Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Бийлик убадасына турабы?


Кыргызстанда мамлекеттик ишмерлер жана саясатчылар качан, кандай убадаларды беришет жана аны аткарышабы?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси, депутат Чыныбай Турсунбеков, Politmer.kg долбоорунун өкүлү Наргиза Нанакеева жана “Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукулов.

“Азаттык”: Politmer.kg долбоорунун маалыматы боюнча, өткөн жылы саясатчылар берген убадалардын 36сы аткарылган эмес, дагы 40тан ашууну белгисиз бойдон калган экен. Кыргызстанда мамлекеттик ишмерлер жана саясатчылар качан, кандай убадаларды беришет?

Наргиза Нанакеева: Politmer.kg долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөт, президент, анын администрациясында иштеген айрым кызматкерлердин убадаларын көзөмөлдөйбүз. Болжол менен 60 чакты адамдын орус жана кыргыз тилинде 600дөй убадасы бар.

Бизде көбүнесе социалдык темада убадалар көп берилет экен, андыктан өкмөт мүчөлөрү берген убадалар да арбын. Ошондой эле өзгөчө шайлоо кампаниялары учурунда убадалар көп берилет.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Шайлоо убагында берилген убадалардын айрымдары гана аткарылбаса, көбү аткарылбайт. Шайлоо маалындагы убадалар элди тартуунун гана бир жолу дегенге кошуласызбы?

Чыныбай Турсунбеков: Жок, кошулбайм. Убадалардын эки түрү бар. Биринчиси - партиялардын уставы, программасына жараша убадалар. Ал партиянын ичиндеги жеке адамдыкы эмес. Ал курултайда же саясий кеңешинде талкууланып, кайсы маселелерди чече алабыз, эмнеге убада беребиз деп кеңешип, ошондон кийин эл алдына чыгабыз. Бул командалык принциптерге таянган убадалар. Биз өзүбүздүн берген убадаларды мүмкүнчүлүктүн жетишинче аткарып жатабыз деп эсептейбиз.

Экинчиси - депутаттын эл менен жолугушуу учурундагы айткан сөздөрү, убадалары. Ошого жараша алардан сурак болуш керек. Сөзсүз түрдө убадаларды ойлонуп бериш керек.

“Азаттык”: Бир топ убадалар аткарылбай калыптыр. Аларды биз популисттик убадалар же эл алдында өз беделин көтөрүү аракети деп бааласак болобу?

Адил Турдукулов: Албетте ошентип бааласак болот деп ойлойм. Ырахматылык Мелис Эшимканов Асанбай аймагынан талапкер болуп жатканда “бир топ убада берип койдум, эми аны аткарыш керек. Андай болбосо депутаттык мандатка барбай деле койсо болот”, - дегендей ой айткан.

Өзгөчө шайлоо кампаниясында депутаттар куру убадаларды көбүрөөк берет, ага баарыбыз күбө болуп жатабыз. Пропорционалдык системанын бир мандаттуу системадан көп эле артыкчылыгы бар.

Бирок терс жактары да жок эмес. Биринчиден, партиялардын шайлоочулар алдында жоопкерчилиги жок. Бир мандаттан шайланган депутаттар айткан сөзүнө турбаса, кийинки шайлоодо жеңишке жетпей калчу. 20 жылдын ичинде бир чыга калып, анан жок болуп кеткен канчалаган саясатчыларды көрдүк.

XS
SM
MD
LG