Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Тарыхка из салган өлүм


Шералы Назаркулов ачкачылык акциясы учурунда. 2002-жыл.
Шералы Назаркулов ачкачылык акциясы учурунда. 2002-жыл.

Шералы Назаркуловдун жакындары анын атын Бишкектеги мектепке жана өзү туулуп-өскөн айыл өкмөтүнө берүүнү өтүнүшүүдө. Шералы Назаркулов акаевдик режимге жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга жең ичинен берилишине каршы ачкачылык жарыялап жатып, акциянын 22-күнү, 2002-жылы 7-февралда ажал тапкан.

Мындан он эки жыл мурун 15-январда Бишкектеги Айыл чарба министрлиги жайгашкан имараттын 7-кабатындагы чакан бөлмөдө Үзөңгү-Кууштун Кытайга жең ичинен берилүүсүнө каршылык иретинде саясий ачкачылык башталган. Ошол бөлмө бүгүн анда ачкачылык кармап отуруп, каза тапкан Шералы Назаркуловдун музейи. Назаркуловду эскерүү 4-февралда ушул чакан бөлмөдө өттү. Он эки жыл мурун Назаркулов менен бир бөлмөдө карандай суу ичип, акаевдик режимге каршылыгын билдирип, саясий ачкачылык кармап отурган кишилердин бири Жүрсүн Токтоболотов Шералы Назаркуловдун өлүмүнөн кийин да ачкачылыкты токтотпой, улантканын эскерди.

Назаркуловдун өлүмү – кыргыз тарыхында чоң бурулуш жасады

Назаркуловдун жанында 41 күнгө чейин наар албай ачкачылык кармагандардын бири Муратаалы Турдубаев биресе мекендин бүтүндүгү үчүн ачкачылык кармаганына сыймыктанса, биресе ошол саясий иш-чарадан кийин ден соолугунан ажыраганына өкүнгөнүн айтты:

Ачкачылык кармагандар.
Ачкачылык кармагандар.
- Үзөңгү-Кууш Кытайга берилиптир, аны элге алып чыккан депутатты камаптыр деген маалымат чыгары менен Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен ачкачылык акциясын баштаган аксылыктарга кошулдук. Сыймыктанганым, ошол мезгилде бийликтин каарынан коркпой, чыныгы мекенчилдигибизди көрсөткөнүбүз. Өкүнгөнүм, биринчиден, Шекем өмүрүн, биз ден соолугубузду берип талашкан Үзөңгү-Кууш Кытайга кете берди. Экинчиден, Шекем арабызда жок. Үчүнчүдөн, биз ден соолугубуздан ажырадык, мен эки жолу инсульт алып, жарымжан болуп калдым. Ошол...

Аты мектепке, туулган жерине берилсе...

2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана камакка алынган Азимбек Бекназаровдун бошотулуусун талап кылган саясий ачкачылык уланып жаткан мезгилде Шералы Назаркуловдун келинчеги көз жарып, маркум уулуна Азимбек деп ат койгон. Ошол наристе азыр Бишкектеги №80 орто мектепте 4-класста окуп жатат.

Азимбек атасы, анын эрдиги тууралуу апасынан, атасынын досторунан көп угуп, музейде сакталган гезиттерден окуп билерин айтат. 2012-жылы азыркы бийлик Назаркулов ачкачылык кармаган Айыл чарба министрлигинин имаратынын дубалына эскерүү тактасын орнотуп, ачкачылык акциясы болгон бөлмөнү “Назаркуловдун музейи” деп атаган. Ошондо маркумдун жакындары Шералынын атын Бишкектеги уулу окуган №80 орто мектепке жана Кара-Кулжа районундагы туулуп-өскөн айылына коюп берүүнү бийликтен суранышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок экенин маркумдун жесири Назгүл Назаркулова айтты:

- Ушул өтүнүчтөрдүн баарын Роза Отунбаева президент болуп турганда кайрылып, тиешелүү өтүнүч - кайрылууларды, мектептин мугалимдеринин макулдугу тууралуу токтомду ага бергенбиз. Кара-Кулжадагы Чалма айылындагы айыл өкмөткө Шералынын атын берүүнү да жергиликтүү кеңеш, айылдаштары макул көрүп, өздөрүнүн макулдугун беришкен. Ошол документтердин баарын биз өкмөткө бергенбиз. Азыр өкмөт башчынын алдында жатат дешет, чечим чыкпай турат.

Эскерүүгө маркумдун жакындары, үй-бүлөсү, он эки жыл мурун Назаркулов менен бир бөлмөдө карандай суу ичип, акаевдик режимге каршылыгын билдирип, саясий ачкачылык кармап отурган кишилер келип катышты. Иш-чара Шерали Назаркулов атындагы коомдук фонддун демилгеси менен уюштурулду.

Шералынын өлүмү түстүү ыңкылаптардын башаты болду

1999-жылы август айындагы кыргыз-кытай макулдашуусунун негизинде Ысык-Көл тараптагы Үзөңгү-Кууш тилкеси Кытайга берилгенин 2001-жылы ошол туштагы ЖК депутаты Азимбек Бекназаров аныктап, калың журтка жарыялаган. Бекназаровду бийлик Токтогул районунда сот болуп иштеп жаткан учурда кылмыш ишин мыйзамсыз жаап койгон деген негиз менен камакка алган.

Саясий ачкачылык Бекназаровду камактан бошотууну талап кылып жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилүүсүнө каршылык иретинде 2002-жылы 15-январда башталган болчу. Анын 22-күнүндө Шералы Назаркуловдун мерт болушу да бийликтин кайдыгерлигине таасир эте албай, ал кийинчерээк Аксы окуясынын чыгышына, андан алты кишинин набыт кетүүсүнө алып келген.

Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү. 2010-жыл.
Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү. 2010-жыл.
Аксы окуясынын катышуучусу, Шералы Назаркулов атындагы коомдук фонддун жетекчиси, укук коргоочу Турсунбек Акун Назаркуловдун өлүмүнөн мурдагы бийликтер эле эмес, азыркы бийлик да сабак албады деген пикири менен бөлүштү:

- Тилекке каршы Шералынын өлүмү акталган жок. Былтыр эле өкмөт башчы келип, ушул музейди ачкан. Аны менен кошо толгон-токой бийлик ээлери келишкен, Кара-Кулжага барышты, Аксыга барышты. Мына бир жыл өттү, быйыл бийликтен эстеп койгон киши жок. Баягы эле достору, курбалдаштары, үй-бүлөсү калды. Бийлик баягы эле бийлик. Шералынын өлүмү демократиянын, азыркы адам укугунун абалына чоң таасир берди. Кыргыз тарыхында чоң бурулуш болду. Бирок ал өлүмдү азыркы бийлик баалабай кала берди.

Байкоочулардын баамында, 2002-жылкы ачкачылык акциясы аркылуу мамлекет башчыларынын туура эмес жүргүзүп жаткан саясаты коомчулукка жетип, андан кийинки 2005-жылкы март, 2010-жылкы апрель окуяларынын башаты болгон.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG