Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Жаңы өкмөт өкчөлө баштады


Мамлекет башчысы Роза Отунбаева техникалык өкмөттү кетирип, жаңы өкмөттүн курамын бекитүү тууралуу жарлыка кол койду. Бирок коомчулукта жаңы өкмөттүн партиялык кызыкчылыктар боюнча бөлүштүрүлүшүнө нааразылык жаралды.

Өкмөт үйүндө мамлекет башчысы Роза Отунбаева парламент тарабынан колдоо тапкан 18 министрди, бир комитет жетекчисин жана төрт вице-премьер-министрди бекиткен токтомго кол койду.

Мындан сырткары ал өзүнүн жарлыгы менен буга чейин иштеп келген коргоо министрин жана улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилерин кызмат ордуларында калтырды.

Бийлик жаңы өкмөткө өттү

Роза Отунбаева ушуну менен Кыргызстанда бардык бийлик бутактары мыйзамдашкандыгын белгиледи:

- Биздин элибиз апрель айынан бери күтүп жаткан турган мыйзамдуу бийлик толук орноду. Ары же бери боло албай саясий абал туңгуюкка барып такалабы деген күмөн саноолор тынчсыздандырып турган эле. Башкаруучу коалицияны түзүү боюнча экинчи аракет оңунан чыгып, Жогорку Кеңеш түзгөн өкмөткө биз бийлик укуктарын жана милдеттерин ыйгарганы турабыз.

Андан соң жаңы министрлердин жумушка киришүүсү жарыяланып, техникалык өкмөттүн курамы кызматын өткөрүп берди.

Азимбек Бекназаров
Жыйналышта сөз алган укук коргоо органдарынын иштерин көзөмөлдөө боюнча өкмөттүн мурдагы орун басары Азимбек Бекназаров башкаруучу коалицияга кирген үч фракция калган саясий күчтөр менен эсептешпестен, өздөрүнүн партиялык кызыкчылыгын мамлекеттикинен жогору коюшту деп айыптады:

- Парламенттик шайлоодо жеңген партиялар жалпы шайлоочулардын отуз алты пайызын гана алышты. Мындан сырткары башка партияларга добуш берген же шайлоого келбеген калктын үнү бар. Кеңейтилген коалиция болсо, өкмөт туруктуу болот го дедик эле. Өкмөттүн курамын карасак, мурдагы эки президенттин үй-бүлөсүн тейлеген адамдар кайрадан жетекчилик кызматтарга келип жатышат. Максимдин жанында жүрүп, кеңешчи болгондор азыр башка партиялардын тонун жамынып келип отурушат. Партиялык кызыкчылык деп эле кечээ эл кимдерге нааразы болуп чыккандыгын унутпашыбыз керек.

Кол ийрисине тарттыбы?


Жаңыдан түзүлгөн өкмөттүн үчтөн бир бөлүгү мурдагы бийликте иштеп келген жетекчилерден турат. Энергетика министрлигине “Республика” фракциясынан көрсөтүлгөн Аскарбек Шадиев бекитилди. Ал мурдагы президент А. Акаевдин учурунда Баткен облусунун губернатору болсо, К. Бакиевдин бийлигинде “Ак Жол” партиясынан депутат болуп, парламенттеги каржы жана бюджет комитетин жетектеген.

Аскар Шадиев өзүн партиялык кызыкчылык менен кызматка келдим деп эсептебейт:

- Мен андай деп ойлобойм. Учурда өкмөт мүчөсү болуп келген инсандар бардыгы мамлекет кандай абалда тургандыгын түшүнүп турушат. Баарында "элим үчүн иштеп берейин" деген ою бар. Парламенттик мамлекет болгонубуздан кийин партиялык кызыкчылыктан мурун жалпы элдин кызыкчылыгы албетте бийик турат. Биз мурда да элге таза жана акыйкат кызмат кылганбыз. Азыр да ошондой эле максатта элге таза кызмат кылалы деп келе жатабыз.

Алмаз Атамбаев жана Акматбек Келдибеков
Буга чейин башкаруучу коалициянын курамына кирген фракция лидерлери өкмөт партиялык кызыкчылыктардан мурун, жетекчилердин кесиптик деңгээлине карап тандала тургандыгын убада кылышкан болчу.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов жаңы өкмөттүн курамы өз ара эсептешүүлөрдүн жана тааныштыктын негизинде түзүлгөнүнө токтолду:

- Алардын аты-жөнүн көргөндөн кийин өкмөт мүчөлөрүнүн куда-сөөк, жек-жаат, таяке-жээн, дос жана жанагы шайлоонун алдындагы “взносторду” көп төлөгөндөр экендигине күбө болбодукпу. Алардын бийликке келип жатышы өкүнүчтүү. Бирок аларды эл тандады. Ошондуктан биз мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Алар иштеп көрүшсүн эски адаттары боюнча. Анан эл чындыгында кандай адамдарды шайлап алганын өзү көрсүн.

Пайдасынан жүгү оор

Ошол эле учурда оппозицияда калган фракциялар өкмөттүн түзүмүнүн өтө эле кеңдигине каршылыгын айтып чыгышты. Мурдагы президенттер Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин учурунда министрликтердин саны он экиден он төрткө чейин болсо, азыркысы он сегизге жетип кеткен.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов мындай түзүмдүн мамлекеттик казынага күч келтиргенден башка пайдасы жок деп эсептейт:

- Биз башкарууга кете турган чыгымдарды кыскартуунун ордуна кайра министрликтердин санын көбөйтүп, элдин жүгүн оорлотуп жатабыз. Өкмөт башчысы ишке жайгаштыруу бюросунун жетекчиси катары тиешелүү фракциялардын адамдарына кызмат таап берүү үчүн гана министрликтердин санын көбөйтүп жаткандай элес калтырат.

Ошол эле учурда аймактардан парламентке район, облустардын жетекчилерин алмаштырбоо боюнча кайрылуулар түшүп жаткандыгы айтылды. Анткени партиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша жергиликтүү бийликтин жетекчилери да кызматтарынан алынабы деген суроолор кабыргасынан койулууда.

XS
SM
MD
LG