрбек Текебаев: Жаңы президент криминалга каршы күрөш жарыялаган. Алгачкы учурда натыйжалуу болгон. Бирок, акыркы кездери алар кайра баш көтөрө баштады. Вирустардай болуп жолун таптыбы, айтор. Мына ушундан улам Атамбаев сентябрдан баштап криминалга жана коррупцияга каршы күрөштүн экинчи баскычын баштайбыз деп жарыялап атат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG